Коронавирус мыкты мугалимди алып тынды

Айчүрөк Самакова.

COVID-19 инфекциясын жугузуп алган Нарын шаарындагы №2 Чкалов атындагы орто мектебинин директору Айчүрөк Самакова илдети өтүшүп кетип 7-июнда көз жумду.

Айчүрөк Самакова шаардагы №2 мектеп-гимназияны 1997-жылдан бери жетектеп келе жаткан.

Кыргызстандын эмгек сиңирген мугалими, билим берүүнүн мыктысы деген наамдарга татыган Самакова бул тармакта жалпысынан 34 жыл иштеген.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Самакованын өлүмү тууралуу буларды айтты:

Нурболот Үсөнбаев.

“Бул киши үйүндө жатып алган экен. Клиникалык белгилер чыга баштаганда тийиштүү кызматтарга кайрылып, 5-июнда ооруканага жаткырылган. 6-июнда Нарын облустук ооруканасынын инфекциялык госпиталына которулган. Абалы начарлап, реанимациялык аракеттерге карабастан 7-июнда жүрөгү токтоп калды. Диагноз койгондо коронавирустун эң оор түрү аныкталган. Эки тараптуу пневмония болгон, анемиясы да бар экен, кан басымы жогорулап кеткен”.

Айчүрөк Самакова өмүрүнүн акырына чейин мектеп бүтүрүүчүлөрүнөн онлайн экзамен алып жаткан.

Жолдошу Марат Рустемовдун айтымында, аялы күндөгүдөй эле мектепке барып-келип жүргөн.

Нарын шаары. №2 В.П.Чкалов атындагы орто мектебинин имараты

“Мектептин сабактары онлайн өтүп жаткандыктан, күн сайын түшкө чейин эле иштеп жаткан. Экзамендер башталгандан бери эки күндө бир барып жаткан. Эки экзаменди өткөрдү. Үчүнчүсүн аларда ооруп, үйдө жатып калды. Бир да күн жумуштан калган жок. Ооруканага жадырап-жайнап өзү эле басып кеткен. Биз деле “анализ тапшырып коюп келет” деп жатканбыз. Анан эле “өпкөмдө мандем бар экен, ооруканага жатып калдым” деп телефон чалды. Жашы алтымыштан өтүп калгандыктан, кан басымы жогору болчу. Башка оорусу деле жок эле”.

Айчүрөк Самакова 1953-жылы 2-июнда Нарын шаарында төрөлгөн. Үч кызды тарбиялап турмуш жолуна узаткан.

1986-жылдан 1997-жылга чейин Чкалов атындагы орто мектебинде биология мугалими, директордун тарбия иштери боюнча орун басары, кийин директору болуп иштеген. Орусиянын Москва, Санкт-Петербург шаарларындагы орто мектептер менен байланыш түзүп, өзү жетектеген мектептен ондогон окуучуну ар кандай программа менен олимпиадаларга жиберген.

Жакынкы жылдары мектепке кошумча жаңы имарат курдуруу үчүн чуркап жүргөн экен.

Нарын шаардык билим берүү бөлүмүн жетекчиси Кубан Мамбетов Айчүрөк Самакова менен бир топ жыл чогуу иштешкен. Ал кесептеши мыкты мугалим болгонун айтты:

Кубан Мамбетов.

“Эмгекчил, уюштургуч, сезимтал жетекчи катары окуучуларынын, жамаатынын, ата-энелердин эсинде калды. №2 мектептин гимназия деген макамга ээ болушуна, 2007-жылы «Даңк» медалын алып, 2010-жылы республикадагы «Шаардын эң мыкты мектеби» деген наамга ээ болушуна Самакованын эмгеги зор. Ал Чкалов мектебин эл аралык деңгээлге чыгарды. Көптөгөн долбоорлор менен иштеди. Акыркы жолу "Коопсуз мектеп" деген программа аркылуу 20 миң доллар грант тартып келген".

Учурда Самакова менен байланышта болгон кесиптештеринен жана жакындарынан коронавируска анализдер алынды. Мектептин имараты дезинфекцияланды.

Дагы караңыз COVID-19 Нарынды тооруп жүрөт

Ушуну менен Нарында COVID-19 илдетинен төрт киши көз жумду. Оору жугузуп алгандардын саны облуста 400гө чамалады. Бирок бул илдетке олуттуу мамиле кылгандар аз. Көбү “вирус жок” деген аңызга ишенип, жайбаракат жүргөнүн көрүүгө болот.

Ал эми өкмөттүн Нарындагы өкүлүнүн орун басары Касен Азизов “элге түшүндүрүү иштерин тынымсыз жүргүзүп жатканын” белгиледи:

Касен Азизов

“Түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен эле чектелип атабыз. Азыр элдин кыймылына чектөө киргизүү кыйын. Бирок эл көп топтолгон аймактарды катуу көзөмөлгө алдык. Учурда өзгөчө кырдаал режими менен иштеп жатабыз. Менимче, облуска азыр өзгөчө абал режимин киргизүүнүн зарылдыгы жок. Анткени буга чейинки вирус чыккан аймакты курчоого алып, абалды жөнгө салдык. Маселен, коронавирус илдети көп катталган Ат-Башы районунда абал турукташты. Акыркы 20-25 күндөн бери илдеттин жаңы учуру каттала элек. Бирок ошого карабай биз элдин коопсуздугу үчүн тиешелүү иштерди аткарып жатабыз”.

Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын-алуу, профилактикалык медицина борборунун вирусологу Зуридин Нурматов “элдин кайдыгер мамилеси оорунун күчөшүн тездетип жатат” деген пикирде.

Зуридин Нурматов.

“Оору мурда кайдан келип жатканы белгилүү болсо, азыр кимден жукканы белгисиз болуп жатат. Бул абдан кооптуу. Вирустун таркап кетүү коркунучу дагы эле бар. Карантин менен кошо оору да токтоп калган жок. «Мен ооруган жокмун, мага жукпайт» деген ойдон алыс болуш керек. Мен элге дагы бир жолу эскертким келет. Коронавирус алгач Кытайдын Ухань шаарынан чыкканда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун адистери «коронавируска чалдыккан адамдардын 20% илдет жугузуп алганын өздөрү да байкабай калышы мүмкүн. Бирок алар башкаларга жугузуп жүрө беришет» деп айткан. Андан кийин деле Европа менен АКШда бир катар изилдөөлөр жүрдү. Ошондуктан мен жалпы эле медиктердин, өкмөттүн, республикалык штабдын айткандарын угууга чакырам».

Жалпысынан 18-марттан 9-июнга чейин Кыргызстанда коронавирус 2055 адамдан табылды, алардын ичинен 24 бейтап кайтыш болду, 1483 бейтап айыгып кетти.

Кыргызстанда март айынын аягында башталган коронавирус пандемиясынан ушул күнгө чейин 24 киши көз жумду.

Каза тапкандардын арасында Бишкектеги №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаева, Оштогу фтизиатр-дарыгер Альберт Исмаилов, Жогорку Кеңештин мурдагы төрөгасы Мукар Чолпонбаев да бар.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​