Мигрантка мекенде иш баштоо жеңил эмес
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Бишкекте «Мигрант ишкер» долбоорунун алкагында өткөрүлгөн окутуу соңуна чыкты. Чет өлкөдө эмгек мигранты болуп жүрүп, кайра Кыргызстанга кайткан мекендештерди ишкердикке үйрөтүү максатын көздөгөн долбоор Германия өкмөтүнүн колдоосу менен жүзөгө ашты. Акысыз курска 40 адам катышты, көбү Орусиядан кайтып келгендер. Алар бизнести баштоо, Кыргызстандын шартына ыңгайлашуу багытында окуудан өтүштү. Окууга катышкандардын бири Алымбек Апызаков 13 жылдан кийин Орусиядан үй-бүлөсү менен Кыргызстанга кайтып келип, мында иш баштаган. Алымбек мигранттын өлкөсүнө кайтып келгендеги түйшүгү, иши, интеграция болуусуна токтолду.