Касиев: Депутаттар Өзбекстанга барышы керек

Накен Касиев

Бишкек менен Ташкенттин карым-катышы жылуу кезде Ош облусуна губернатор болуп турган Накен Касиев кыргыз-өзбек ымаласынын жаңы нугу боюнча "Азаттыкка" маек курду.

“Азаттык”: Кыргызстан менен Өзбекстандын ымаласын мындан да жакшыртуу үчүн тараптар маданий жолугушуулардан тышкары эмнеге көңүл бурушу зарыл?

Касиев: Коңшулар менен жылып келаткан ымала мени абдан кубандырып жатат. Анткени, коңшусу менен мамиле начар өлкөдө жакшы өнүгүү болбойт. Мен Ош облусунда беш жылга жакын губернатор болуп турган учурда Анжиян, Фергана жана Наманган облусунун акимдери менен тыгыз байланышты сактагам. Маданий алака-катыш жакшы жолго коюлган эле. Алардын ырчы-чоорчулары Ошко, биздикилер ал жакка барып, концерттер көп коюлат эле.

“Азаттык”: Азыр ошол сыяктуу маданий карым-катыш жандана баштады. Жемиштүү кызматташуунун дагы кандай жолдору бар?

Касиев: Чек арадагы такталбаган жерлерди аныктоо иштерин жандантуу зарыл. Сох жана Барак анклавдарындагы элдин көйгөйүнө көңүл буруп, алардын тиричилигине ыңгайлуу шарттарды түзүү керек. Сохто жашагандар соода иштерин Кыргызстанда ээн-эркин жүргүзүп, Барактагылар Өзбекстанда ушундай мүмкүнчүлүктөргө ээ болушу кажет.

Мамилени чыңдоонун дагы да натыйжалуу жолу – райондор аралык кызматташуулар. Өкмөттүк, мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлгөн иш-чаралар жакшы. Бирок райондордун мамилеси элдеги ишенимдин жогорулашына чоң роль ойнойт. Мисалы, Араван району менен Анжияндын чек арага жакын районунун жетекчилери жолугуп турганы максатка ылайыктуу.

Караев: Чыңгыз мени сактап калган

Караев: Чыңгыз мени сактап калган

Өзбекстандык география илимдеринин доктору жана Айтматов таануучу Сүйүн Караев жизактык кыргыздардан. Жашы 90го таяп калса да Караев бүгүн Ташкенде жетекчилик кызматта ишин улантууда.

“Азаттык”: Парламенттер аралык кызматташууларды канчалык роль ойнойт? Азыр бул жаатта алгылыктуу иштер боло элек.

Касиев: Бул сөзсүз түрдө жолго коюлчу маселе. Өкмөттөр аралык жолугушуулардан соң биздин депутаттар Ташкентке барып, парламенттер аралык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келиши керек. Андан соң коңшу өлкөнүн эл өкүлдөрүн чакыруу кажет. Андан тышкары, диаспоралар аралык карым-катышты жогорулатууга мүмкүнчүлүк берүү керек. Кыргызстанда жүз миңдеген өзбектер жашагандай, Өзбекстанда да ошончо кыргыздар бар. Биз акыркы кездери диаспора өкүлдөрүн, жазуучуларын Кыргызстанга түрдүү кечелерге катышууга чакырдык. Бирок мамлекеттер ортосундагы мамиле сууп кеткендиктен, алар келе алышпады.

“Азаттык”: Чек арадан ары-бери каттоо да бир аз жеңилдегени менен, мурдагыдай телеграмма менен гана өтүү талабы сакталып турат. Бардык эле пункттар эмес, саналуу эле өткөрүү бекеттери иштеп жатат. Бул маселени чечүү жакын арада мүмкүнбү?

Касиев: Жакында бул маселе жайгарылат деген ойдомун. Канчалаган адамдар тууган-туушканын көрө албай, кыйналып жүрүшөт. Коңшулук мамилелерди чыңдоого Өзбекстан деле муктаждык сезип жатат. Алар тараптан да чек ара маселелерин чечүүгө умтулуу болот деп ишенем. Албетте, Совет учурундагыдай кеңири каттоо болбойт. Эки башка мамлекет эмеспизби, андыктан чек ара текшерүүлөрү кала берет. Бирок азыркы чектөөлөр алынат.

Өзбекстандан өкмөт башчынын орун басары Адхам Икрамов баштап келген 140 адам 26-октябрда Ошто конок болуп, маданий иш-чараларга катышты. Тараптар кызматташуу жаатында документтерге кол коюшту. Ушундай эле жолугушуу октябрдын башында Анжиянда уюштурулган.

Өзбекстандык делегация Ошто

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​