"Суукта башка айылга жөө барып окуйбуз"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Нарын районундагы Төш-Булак айылындагы жыйырма беш түтүндүн балдарынын мектепке жетиши азап. Айрыкча кыш чилдеде таң атпай жөө-жалаңдап жолго чыгууга туура келет. Анткени алар жашаган айылдагы мектеп башталгыч класстар үчүн гана болгондуктан, 5-класстан баштап жети чакырым алыс жайгашкан коңшу Ийри-Суу айылына барып келип окушат.