Нарын: убайымга салган келишим

Иллюстрация

Нарын жылуулук ишканасына жалпы үч миң тонна көмүр ташып келип берген жеке ишкер ишканага көрсөткөн кызматы үчүн акысын үч айдан бери өндүрө албай жатат.

Ишкана жетекчиси болсо каражатты ишкердин эсебине которууда кагаз иштери жайында болбой жатканын айтууда.

Нарын жылуулук ишканасынын муктаждыгын карыздын эсебинен бүтүргөн жетекчиге нааразы болгон ишкер мамлекетке салык төлөй албай жатканын, мындан улам күнүгө туум өсүп жатканын билдирүүдө.

Нарын жылуулук ишканасы кышкыга көмүр камдоо үчүн өткөргөн тендерде Турук көмүр кенинде иш жүргүзгөн "Сардар" компаниясы көмүрдүн тоннасын 996 сомдон тартып келүү милдетин алган.

Бирок ортодо бул компания кандайдыр бир себептерден улам көмүр ташып берүүдөн баш тарткан. Андан соң тендерге катышкан экинчи компания "Кенч Строй" ишканага ар бир тоннасын 999 сомдон ташып берүүгө макул болуп эки тараптуу келишим түзүлгөн.

Нарын

"Кенч Строй" компаниясынын жетекчиси Кылыч Ысамамбетовдун айтымында, ал жалпы үч миң тонна көмүрдү Нарын жылуулук ишканасынан эч бир акы албай ташып берген. Келишим боюнча үч миллионго жакын каражат компанияга сентябрь айында эле которулмак:

- Булар ар кандай шылтоолорду айта берет экен. Барсаң эртең бөлүнгөнү калды, күтүп тургула, бүрсүгүнү бөлүнгөнү калды дешет. Бир күнү эсебибизде акча бар болчу, мамлекетке керек болуп калып, башка жакка которулуп калды деген жооп угасың. Булардын чыныгы кагазын көрбөгөндөн кийин шылтоосуна ишене албайт экенсиң. Бирок биз бүгүнкү күндө Нарын жылуулук ишканасына үч миң тонна көмүр тартып бердик да, анын чыгымы бар, салыгын төлөө керек. Жумушчулардын айлык акылары бар. Алардын баарын токтотуп коюп күтүп отурабыз. Бирок мамлекеттин салыгы бизди күтүп отурбайт экен. Алар кечиктирип атасыңар деп күнүгө төрт миң сомдон туум жазып жатат. Келишим боюнча булар тендер өткөндөн кийин акчанын он, жыйырма пайызын которуп бериши керек болчу, ал эми көмүрдү толук камсыз кылгандан кийин акчасын да толугу менен бериши керек деп келишим түзүлгөн.

Ысамамбетов көмүргө деп камдалган ишкананын каражаты президенттик шайлоо учурунда жергиликтүү бийлик тарабынан коротулуп кеткен деген кеп-сөздөрдү кулагы чалганын айтууда.

Ал эми Нарын жылуулук ишканасынын жетекчиси Улан Айтиев көмүр маселеси облуста саясий темага айланып кеткенин билдирди. Ал ишкананын карызы боюнча маселе убактылуу экенин, ушул тапта каражат кагаз иштери жайында болбой жаткандыктан гана кармалып турганын айтып, ушул айдын аягына чейин карыз толугу менен төлөнөт деп ишендирди:

- Биз тендерди өткөргөндө келишимде акча качан бюджеттен бөлүнгөндө гана төлөнөт деп жазылган. Бирок биз ага караган жокпуз. Бул компания менен беш жылдан бери иштешип келебиз. Жылыга карыз болбой эле төлөп берчүбүз. Быйыл гана Нарын жылуулук ишканасы "Кыргыз жылуулук энерго филиал" болуп калгандыктан кагаздарыбыз өзгөрүп, "Кенч Стройдун" эсебине которуп бере албай атабыз. Өткөндө 500 миң сом котордук. Дагы 2 млн сомдон ашуун каражат карыз болуп турабыз. Жаңы жылга чейин бүтүрөбүз. "Акча шайлоого колдонулду" деген бул базардагы аялдын сөзү. Чындыкка коошпойт.

Бюджеттик мекеме болгондон кийин эсебинде каражат жок болсо деле тендер өткөргөнгө мыйзам жол берет дейт юрист Улан Жаанбаев. Бирок түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаса, эки тарап тең сот аркылуу маселени чечип алууга укугу бар.

- Жарандык тартипте каралышы керек. Бюджетке акча түшөт деп ишенсе, тендер өткөрө берсе болот. Бирок кандай болгон күндө да көрсөткөн кызмат акы төлөнүшү керек. Болбосо келишимде үстөк пайыз көрсөтүлгөн болсо ошону колдонуу керек.

Турук көмүр кенинде Кенч Строй жана Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин жакындарына таандык делген "Сардар" компаниясы иш алып барат.

Алардын ар бирине мамлекеттик геология агенттиги тарабынан жылына 15 миң тонна көмүр казуу милдети жүктөлгөн. Бирок жолдун татаалдыгы жана компаниялардын ортосундагы келишпестиктен улам алардын планга жетишине тоскоолдук жаралып келет. Туруктан өндүрүлгөн көмүрдү Ат-Башы, Ак-Талаа, Нарын жана Тогуз-Торо районунун эли жагат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.