Шайлоону жайлоодо күткөндөр

Айтбүбү бул айылда көп жылдан бери турат. Ал добуш берүүнү атуулдук милдети деп эсептейт. Шайлоо күнү жеңил урна келбесе да, жолдун алыстыгына карабай добуш берип келээрин айтат.

Айылда дүкөн жок. Алар күнүмдүк тирилик үчүн керектүү буюмдарды жана тамак-ашты апта сайын Кочкор айылына барып алып келип алышат. Анткени Кочкор айылы Нарынга караганда жакыныраак. 

Кара-Кужурдан Кочкорго чейин 100 чакырым. Айылдан менчик машинасы менен каттагандар бир кишиге 250 сом жол кире алат. Ал эми кичи автобус 200 сомдон.

Нарын шаарынан айылга 120 чакырым болгону менен 4-5 саатта жетет. Айылга келүү үчүн аска зоолорду бойлой жол жүрүп, бийик тоодогу белди ашуу керек.

Кара-Кужур айылына жайлоо катары чыккан малчылар көп. Алардын көпчүлүгү вагондо жашап, кар түшкөндө Миң-Булак айылына көчүп кетишет. Ал эми бул вагондо жашаган Айтаалы "шайлоого катышуу үчүн айылга барайын дейм, бирок малымды караганга киши жок" дейт. Ага шайлоонун жеңил урнасы келгени ыңгайлуу.

Айылдан мал союп, этин Бишкек шаарына алып барып саткандар көп. Айыл тургуну Талгат жаңы эле топоз союп бүткөн экен. 

Айылда эки кабат үй салып алгандар көп.

Айылда мектеп жоктугунан окуучулар коңшу айылга барып окушат. Жергиликтүү бийлик окуучуларды мектепке ташыган автобус уюштуруп берген. Ата-энелер айына ар бир баласы үчүн 600 сомдон төлөшөт.

Ашырбай бул айылга малчы катары башка айылдан жалданып келип, эки жылдан бери иштейт. Ал кожоюнунун малын бакканы үчүн 8 миң сом айлык алат.

Айылдагы медициналык пункттун бир башы медайымдын турак үйү.

Айылдагы ФАПта бир гана медайым иштейт. Айылдын баш-аягы 50 чакырым болгондуктан оорукчандар бир топ кыйналып калышат.

Айылда акча табуунун негизги булагы - мал багуу.

Элеттиктер малын апта аягында Кочкор айылындагы мал базарда сатышат. 

Жергиликтүү ишкерлер эки жыл мурун салган мечит.

Жайкысын чогулган суу күзгө маал көлчүк болуп калат.