Тирүүлөй эстелик орноткондор

10-ноябрда Таластын Бакай-Ата районунда 20 кишиге тургузулган эстеликтердин арасында мурдагы жаштар министри, Апрель баатыры Алиясбек Алымкуловдун да айкели бар. Алиясбек Алымкулов бюсттун ачылышына өзү катышты. 

Апрель баатыры Алиясбек Алымкуловдун эстелиги Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Социалисттик эмгектин баатыры Корчубек Акназаровдун айкелине жанаша турат. 

Бишкектеги Улуттук хирургия борборунун алдында медицина илимдеринин доктору, профессор Мамбет Мамакеевдин айкели турат. Ал 2017-жылы Мамакеевдин 90 жылдык мааракесинде ачылган. 

Мамбет Мамакеев быйыл 91 жашка чыкты. 

Нарын облусунун Ак Талаа районундагы Баевтов айылында 1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согуш учурунда оорукта эмгектенгендердин айкелдери тургузулган. Арасында Социалисттик эмгектин баатыры Корчубек Акназаровдун да айкели бар. 

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Социалисттик эмгектин баатыры, ондогон жылдар бою жетекчилик кызматта иштеген Корчубек Акназаров быйыл 96 жашка чыкты. 

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көй-Сай айылында Социалисттик эмгектин эки жолку баатыры Таштанбек Акматовдун бюсту орнотулган.

Таштанбек Акматов эмгек жолун малчылыктан баштап, 1987-жылдан тарта Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагалыгына чейин жеткен. Учурда ал 80 жашта. 

Авиация тармагында эмгек сиңирген Кубанычбек Козубековдун айкели да Таластын Бакай-Ата районунда орнотулду. 

Кубанычбек Козубеков өлкөдө жарандык авиацияны өнүктүрүүгө салым кошкондордун бири. Ал "Даңк" медалы менен сыйланган. 

Таластын Бакай-Ата районунда 20 кишиге тургузулган айкелдердин арасында көзүү тирүү адамдардын да бар экени коомчулукта талкууга жем таштады. Мындай көрүнүшкө каршы чыккандар да, колдогондор да аз эмес. Айкелдердин арасында мурдагы жаштар министри, Апрель баатыры Алиясбек Алымкуловдун да эстелиги бар.