Мигранттар мамлекеттин тиреги

2018-жылкы жыйында Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыш боюнча кеңеш түзүү чечими кабыл алынган.

Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыш боюнча кеңештин биринчи жыйыны өттү. Ага Сооранбай Жээнбеков катышты. 

Бүгүн бул түзүмдүн алгачкы отуруму өттү. Кеңеш 42 кишиден турат.

Иш-чарага Орусия, Казакстан, Катар, Түштүк Корея, АКШ, Украина мамлекеттеринен жана Бириккен Араб Эмирликтеринен келген мекендештер катышты. 

Президент Сооронбай Жээнбеков Орусиядагы кыргыз мигранттарынын абалы бир топ жакшырды деп эсептейт.

Жыйында Жээнбеков Путиндин жеке колдоосунда Орусиядагы кыргызстандыктарга миграциялык жеңилдик жана “кара тизмеден” чыгуу мүмкүнчүлүгү берилгенин айтты. 

Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны бүгүнкү күндө чет жакта мигрант болуп жүрөт. Алардын көбү, 1 миллион 200 миңи Орусияда. 

Чет жактагы кыргызстандыктарга колдоо көрсөтүү үч негизги багытта жүрөт. Бул тууралуу мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков 2-августта Бишкекте өткөн Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыш боюнча кеңештин биринчи жыйында сүйлөп жатып билдирди.