Мигранттардын үшкүрүгү оор

Казакстанга же Орусияга сапар алган кыргызстандык эмгек мигранттары чек-араларда кармалган жана миграциялык мыйзамдарды бузган учурлары көп катталууда. Буга алардын документтеринин туура эместигине карабастан жолго чыгууга түрткү болгон турмуштук көйгөйлөрү себепчи болгон.
Мындан сырткары миграциялык мыйзамдардын күчөтүлгөндүгүнө байланыштуу жашырынып иштеп, айлык акыларын алдатып жүргөндөр да аз эмес.

Кайтуудагы кармалуу

29 жаштагы Розахан Абдуганиева Москва-Бишкек поезди менен келе жатканда Орусия менен Казакстандын чек арасындагы бекеттен кармалган. Анын кармалышына өзү менен кошо келе жаткан уулунун күбөлүгү жана аны коштоп жүрүү үчүн берилген ишеним каттын башка балага таандык экендиги негиз болгон.

Эки күндөн ашуун чек арада кармалып турган Розахан Абдуганиева Кыргызстандын Астанадагы элчилигинин көмөгү менен бошонуп чыкты:

Розахан Абдуганиева
- Мен эми ушинтип баламдын документи туура келбей кармалып калдым. Атасы мага алып келип жатканда ишеним кат бербей койгон. Башка бирөөнүн документи менен кеткен болчубуз. Кетип жатканда эч кандай маселе болгон эмес. Эки күн бою документиң жок деп кармашты. Балам менен кыйналып, эми эмне болот деп аябай корктум эле.

Розахан Абдуганиева Ош облусунун Араван районунан болот. Ал мындан үч ай мурун Орусияга иштегени кетип, бирок жумуштан жолу болбой кайтып келүүгө аргасыз болгон. Бара жатканда чек ара бекеттеринен тоскоолдуксуз өткөн бул айымдын айыбын кайтып келе жатканда анын уулу, алты жаштагы Бексултан чек арачыларга ачып коюптур:

- Бизди поезден текшерип, атымды сураганда өзүмдүн атымды айтып алыпмын. Мени апам болсо сенден атыңды сураса Абсаматмын деп айт деген болчу. Бирок мен унутуп кетип чынын айтып койгом.

Сабатсыздыкпы же аргасыздыкпы?

Кыргызстандын Казакстандагы элчилигинин маалыматына караганда, кыргызстандык эмгек мигранттарына байланышкан мындай окуялар жүздөп саналат. Кармалган жолоочулар тууралуу элчиликке белгилүү болгон учурда алардын мекенине кайтышына көмөк көрсөтүлсө, айрым учурларда алардын убактылуу кармоо жайларында айлап туруп калышкан учурлары аз эмес.

Замирбек Казыбеков
Астанадагы элчиликтин консулдук бөлүмүнүн башчысы Замирбек Казыбеков көйгөйдүн себептерин башаламан миграциянын күч алышынан көрөт:

- Миграциялык жараяндын күндөн-күнгө стихиялуу мүнөздө күчөп жатканда чет өлкөлөргө чыгуучуларды мамлекеттик органдарда каттоого алуу жана чек ара бекеттеринде чет өлкөлөргө мыйзамдуу жол менен чыгуунун эрежелери боюнча маалыматтар менен камсыздоо жагы колго алынса жакшы болот эле.

Анан сыртка чыгууну каалаган жарандарыбыз алгач миграция иштери боюнча органдардын облустук жана шаардык бөлүмдөрүнөн кошумча маалыматтарды алып алышып анан чыгышса жакшы болот эле. Эми кээ бирлери бирөөлөрдүн айткан сөзүнө ишенип, кээ бир учурларда паспорту жок деле чыгып кетип жатышат. Бирок ошону менен өздөрү эле кыйнала тургандыктарын түшүнбөй жатышпайбы.


Алданган турмуш, алынбай калган айлыктар

Мындан сырткары Казакстандын аймагында иштеген кыргызстандык эмгек мигранттарынын мыйзамдуу шартта иштөөгө мүмкүнчүлүктөрү жок. Анткени аталган кошуна мамлекеттин мыйзамы убактылуу жашоого укук берген учурдан сырткары жалпы эмгек мигранттарына жумушка уруксат бербейт.

36 жаштагы эмгек мигранты Мурзакул Бакиров анын айынан Астанада жашырынып иштеп, айлык акыларын алдаткан учурлар көп экендигине токтолду:

Мурзакул Бакиров
- Мына мен өзүмдү эле мисал келтирсем. Канча жолу айлыгымды ала албай алданып калып жүрдүм. Кимге арызданышымды билбей, мээнетиме күйүп, ичим ачышкан канча күндөрдү өткөрдүм.

Жумушка уруксат бере тургандай документибиз болбогондуктан улам, алардын айткан акчасына иштегенге аргасызбыз. Бирок ошону да толук төлөп бербей койгондору канча. Бизди алдап, беш күн күткүлө, он күн күткүлө дешет. Биздин өкмөт мына ушул жагын чечип берсе жакшы болот эле.


Буга чейин кыргызстандык эмгек мигранттарына токсон күнгө чейин миграция кызматында катталбастан Казакстандын аймагында жүрүүгө уруксат берилген. Бирок өткөн жылы Кыргызстандагы 7-апрель окуясынан кийин Казакстандын бийлиги кыргызстандык эмгек мигранттарга берилген бул жеңилдиктерди жокко чыгарган.