Армандуу Жеңиш таңы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргыз музыкасында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына таасирленип чыккан чыгармалар көп. Обон чыгарууга жаңыдан киришип жүргөн Саид-Махамад Калыбеков жакында өзүнүн обондорунун бирин улуу жазуучунун чыгармаларына таасирленип чыгарды. Автор ырдын сөзүн да, обонун да өзү жазган. Музыкалык кайрыктар негизинен Айтматовдун «Эрте келген турналар» повестиндеги балдардын башына түшкөн согуш апаатын эске салат.