Президенттен жооп күткөн депутаттар

Нарын.

Ат-Башы районундагы Кара-Суу айылдык кеңешинин депутаттары президентке жиберген кайрылуусунун жообу үч айдан бери келбей жатканына кабатыр.

Алар быйыл август айында жергиликтүү бийликтин ишине нааразылык иретинде өзүн өзү таркатуу тууралуу чечим кабыл алышкан. Андан бери бул айылдын депутаттары же толук иштей албай, же тарап кете албай арасат абалда жүрүшөт.

Ушул жылдын 8-августунда Кара-Суу айылдык кеңешинин 21 депутатынын 14ү өзүн өзү таркатууга макул болуп, чечимге кол коюшкан.

Айылдык кеңештин төрагасы Жаныбек Иманкулов буга чейин айыл өкмөтүнүн жетекчилиги каржылык мыйзам бузууга жол бергени тууралуу прокуратурага жана жогорку бийликке кат жазган экен. Бирок чара көрүлбөгөнү үчүн ушундай кадамга барууга аргасыз болгонун айтууда:

Жаныбек Иманкулов.

- Айылдык кеңештин депутаттарын аким укпайт, прокурор укпайт, Жогорку Кеңеш да укпайт экен. Мен премьер-министрге эки жолу кайрылдым. Анда бул кызматты Темир Сариев аркалап турган. Экинчи жолу ошол кездеги өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековго кат жазгам. Ал да уккан эмес. Президентке кат жазып эле кайрылып келе жатам. Бир да жолу оңгулуктуу жооп алган жокмун. Президент өзү Коопсуздук кеңешинин жыйынында "коррупция менен күрөшөм, аны талкалайм" деп айтты эле, андан кийин теледен да ушул тема тууралуу сүйлөп жатканын угуп калдым. Ушундан жыйынтык чыгат го деп ойлогом. Жазгам катымдын жообунан дайын жок. Келген жообу бир органдан экинчисине секирип отуруп, акыры Финполиция ишти жаап койду. Азыр ким чечет, ким чара көрөт? Менин ишене турган бийлигим деле калган жок.

Айыл өкмөт башчысы Шекербек Кабаев муну куру доомат деп, мыйзам бузуу болбогонун белгиледи. Бирок депутаттар жакында эле айыл өкмөттүн тогуз айлык отчеттун канааттандырарлык эмес деп табышкан.

Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын өкүлү Жыргалбек Омокоев айылдык кеңеш жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдын процедураларын толук сактабагандыктан аларга жооп келбей жатышы ыктымал экенин айтты:

- Мыйзамда "кеңеш чечим кабыл алат" деп турбайбы. Анын процедурасы боюнча өзүн өзү таркатуу тууралуу чечим сессияда күн тартибине киргизилип кабыл алынышы керек эле. Ал эми бул кеңеште андай процедура сакталган эмес. Алар сессия өткөрүшкөн, бирок башка маселелер каралган. Качан сессия бүткөндөн кийин он бир депутат сыртка өзүнчө чыгып алып кол коюшкан. Кайрылуу түз эле президентке жиберилген. Биз "ушундай болуптур" деген маалыматты бирөөлөрдөн уктук. Эми президенттин жообун алар менен кошо чогуу эле күтүп жатабыз.

Ошол эле маалда Нарын облусунун бир катар айылдарында айыл өкмөт шайлай албаганы үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен таркаган кеңештер бар.

Маселен, кечээ жакында эле Жумгал районунун Чаек айылдык кеңеши таркатылды. Нарын шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Улан Жаанбаев бул көрүнүш тууралуу мындай ойдо:

Улан Жаанбаев.

- Бул жерде жергиликтүү кеңештин депутаттарынын билим сапаты биринчи орунда турат. Бирок азыр мыйзамга "алар жогорку билимдүү болушу керек" деген өзгөртүү кирбедиби. Антейин десең азыр ар бир экинчи киши жогорку билимдүү. Бул биринчи себеби. Экинчиси - айыл өкмөттөрдө кландык бөлүнүү пайда болгону жаңылык эмес. Тууган, дос, куда-сөөк деген сыяктуу. Бул көрүнүш айрыкча айыл өкмөттү шайлоодо өзгөчө роль ойнойт.

Айылдагы депутаттардын интригасы күчөгөн сайын "айыл өкмөттү район акими же дагы башка жогорку бийлик бутагы дайындашы керек" деген да пикирлер айтыла баштады. Айрым серепчилер мындай тартип айылдын элин эки жаатка бөлүнүүдөн сактамак дешет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.