Казыят имамдарды тескей баштады

Жалал-Абаддын өзүндө алты жүздөн ашуун мечит бар.

Жалал-Абад облусунун казыяты аймактагы диниятчылардан, имам-молдолордон “ханафи-мазхабынын алкагында иштейбиз” деген маанидеги түшүнүк кат жаздырууда.
Казыят бул демилге диниятчыларды тартипке салып, түрдүү террордук уюмдардан оолак кармайт деп ишенүүдө. Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз Закиров учурда чогултулуп баштаган түшүнүк каттын маани-маңызын мындайча түшүндүрдү:

- Мен Абу ханифа мазхабына ылайык динге кызмат кылам деп жаздырып жатабыз. Органдын адамдары, мисалы 10-бөлүмдүн кызматкерлери да диний ишмерлерди бир сыйра текшерип, террорчул агымдарга тиешеси жок, соттолгон эмес деп аныктама жазып беришет. Биз молдолорду 24 саат текшере албайт экенбиз. Жоопкерчиликти өздөрүнө жүктөйбүз эми.

Облус казысынын айтымында, мындай түшүнүк кат Жалал-Абаддагы алты жүздөн ашуун мечиттин кызматкерлеринин баарынан чогултулат. Мындай демилге муфтият тарабынан мурда эле көтөрүлүп келген, бирок жакында эле Кара-Суудагы мечиттердин биринин имамынын орун басары алты адамды жихадга үндөп, конституциялык түзүмгө каршы үгүт жасаган деп айыпталышы иш-чараны тездеткендей болду окшойт.

Жалал-Абаддын казысы Закиров соңку учурда динди жамынган ар кандай террорчул уюмдар жанданганын, казыят аларга каршы туруу үчүн түрдүү аракеттерди жасап жатканын кошумчалады:

- Чын дилиң менен кызмат кыл, диндин атын жамынып алып динге жана мамлекетке зыяныңды тийгизбе деген маанини түшүндүрүп жатабыз. Болбосо, ар кандай агымга кошулгандар динди да жаманатты кылууда.

Муфтият менен катар мамлекеттик органдар өлкөдө исламдын ханафи- мазхабын, башкача айтканда, салттуу исламды өнүктүрүүнү максат кылаары буга чейин эле айтылып, аны өлкө башчысы да колдоп келатат. Муфтийдин милдетин аткаруучу Максат ажы Токтомушев да кызматка келер замат, дал ушул ханафи-мазхабын жайылтуу иштерин баштай турганын айткан эле:

- Азыр четтен келип иштеген канча деген уюмдар бар. Бирок иштери тартипсизирээк. Алар кандай гана жардам беребиз десе, биз макулбуз, эки колубузду көтөрүп кабыл алабыз жана ыраазычылык билдиребиз. Бирок аркасынан өзүнүн саясатын жана идеологиясын таратканга жол бербейбиз. Ишенимге жана ыйманга байланыштуу маселелерде Имам Азам Абу Ханифанын мазхабын гана таркатууга аракет кылабыз. Анткени, журт башчыбыз да муну колдоп жатат. Бул жактагы аалымдарыбыз да аны колдоп келген. Мейли, кимдир бирөө Сауд Арабия мамлекетинен болсун, же Пакистан, Түркия, Египеттен билим алып келсин, динди таркатуу жана жайылтуу иши Кыргызстанда Абу Ханифанын мазхабынын негизинде гана болушу керек.

Жакында эле Улуттук коопсуздук кызматы Сирияда аскердик даярдыктан өткөн террордук топтун 6 мүчөсүн колго түшүргөндө, алардын башында мурдагы диниятчы турганы аныкталган. Шектүүлөрдүн жанынан ок атуучу куралдар, ок-дарылар жана беткаптар табылган. Кармалган топ Сирияда жүрүп келгени аныкталып, эми Бишкек жана Ош шаарларында террористтик акцияларды уюштурууга даярданып жатканын УКМК айтып чыккан.

Бирок дин өкүлдөрүнөн түшүнүк кат жаздырууну баары эле колдогон жок. Теолог Самаган Мырзаибраимовдун айтымында, дин өкүлдөрүн террордук уюмдардан оолак кармоо үчүн түшүнүк кат жаздыруу натыйжалуу жол эмес.

- Бул муфтияттын жана казыяттын өзүн өзү коргоо механизми. Ар кандай экстремисттик уюмдарга имам-молдолор тиешеси болуп калса, мына түшүнүк каты деп жоопкерчиликти аларга жүктөй салалы деп жатышат. Бул кооптуу уюмдар менен күрөшүүнүн жакшы ыкмасы деп айта албайм.

Ошентип соңку убакта Сирияга согушка үндөгөн же террордук жардырууларга камылга көрдү деп шектелгендердин байма-бай кармалышы Кыргызстандын коопсуздук кызматтарын, дин башкармалыгын катуу түйшөлтүп турган учур.

Муфтият бүт өлкө боюнча имам-молдолордон түшүнүк кат жаздырып, тек-жайын аныктоо алардын жоопкерчилигин арттырып, коркунучтуу агымдардан оолак кармайт деп ишенүүдө.