Кыргызга келин болгон жапон кызы

Кыргыз жигити менен жапон кызынын ортосунда куралган үй-бүлө.

Жапон кызы Йоко кыргыздын алыскы тоо арасындагы Нарын шаарынан бактысын тапканына үч жыл болду.
Йоко 2007-жылы Жапониядан Кыргызстанга ыктыярчы катары келген. Нарын шаарындагы мектептердин биринде жапон тилинен сабак берип жүрүп Жанарбек менен таанышат. Ошентип эки жаштын жылдызы келишип, бир жылдан соң баш кошот. Андан бери бир уул, бир кыздуу болушту.

Жанарбектин ата-энеси Нарын шаарында турганы менен түбү Нарын районунун Кеңеш айылынан болот экен. Жакында ушул айылда “Ынтымак” фестивалы өттү. Дөбөлү айыл округунун демилгеси жана Нарындагы жапон ыктыярчылардын көмөгү менен уюштурулган бул салтанатка Жапониядан келген куда-сөөктөр – Йоконун ата-энеси да туш болушту.

Кудалар
Салтанатта Кеңеш айылынын аксакалы Муканбет Арыков жапон кудаларына көөдөндөн чыккан тилегин багыштады:

- Бул “Ынтымак” фестивалында жапон кудалар менен таанышып, абдан жакшы ынтымакта сүйлөшуп атабыз. Биздин Кеңеш айылы жапондуктар менен куда-сөөк болобуз. Алар келишти, тосуп алдык. Мына чогуу майрамдап турабыз.

Фестивалдын учурунда биз кудаларды да сөзгө тарттык.

Алыскы Күн чыгыш өлкөсүнөн келин күткөн Букен Өмүрбекова уулу жапон кызына үйлөнөөрдө алгач кыжаалат болгонун жашырбады:

- Уулдарымдын улуусу жапон кызын алды. Куда болгондо эми кандай? Кудалардын статусу бирдей да, кыргыз болобу, жапон болобу биз үчүн, жеке мен үчүн. Нарында турабыз, түбү Кеңештик болобуз. Адегенде уулум үйлөнөм дегенде сарсанаа болгом. Кандай болот деп, бекер эле сарсанаа болуптурмун. Жапондор акылдуу, баарын түшүнгөн калк болот турбайбы.

Нарынга келин болгон Йокодон кыргыз жигитине турмушка чыгышын ата-энеси кандай кабыл алганына кызыктык:





- Жакшы, албетте жакшы. Ата-энеме да жакты. Ошон үчүн эки бала төрөдүм да. Ата-энеме Нарын аябай жакты, кечээ Салкын-Төргө бардык. Аба таза дейт.

Жаңы келин болуп келгенде Йоко биринчи болуп боорсок бышырганды үйрөнгөн экен:

- Мага боорсок жасаган жагат. Мен турмушка чыкканда эң биринчи үйрөнгөн нерсе да. Анан жалгыз жасабай кошуна эжелер, жеңелер болуп чогуу жасайбыз. Боорсок жасаган аябай бактылуу учур, бактылуу салт деп ойлойм.

- Сизге жакпаган салтыбыз да бар чыгаар?

- Жакпаган... жакпаганбы?... Жок! Салт деген салт да.

Йоконун Жапониядан келген апасы Йошико Наката ар бир үй-бүлөнүн салты ар башкача, аны сыйлаш керек дейт:

- Кызым кыргызстандыкка турмушка чыкканда ойлондум, эми кыргыз салттары биздин жапон салттарынан айырмасы болсо керек деп. Бирок кандай болсо да көнүш керек, үйрөнүш керек...

Йокого үйлөнгөн Жанарбек Чыңгышов болсо келинчеги өз фамилиясына катталып, ислам динин кабыл алганына ыраазы:

- Йоко экөөбүздүн ортобузда чоң сүйүү пайда болгон үчүн үйлөндүк да. Үйлөнөрдүн астында Жапонияга барып, ата-энесинен уруксат алдык. Нике кыйылаарда Йоко ислам динин кабыл алды. Азыр үйдө кыргызча сүйлөшөбүз.

Кыргыз-жапон улутунан куралган бул үй-бүлөнүн эки баласы бар, улуусу Умар, экинчиси Сакура аттуу кыз. Йокону көз жеткис Жапониядан Теңир-Тоого келин болот деп ким ойлоптур. Нике кайып, дүйнө кең да, тар да деген ушул болсо керек.