Сымбаттуу мырзалардын сынагы

"Mister Universal Ambassador Kyrgyzstan 2019" сынагы Бишкектеги эс алуу борборлорунун биринде өтүп, ага 29 жигит катышты. 

Сынактын жүрүшүндө жигиттер спорттук, көчө жана кече кийимдери менен чыгып жатышты. 

Жигиттер спорттук кийимдерди көрсөтүп жатышат. 

Жаш жигиттердин сынагын көрүү үчүн түрдүү жаштагы айымдар келген. 

Сынактын талабына ылайык жигиттердин бою 178 см кем болбошу керек. 

Жигиттердин сымбатына суктанып жаткан кыздар. 

Жигиттердин сымбаты айымдарды эле эмес, айрым мырзаларды да таңкалтырды. 

Сынакта экинчи орунду Расул Гапаров (ондо), үчүнчү орунду Нурбек Акматаев (солдо) ээлешти. Жигиттер менен сүрөткө түшүү үчүн кыздар кезек күтүп турушат. 

Сынактын жыйынтыгында 21 жаштагы Насыр Тургунбаев "Кыргызстандын эң келбеттүү мырзасы" атыкты. Эми ал Кыргызстандын атынан эл аралык сынактарга катышат. 

Кыргызстандын келбетүү мырзасы атыккан Насыр Тургунбаевге таажы кийгизилди. Ага өз таажысын былтыр сынактын жеңүүчүсү атыккан Аскат Осмонов өткөрүп берип жатат. 

Сахна артында. 

Аталган сынак эл аралык модель агенттигинин негиздөөчүсү Алим Серебров тарабынан жыл сайын өткөрүлүп келет.

Былтыр аталган сынакта 11-класстын окуучусу Аскат Осмонов жеңишке жеткен.

Насыр Тургунбаев Кыргызстандын эң келбеттүү мырзасы атыкты. Ал 21 жашта.