Мигрант балдары: чоң эненин түйшүгү
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Чүй облусунун Ивановка айылынын тургуну Зарипа Шайлообекова сегиз небересин багат. 60 жаштагы чоң эненин балдары Орусияга иштегени кеткен. Неберелеринин эң кичүүсү эки жарым жашта, улуулары жогорку окуу жайдын студенттери. Зарипа апанын бир жыл мурда жолдошу кырсыктап, каза болгон. Керели-кечке неберелери менен алек болгон чоң эне балдардын ата-энесине болгон кусалыгы, аларга берилген тарбия, энелик милдеттери, ой мүдөөсү менен бөлүштү.