Жайытка курулган тамдар талаш жаратты

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Нарында жайыт талаш күч алды. Айрыкча Нарын менен Кочкор райондорунун арасында кызыл чеке урушка чейин жетүүдө. Малчылардын жайлоого батыша албай жатканын адистер малдын санынын көбөйгөнүнөн жана жайыт жерлерге элдин турак жай куруп, отурукташып алганынан көрүшөт.