"Мобильник" оператору талашка түштү

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда ири компаниялар "Мобильник" электрондук капчыгы менен кызматташуудан баш тарта башташты. Компаниянын негиздөөчүсү жана мурдагы жетекчиси 2003-жылы түптөгөн бул бизнесин казакстандык ишкерге тарттырып жибергенин маалымдоодо.

Улуттук банк "Мобильник" электрондук төлөм операторунун ишин текшере баштады.

Дарегине жетпеген төлөмдөр...

Журналист Расул Мурат "Мобильник" электрондук капчыгынын кызматынан эки жылдан ашуун убакыт пайдаланып келген. Акыркы жолу эки жума мурда бул оператордун кызматынан колдонуп, бирок кийинчерээк капчыкта калган акчасын ала албай калган.

- Коммуналдык кызмат акыларын төлөп, уюк байланышы үчүн бирдик жүктөгөм, - деп түшүндүрдү ал. - Андан кийин бул оператордун айланасында ызы-чуу башталганда, андагы капчыгыма кирип, калган акчаны алып коеюн же бирдикке айландырып, иштетип салайын деген аракетимден пайда чыкпады. "Төлөм аткарылган жок", "ката кетти" же "операция ишке ашпады" деген гана жооп чыгып жатат.

Расул Мурат учурда төлөмдөрүн электрондук система аркылуу жүргүзүш үчүн башка оператор караштырып жатканын кошумчалады.

Бишкектин дагы бир тургуну Мыктыбек Өмүрзаков "Мобильник" оператору аркылуу "Түндүк электр" ишканасына электр жарыгы үчүн төлөм которуп, бирок акча дарегине жеткен эмес. Мыктыбек Өмүрзаков сыяктуу пайдаланган электр үчүн акчасын "Мобильник" оператору аркылуу төлөп, бирок ал керектүү дарекке жетпей калган кардарлар менен "Түндүк электр" ишканасынын ортосунда келишпестик жаралган. Ушундан улам "Мобильник" операторунун кызматынан алгачкылардан болуп 30-январда "Түндүк электр" ишканасы баш тартты. Ага удаа эле "Мегаком" уюк байланыш оператору өз кардарларын байланыш үчүн төлөмдү "Мобильник" аркылуу жүргүзбөөгө чакырып, бул электрондук капчык оператору менен кызматташууну токтотконун жар салды. Андан кийин катардагы колдонуучулар социалдык тармактарда "Мобильник" операторунун ишине нааразылыгын билдирип, аталган электрондук капчыкка салынган акчасын тез арада чыгарып алууга чакырып жатышты. 1-февралда "Мобильник" компаниясы менен кызматташкан "Бай түшүм" банкы аталган оператор аркылуу бардык операцияларды жүргүзүү токтотулганын маалымдады.

"Бай түшүм" төлөп берет

Азырынча "Мобильник" компаниясынын жетекчилиги менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Бирок бул компания мүчө болуп турган, Кыргызстандагы төлөм системаларын иштеткен Операторлор ассоциациясынын президенти Руслан Алишевдин "Азаттыкка" берген маалыматы боюнча, "Мобильник" ишканасынын көпчүлүк кызматкерлери иштен бошоп кеткенине байланыштуу компаниянын иши убактылуу токтоп турат.

- Мендеги маалыматтар боюнча, компания кардарларынын эмиссиясын төлөп берет, - деди ал. - Бул маселеге Улуттук банк да киришти. Негизи мыйзам боюнча ар бир төлөм компаниясынын же электрондук капчык кызматын сунуш кылган ишкананын артында бирден коммерциялык банк кепил болот. Ал эми "Мобильниктин" электрондук акчасына “Бай түшүм” банкы кепилдик берген.

"Бай түшүм" банкы 4-февралда Интернеттеги башкы баракчасында «Мобильник» электрондук капчыгынын кардарларынын акчасы банкта экенин маалымдап, техникалык маселелер чечилери менен акча ээлерине төлөнүп бериле турганын жазды.

Толкунбек Абдыгулов.

"Мобильник" операторунун иши боюнча Улуттук банк да 1-февралдан тартып инспекциялык иликтөө жүргүзө баштады. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 4-февралда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, буга компания жетекчилеринин ич ара келишпестиги себеп болуп жатат.

- "Мобильник" компаниясынын эки жетекчиси бири-бири менен чатакташып жатканына байланыштуу элге да толук кызмат көрсөтө албай жатышат, - деди ал. - Биз текшерүүнү 1-февралда баштадык. Азыр иштеп жатабыз, текшерүүнүн жыйынтыгына жараша кийинчерээк толугураак маалымат бере алабыз.

Абдыгуловдун депутаттарга билдиргени боюнча, Улуттук банк электрондук төлөм системасын иштеткен чет өлкөлүк операторлорго айландырган акча каражатынын өлчөмүндөгү сумманы банкка депозит салууну талап кылат. Бирок мындай талаптан жергиликтүү электрондук төлөм операторлору бошотулган. Алар банк менен келишим түзүп, анда бекитилген өз ара тартип менен иштешет.

"Он беш жылдык мээнетимди казак ишкери тартып алды"

"Мобильник" электрондук капчыгын кыргызстандык ишкер 2003-жылы негиздеп, 2012-жылдан бери кардарларга кызмат көрсөтө баштаган. Анын негиздөөчүсү жана мурдагы жетекчиси Адилет Боотаев "Азаттыкка" компанияны былтыр эле казакстандык ишкер тартып алганын, ага байланыштуу көптөгөн кызматкерлер иштен чыгып кетишкенин билдирди. Анын маалыматы боюнча, электрондук төлөм операторунун иши жаңы жетекчинин күнөөсү менен үзгүлтүккө учураган.

- Мен он беш жыл бою негиздеген, көп жылдан бери миллиондогон колдонуучуларын тейлеп келген "Мобильник" төлөм системасы иштебей калды, - деди ал. - Бул жаңы жетекчиликтин күнөөсү. 2018-жылдын башында мен "Мобильник" жана "QIWI Кыргызстан" системаларынын 51% үлүшүн казакстандык ишкер Кайрат Мажибаевге саткам. Көп өтпөй колумда 49% үлүш турганына карабай, Мажибаев мени компанияны башкаруудан четтетип, жооптуу кызматтардын баарына өз кишилерин кое баштады. Бул факт боюнча менин өкүлдөрүм Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финансы полициясы) кайрылгам. Мага белгилүү болгондой, жаңы жетекчиликтин кызматкерлерге кылган катаал мамилесинен улам компаниядагы 92 кызматкердин 87си иштен бошонуп кетишти. Ушундан улам "капчыктын" техникалык колдоосун тейлеген кызматкерлер жок болгондуктан, компаниянын иши үзгүлтүккө учурады. Биз азыр "Мобильниктин" ишиндеги кыйынчылыктарга көз салып турабыз. Финансы полициясынын текшерүүсү компаниянын казакстандык жетекчисинин мыйзамсыз иштеринин натыйжасында жүргүзүлүп жатат. Жалпылап айтканда, «Мобильник» операторунун ишинин үзгүлтүккө учурашына Финполдун текшерүүлөрү эмес, компанияда тиешелүү адистердин жоктугу себеп болду.

Учурда "Мобильник" операторуна байланыштуу ишти Финансы полициясы иликтөөдө. Анын жетекчисинин орун басары Эмил Жамгырчиевдин 4-февралда Жогорку Кеңеште тиешелүү комитетте билдиргени боюнча, "Мобильник" компаниясынын ишинин токтоп калуусуна Финансы полициясынын тиешеси жок.

- Бул боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүрүп жатат, - деди ал өз маалыматында. - Жогоруда айтылгандай, бул жерде эки ишкердин ортосундагы мамиле болуп жатат. Бирок биз салык жагын гана карап жатабыз. Жогорку технология менен иштеген ишкерлер эмне болсо эле "рейдерлик кылып жатат, ишке тоскоолдук кылып жатат" деп айтканды адат кылып алышты. "Акнет" боюнча да ошентип айтышты эле, мына, бүгүнкү күнү 150 млн. сом салык төлөдү. Учурда "Мобильник" компаниясынын да салыгын гана текшерип жатабыз. Алардын ишин токтотуп же тоскоолдук кылган жерибиз жок.

Кыргызстанда электрондук капчык кызматын көрсөткөн он чакты компания бар. "Мобильник" компаниясы бул рынокто алдыңкы орундардын бирин ээлеген ишканалардын бири болуп саналчу. Кардарлардын сөзүнө караганда, бул электрондук капчыктын артыкчылыгы - иши үчүн төлөмдөн пайыз кармап калчу эмес. Учурда өлкөдөгү электрондук төлөм жүргүзгөн компаниялардын көпчүлүгү чет өлкөлүк ишканалардын филиалдары. Алардын көпчүлүгү көрсөткөн кызматы үчүн эки сомдон беш сомго чейин акы алышат.

Технологиялар өнүгүп жаткан XXI кылымда электрондук капчык же электрондук төлөм системасы - күнүмдүк турмушта зарыл нерсе. Бул кардардын кайсы бир кызмат акы, салык, айыппул жана башка төлөмдөрдү үйүнөн же кеңсесинен чыкпай туруп, дүйнөнүн кайсы гана бурчунан болбосун чөнтөк телефонуна орнотулган тиркеме аркылуу төлөшүнө мүмкүнчүлүк берүүчү система. Кардар менен мындай төлөм жүргүзгөн оператордун ортосунда ишенимден гана турган келишим онлайн түрүндө түзүлөт. Мындай учурда колдонуучу белгилүү бир чекке чейинки гана акчаны капчыгына салууга жана андан төлөмдөрдү төлөөгө укуктуу. Ири суммада каражат салып, которуу жана башка операцияларды жүргүзүү үчүн кардар электрондук капчык операторунун кепили болгон банкка барып, келишим түзүүгө тийиш. Бирок кандай гана кардар болбосун, электрондук төлөм операторунун кепили болгон банктан канча суммада болсо да өз акчасын талап кылууга укуктуу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.