Нарын: өмүрдөн көмүр кымбатпы?

Нарын

Нарын шаарынын жылуулук берүү ишканасынын калаанын чок ортосуна сактаган беш миң тоннадан ашык көмүрү анын айланасында жашаган тургундардын нааразылыгын жаратты.

Шаар тургундары көчө башталган жерде тоодой үйүлгөн көмүрдүн чаңынан улам көө болуп, баса албай калганын айтышууда.

Ал эми жылуулук берүү ишканасы көмүрдү сактоого шаардык Айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгынан уруксат алганын айтып, ушул жылдын аягына чейин эч кайда кетпесин билдирүүдө.

Көчөгө төгүлгөн көмүр

Нарын шаарынын Чаначев көчөсүндө шаардык жылуулук берүү ишканасы жайгашкан. Ал жерде сакталган беш миң тоннадан ашык көмүрдөн чыккан чаң жанындагы үйлөрдүн ичине чейин кирет. Мындан улам ал жерде жашагандар ишкана көмүрдү башка жерге ташып кетсин деген талап менен шаардык мэрияга бир нече ирет кайрылып, бирок ушул убакытка чейин майнап чыга элек. Алардын бири Миргүл "Азаттыкка" буларды айтты:

- Балдар үйдөн чыкканда көө болуп мектепке барып, кайра көө боюнча үйгө келет. Күнүгө жуунтам. Кирди да күнүгө жууйм. Жайында башкалар үйүнө таза аба кирсин деп эшик-терезесин ачып койсо, биз тескерисинче кымтылап жабабыз. Булардын от жаккан жери башка жакта, ошол жакка ташып барышат. Эмнеге жаккан жерине төкпөгөнүн сурасак, ууру-кескилерден сактануу үчүн ушундай кылып жатканын айтышты. Андай болсо камераларды койсо болот да, бизди кыйнабай.

Нарын

Ал эми жылуулук берүү ишканасынын жетекчиси Улан Айтиев көмүр сактоо үчүн Айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгынан уруксат алганын билдирүүдө. Ал өткөн кыштан ашып калган 3700 тонна көмүрдү быйыл жагып бүтүшсө, кийин келчү көмүр башка жакка төгүлөрүн айтты:

- Биз 2010-жылы Айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгынан ​уруксат алганбыз. Уруксатыбыз бар үчүн ошол жерге сактап жатабыз да. Күнүгө бир-экиден Камаз көмүр төгүп, аны кайра ташып кетип эле элге зыяны жок иштеп келгенбиз. Жаныбызга бала бакча салынгандан бери ушул маселе чыгып жатат. Эми ошол жердеги болгон көмүрдү жагып бүтсөк, эски имаратыбызга эле төгүп, ишибизди уланта беребиз.

Жылуулук ишканасынын жетекчиси шаардын ортосуна көмүр төгүүгө уруксатыбыз бар дегени менен, Нарын аймактын Айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгынын башкы адиси Равшан Турсунбаев аны төгүнгө чыгарды:

- Булар отканадан чыккан түтүн боюнча бизден уруксат алган. Ал эми көмүрдү сактоого уруксат берилген эмес. Алар экологиялык паспорт даярдашканда көмүр сактоо үчүн башка жерди көрсөткөн. Биздикилер ошон үчүн кол коюп беришкен, бирок азыр таптакыр башка жерге төгүп жатат. Эми кошуналарынан арыз түшүп жатат, биз алгыла деп талап койгонбуз, бирок азыркы күнгө чейин албай келишет.

"Көмүр чаңы зыяндуу эмес"

Ал эми Нарын облустук санитардык-эпидемиялык станциясынын башкы дарыгери Туратбек Мурадилов көмүрдүн чаңы адамдын ден соолугуна олуттуу деле зыян келтирбесин айтууда.

Нарын.

- Көмүрдүн чаңы ашып кетсе 10 же 20 метр гана учат. Анткени анын чаңы оор болот. Ал эми адамдын ден соолугуна анча деле зыян келтирбейт. Анын үстүнө көмүр качан машинадан түшүрүп жатканда гана чаңдайт. Эми жылуулук берүү ишканасынын төккөн көмүрү боюнча айтсак, алар чынында өзүмбилемдик менен түшүрүп алган. Бирок аймак алардыкы, эмне кылса өздөрү билет.

Нарын аймактык экологиялык жана техникалык инспекциясы бул ишкана экологияга олуттуу зыян келтирип жатат деп доо койду. Аталган инспекциянын инспектору Жоробек Казакбаев буга чейин да жылуулук берүү ишканасына бир нече ирет эскертүүлөр берилген дейт:

- Азыр бардыгы эле экотехинспекция уруксат бериптир деп айтып жатышат. Биз түшүнүрүп отуруп тажадык. Биз уруксат берчү эмес, көзөмөл кылуучу мекемебиз. Эгер көмүрдүн чаңынын зыяны жок болсо, анда санэпидем станция, Айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгы бизге көрсөтмө беришсин да. Эмнеге санэпидем станция ошол көчөдөгү көөнү карабайт, алардын жумушу базардагы кичине ашканаларды коркутуу менен гана чектелеби?

Нарын шаардык жылуулук берүү ишканасынын бир жылда 4000 тоннага чукул көмүр керектейт. Бирок 25 пайыздык резерв менен көмүр жыйналгандыктан өткөн жылы жети миң беш жүз тонна көмүр түшүрүлгөн.