"Эбин тапсаң, эчки бак"

Кыргызстан Монголиядан 60 миң баш “жүндүн бермети” атыккан кашемир эчки алып келет.
Буга байланышкан меморандумга эки өлкөнүн айыл чарба министрлери Бишкекте кол койду. Кашемир эчкисинен алынган тыбыт жана андан жасалган материал дүйнөдө өзгөчө баркталат. Бирок адистер Кыргызстанда жүндү жана тыбытты кайра иштетүүчү заводдорду курмайынча, эчкинин санын көбөйтүүдөн майнап чыкпайт дешет.

Кыргызстан Монголиядан 60 миң баш кашемир эчкисин сатып алууга макулдашты. Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Акылбек Жумалиевдин айтымында, Монголия 100 миң эчкиге чейин берүүгө даяр.

- Кыргызстан тарабынан 60 миң кашемир эчкисин сатып алсак деген сунуш болгон. Бирок Монголия тарап жүз миң эчки берели деп айтты. Негизи Монголия кашемир эчкилерин экспортко чыгарбайт экен, бирок кыргыз боордошторубузга өзгөчө мамиле кылып, берели деп жатышат.

Кашемирге суроо-талап жогору

Бирок айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары кашемир эчкисинин баасы, аны качан жана кандай жол менен алып келүү-мындан аркы сүйлөшүүлөрдө анык болорун билдирди. Жумалиевдин айтышынча, кашемир эчкисинин тыбыты дүйнөлүк базарда өзгөчө бааланат.

- Кашемир эчкинин тыбыты абдан кымбат, жылдан жылга өсүп жатат. Акыркы эки-үч жылда дүйнөдө баасы үч эсе өскөн. Ага суроо-талап жогору. Бул эчкилер Кыргызстанга келе турган болсо, биздеги эчкилерди да асылдандыруу жагын ойлонуштурабыз. Бул долбоорду кантип ишке ашыруу боюнча дагы сүйлөшүүлөр болот.

Өткөн жылдары дүйнөлүк базарда тазаланбаган бир килограмм кашемир тыбытынын баасы 35-40 доллар болгон. Анын баасы тазалагандан кийин 90-100 долларга чыгат. Ал эми бир кашемир эчкисинен жылына 150 грамм гана тыбыт алынарын айтышууда. Анын өзгөчөлүгү кылынын абдан ичкелигинде жана назиктигинде. Ошондуктан кашемирден жасалган кийимдер кайда болбосун кымбат турат дешет адистер. Айрым жерлерде аны “жүндүн бермети” деп да атап жүрүшөт.

3-апрелде Бишкекте Монголия президенти менен жолукканда өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев кашемир эчкисин алып келип, Баткен облусуна өстүрүү сунушун билдирген.

- Бир топ экономикалык долбоорлор бар. Ошолорду ишке ашырсак болот. Баткен мал чарбачылыгы үчүн абдан ыңгайлуу, ал жакка кашемир эчкилери алып келсе болот. Кашемир кымбат кездеме. Баткендин тоосу жана жерлери эчкиге ыңгайлуу, сонун жер.

Баткен облусу демекчи, бул аймакта азыр да миңдеп, короо-короо эчки баккандар бар. Баткен районунун тургуну Абдисыдык Абдуллаев:

- Азыр базарда бир килограмм тыбыттын баасы 1200 сом деп турат. Бирок былтыр 2200гө чейин чыккан. Баткендеги эчкилердин тукуму придонский деп айтылат. Бир эчки эң жакшы болгондо, жылына 700 граммга чейин тыбыт берет, бир жылда бир таралат.

Эскиден сабак алалы

Академик Жамин Акималиев эчкинин жаңы түрүн алып келгенче, мамлекет өлкөдөгү эчки баккандарга шарт түзүп берүү жагын караса болмок дейт.

- Монголия бир топ эле алыс жер, аны алып келиш абдан кыйын. Андан көрө жүн жана тыбыт берген эки түрлүү өзүбүздүн деле эчкилерибиз бар. Ошолорго көңүл бурулбай калды. Түштүк облустарда 600 миңдей эчки бар, ошолорго көңүл бурулбай жатат.

Ошондой эле академик Акималиев жүн-тери иштетүүчү завод-ишканаларды курмайынча, аларды өндүрүүдөн пайда аз болот деген пикирде. Буга чейин да Кыргызстан 1994-жылдары Австралиядан кочкор алып келип, бирок анын акыбети болгон эмес:

- Өзүбүздө сонун, аппак кочкорлор турса, Австралиядан 270 кочкор алып келишкен. Анын ар бирин 2700 доллардан, ал эми токтуларды болсо 1200 доллардан алып, зыянга учураганбыз. Бул долбоор боюнча Бүткүл Дүйнөлүк банкка карыз болуп, ушул күнгө чейин кутула албай жүрөбүз. 17 миллион доллар карыз болгонбуз.

Кашемир эчкиси дүйнөдө саналуу аймактарда гана бар. Ал негизинен Монголияда, Кытайдын Ички Монголия аймагында, мындан тышкары Пакистан менен Индияда жана башка өлкөлөрдө багылат. Ал эми анын кашемир деп аталышы Индиянын Пакистан менен чектешкен Кашемир провинциясына байланыштуу.