Чыңгыз Айтматовдун айкели ачылды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бүгүн Бишкектеги Ала-Тоо аянтында чыгаан кыргыздын залкар уулу, чыгаан жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкелин ачуу аземи өттү.
Ага президент Роза Отунбаева, премьер-министр Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков баштаган өлкө жетекчилери, орус президентининин администрациясынын жетекчиси Сергей Нарышкин катышты.

Орусияда колодон жасалган айкелге 600 миң доллар жумшалган. Бийиктиги үч метр.

Эртең, 31-августта Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин маңдайына Манастын айкели ачылат.