Чет элдик мигранттын абалын өзгөртүү аракети

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда талаада же жеке менчик курулушта иштеген мигранттар 2020-жылдан тартып патент алууга милдеттендирилиши мүмкүн.

Ал эми фирмаларда эмгектенгендер патент албайт, бирок аларга жумушка уруксат берүүчү документтин баасы төрт эсе кымбаттайт. Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматы ушундай мыйзам долбоорун даярдады.

2017-жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара ачылган соң өзбек мигранттары көбөйүп, аларга патент системасын киргизүү маселеси парламентте да көтөрүлгөн болчу. Жаңы эрежелер дал ушул себептен улам киргизилүүдө. Бирок эксперттер төлөмдү мигрант эмес, аны иштеткен адам төккөнү дурус деп эсептешет. Жагдайды өзбекстандык мигранттардын мисалында сөз кылабыз.

Өзбекстандык мигранттардын бири. Ноокен району.

Ош облусунун Куршаб кыштагындагы жеке турак үйлөрдө курулуш иштери кызуу башталды. Жергиликтүүлөр көбүрөөк өзбекстандык усталарды жалдашат. Анткени алардын иш акысы арзаныраак. 3-4 бөлмөлүү үйдү пайдубалынан баштап, чатырын жаап бүтүрүш үчүн 70-100 миң сом алышат.

Өзбекстандын Фергана облусунун Кува кыштагынан келген 30 жаштагы Назрулла Хамраев үч досу менен жаңы конуштарда үй салып жатат. Былтыр ал Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн курулушунда иштеген экен, бирок эмгек акысын толук ала алган эмес.

«Көп кабаттуу үйлөрдүн дубалдарын шыбаганбыз, - деди ал. - Ар бир подъездге 25 миң сомдон алмакпыз. Бирок колубузга ар бир подъездге 15 миң сомдун тегерегинде акча беришти. Ишти бүтүргөндөн кийин да мекенге кетпей, акыбызды сурап жүрдүк. Ала алган жокпуз. «Документ иштерине, каттоого турууга» деп көп акчабызды бербей коюшту. Биз кимдин колунда иштегенибизди да билбейбиз, ортомчу аркылуу келген элек. Тиричилик деп, быйыл кайра Кыргызстанга келип иштеп жатабыз. Бул ирет чоң компанияларга эмес, жеке менчик үйлөрдө иштеп жатабыз. Жеке менчик үй ээлери сүйлөшүлгөн акчаны төлөйт».

Назрулла жана анын шериктери жумуштун алдында аванс алып, үйлөрүнө жөнөтүшүптүр.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Тажикстандык мандикерлер

Өзбекстандык мигранттар негизинен топ-топ болуп иштешет. Төрттөн онго чейин адам чогуу келип, бирге эмгектенет. Акчаны алар өздөрү шайлап алган бригадири алып, бөлүштүрүп берет.

Кыргызстандын азыркы мыйзамдарына ылайык мигранттар эгер фирмаларда иштесе, 2000 сомго жумушка уруксат берүүчү документ алууга тийиш. Жеке менчик тармакта иштегендер Кыргызстанга киргенде беш күн аралыгында мамлекетке 350 сом төгүп, токсон күндүк каттоого турат, башка эч кандай акча төкпөйт. Бул эрежени сактабагандар 10 000 сом айыппул төлөйт.

2020-жылдан тартып Кыргызстанда мигранттарга коюлчу талаптар катаалдашы ыктымал. Аны Мамлекеттик миграция комитетинин жетекчисинин орун басары Самат Токтоболотов мындайча түшүндүрдү:

Самат Токтоболотов.

«Мисалы, мигрант жеке менчик үйлөрдө иштесе, патент алышы керек болот. Короодогу иштерди жасаган, үй салган, талаада эмгектенген мигранттар бар эмеспи, ошолор патент алат. Бирок патент берүү ыкмасы жеңил жана ылдам болушу зарыл. Биздин эксперттик топтун сунушуна ылайык, патенттин баасы айына 500 сом болот. Андан кымбаттатуунун кереги жок. Патентти алуу үчүн мигрант өзү Мамлекеттик миграция комитетине барып, паспортун көрсөтүшү керек. Жакын арада Мамлекеттик миграция кызматынын райондордо өкүлчүлүктөрү ачылат. Ал эми фирмаларда иштегени келгендер патент эмес, жумушка уруксат берүүчү документ алышат. Аны баасы 10 000 сом болот».

Бирок азыр деле 2000 сомго уруксат кагаз алган мигранттар өтө аз. Мисалы, 2018-жылы өзбекстандык 130 жаранга расмий уруксат кагазы берилген. Тажикстандык 86 жаран да ошондой документ алган. Андыктан талдоочулар патент системасын колдонуу жана жумушка уруксат берүүчү кагаздын наркын ашыруу көмүскө миграциянын күчөшүнө алып келерин белгилешүүдө.

Экономист Эркин Абдыразаков төлөмдү мигрант эмес, анын иштетип жаткан кыргыз жараны төлөгөнү жакшы деген сунушту айтты:

Эркин Абдыразаков.

«Мигрантка жүктөп коюу – бул абсурд. «Жыргаганыман жылкычы болдум» деген сөз бар эмеспи. Азыркы мыйзамдардагы 2000 сом төлөмдү да баары төгүп жаткан жери жок. Расмий изилденген эмес. Курулушта иштегендерден тышкары кафе-ресторанда иштеген ашпозчулар бар. Коомдук жайларды, дүкөндөрдү кооздогонго да өзбекстандык усталарды алып келишет. Автоунаа оңдогон жерлерде иштешет. Бирок анын эч кимиси Кыргызстанга мигрант катары кирбейт. Андыктан мамлекет мониторинг жүргүзүп, мигрант иштетип жаткан кыргыз жарандарына эле төлөм төгө турган эрежени колдонушу керек».

Жыл сайын коңшу мамлекеттерден Кыргызстанга канча адам иштегени келгени жөнүндө так маалымат жок. Былтыр парламентте депутат Кенжебек Бокоев бул маселени көтөргөндө алардын саны жүз миңден ашарын белгилеген эле.

(Бул макала АКШнын Мамлекеттик департаментинин Калк жайгаштыруу иштери, качкындар жана миграция бюросу менен кызматташтыктагы «Миграция боюнча Азия чөлкөмдүк программасы» долбоорунун алкагында жазылды).

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.