Мигранттар бийликке кайрылды
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Орусияда жана башка өлкөлөрдө иштеген мигранттар менен коомдук уюмдардын өкүлдөрү бүгүн Бишкекте «Мигрант үнү» деген тынчтык акциясын өткөрүштү. Алар миграция маселесин чечүүнүн жолдорун бийликке сунуш кылышты. Иш-чаранын катышуучулары миграциялык улуттук концепция түзүлбөсө, өлкөнүн келечеги бүдөмүк деген ойлорун ортого салышты. Акцияны «Замандаш» партиясы уюштурду.