«Мегаком» менен «КТ Мобайлдын» талашы

Президент Сооронбай Жээнбеков «Мегакомдун» кеңсесинин ачылышында. Иллюстрациялык сүрөт.

«Мегаком» брендине ээлик кылган «Альфа Телеком» мекемеси менен «Кыргызтелекомго» караштуу «КТ Мобайл» ишканасынын ортосунда келишпестик чыкты.

Жарым жылдай мурдараак тараптар түзгөн келишимге ылайык «Мегаком» өнөктөшүнө 345 миллион сом төлөп бермек. Бирок «КТ Мобайл» өз алдынча уюк оператору болгусу келгени талаш жаратты. Бул кризистин артында мурдагы аткаминердин да ысымы аталууда.

Төртүнчү оператордун карааны

Сөзүбүз түшүнүктүү болушу үчүн биз алгач кеп болчу компаниялардын ортосунда түзүлгөн келишимди чечмелеп алалы.

Расмий маалыматтарга таянсак, «Кыргызтелеком» ачык акционердик коому 2018-жылдын 2-ноябрында өзүнө караштуу «КТ Мобайл» жоопкерчилиги чектелген коому менен иштешүү укугу үчүн тендер жарыялаган. Сынакка «Скай Мобайл» («Билайн» уюк оператору) жана «Альфа Телеком» («Мегаком» уюк оператору) компаниялары катышып, соңунда «Альфа Телеком» жеңип чыгат.

Аукциондун жыйынтыгы былтыр 5-декабрда расмий жарыяланып, «Мегаком» бренди менен таанымал «Альфа Телеком» жана «КТ Мобайл» компаниялары келишим түзөт. Ага ылайык, «Мегаком» «КТ Мобайл» компаниясы ээлик кылган GSM стандартындагы жыштыктарды пайдалануу укугуна ээ болмок. Бул үчүн «Мегаком» өнөктөшүнө 345 миллион сом төлөп бермек. Бирок тараптар техникалык маселелерге келгенде түшүнбөстүктөргө туш болушту.

«Мегаком» компаниясынын укуктук маселелер боюнча директору Айнура Жумашева талаштын түйүнү жөнүндө буларды билдирди:

«Мегаком» компаниясынын бренди.

«Келишим түзүлгөнгө чейин «КТ Мобайл» эч кандай ишмердүүлүк жүргүзгөн эмес. Анда болгону жыштыктарга гана лицензия болгон. Жыштыктар - бул тартыш нерсе, ошондуктан биздин кызыкчылыгыбыз болуп, жыштыктарды чогуу пайдалануу жөнүндө келишим түзгөнбүз. Чынында биз бирге иштешүүнү бир аз башкача элестеткенбиз. Ал эми «КТ Мобайл» өзүнүн менчик байланыш тармагын өнүктүрүүнү көздөп жатат. Ал өз алдынча абоненттерге ээ болуп, Кыргызстандагы төртүнчү уюк оператору катары ишке кирүүнү максат кылууда. Башкача айтканда биз же башка операторлор сыяктуу, кадыресе компания катары рынокко чыгууну көздөп турушат. Андан да «мына азыр, тез арада иш баштайбыз» деп жатышат. Ишти башташ үчүн биз да өзүбүзгө зыян келбегидей каржы чыгымдарын бөлүшүбүз керек да, туурабы? Келишим 10 жылга түзүлгөн. Жогоруда айткандай, биз аукционго катышканда алар менен башкача шарттарда иштешүүнү пландаганбыз. Ошондуктан «Мегакомго» зыян келтирбеш үчүн, биздин компаниянын кызыкчылыктары бузулбашы үчүн азыр биз ушул жагдайларды талкуулап, келишимдин шарттарын деталдуу карап чыгууга аргасыз болуудабыз. Бизге да, аларга да пайдалуу болгондой сунуштар каралууда. Ошондон кийин гана кызматташтыгыбыздын кийинки багыттары аныкталат».

«Мегакомдун» кеңселеринин бири.

​Жумашева түшүндүргөндөй, радиотолкунда «Мегаком» компаниясынын 70 МГц жыштыгы болсо, «КТ Мобайл» 27 МГц жыштыкка ээ. Бул экөө бириксе сигналдын таралуу зонасы кененирээк болот. Башкача айтканда «Мегаком» номерине ээ болгон телефондор көбүрөөк жерлерде тартып калат. Натыйжада компания кошумча байланыш бекеттерин куруудан да каржысын үнөмдөшү мүмкүн.

Ал эми «КТ Мобайл» компаниясы анын өз алдынча иш алып барышын өнөктөш ишкана мурда эле билгенин маалымдады. Ал тургай ал «Салам» деген ат менен рынокко чыгууну көздөгөнүн, май айында бет ачарын өткөрүүгө камданганын билдирүүдө. Бирок жогоруда айтылган пикир келишпестиктен улам, бул белгисиз мөөнөткө артка жылды.

«КТ Мобайлдын» директорунун орун басары Эрназар Рысалиев мындай дейт:

Эрназар Рысалиев.

«Дүйнөдө бир байланыш оператору экинчи байланыш операторунун жыштыктарын, бекеттерин колдонуу менен иш алып барган практика бар. Алар кадимкидей эле ижара төлөйт, бирок каржылык жактан өнөктөшүнөн толук өз алдынча болот. Бул «виртуалдуу уюк оператору» (MVNO, mobile virtual network operator) деп аталат. Бирок биздин шартта, «КТ Мобайл» жарым-жартылай виртуалдуу оператор болуп саналат. Анткени биздин өзүбүздө жыштык бар, бул багытта иш жүргүзүш үчүн лицензиябыз бар. Ошондуктан макулдашууда көрсөтүлгөндөй, биз өз алдыбызча оператор катары иштеп, «Мегакомго» анын жабдуусун пайдаланганыбыз үчүн кирешебиздин 67% берип турмакпыз. Кийин биздин компания ирденгенде кирешебизди 50-50% кылып бөлмөкпүз. Алар бизге эч нерсе төлөшпөйт. Башкача айтканда, биз жыштыктарыбызды толук саткан жокпуз, чогуу пайдалануу гана укугун саттык. «Мегакомдун» жетекчилери муну башында эле билишкен жана аларга пайдалуу болгону үчүн аукционго катышкан. Бирок алар кийин рынокто дагы бир атаандаш компанияга ээ болууну пайдасыз деп табышты окшойт. Мен бул позицияны түпкүрүнөн туура эмес деп ойлойм. Себеби, биринчиден, биз да мамлекеттик компаниябыз, экинчиден, биз көпчүлүк кирешебизди «Мегакомго» төлөмөкпүз. Эгер биздин компания коммерциялык негизде ишин баштай албай калса, алар биздин жыштыкты колдонуу укугун сактап калат. Кеп ушунда окшойт».

Эрназар Рысалиев ырастагандай, «КТ Мобайл» «Кыргызтелекомдун» алдында 2003-жылы негизделген. Жыштыктарга лицензияны сатып алган менен каржы жетишсиздигинен улам старт ала алган эмес.

Ага карабай Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетке караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигине жыл сайын олчойгон сумманы төлөп келген. Соңунда ал тургай мамлекетке кеминде 170 миллион сомдой карыз болуп калышкан.

«Кыргызтелеком».

«Биз мына-мына ишти баштайбыз деп турган чакта, «Мегаком» биздин компанияны анын тармактарына туташтырыш үчүн дагы кошумча 86 миллион доллар зарыл экенин билдирди. Анын өкүлдөрү «жаңы бекеттерди, жабдууларды коюш керек» дешти. Биз муну абсурд деп эсептейбиз. Башка компаниялар бул жөн эле техникалык маселе экенин, бизди тармакка оңой эле кошуп койсо боло тургандыгын айтып жатышат. Бизге старт алыш үчүн көп деле акчанын кереги жок. Биз ал тургай ошол жыштык үчүн алган акчабызды, карыздарыбызды жабууга жумшай баштаганбыз. Калган сумманы коммерциялык жумуштарга, тейлөө борборлоруна, сим-карта жасатууга жана башка чыгымдарга кетмек. Бирок техникалык көз караштан алганда, бизди тармакка туташтырып эле коюш үчүн эч кандай чыгым кетпейт. Аларда 1400дөн ашуун базалык бекет бар, бизди ошого эле кошуп койсо, ишти баштай бермекпиз», - деди «КТ Мобайлдын» өкүлү Рысалиев.

Бирок «КТ Мобайл» да, «Мегаком» да жыштык үчүн макулдашылган 345 миллион сомдун канчасы төлөнүп берилгенин тактаган жок.

Күңгөй-тескей пикирлер

Ошентип, тараптардын жүйөлөрү менен таанышкандан кийин маселенин жөнүн бир сыйра аңдап алгандай болдук. Жагдай «Мегаком» менен «КТ Мобайлдын» өздөрүнүн ортосунда, сүйлөшүү жолу менен гана чечиле турганын да билгенсидик. Ошол эле кезде коомчулукта, адистер чөйрөсүндө жана бийлик бутактарында эки компаниянын өз ара мамилеси түрдүүчө кабылданууда.

Маселен, Кыргызстандагы байланыш операторлорунун ассоциациясынын аткаруучу директору Айбек Күрөңкеевдин пикирин угалы.

Айбек Күрөңкеев.

«Чынын айтканда, бул жерде бир топ ньюанстар болуп жатат. «Мегаком» деле сатыкка коюлуп жаткан. «Кыргызтелекомдо» болсо Кытайдын линиясы боюнча карыздары бар. Ал «КТ Мобайлга» да тиешеси болобу, жокпу, ал да ачык суроо. Менимче тараптар өздөрү деле азыр кандай иш алып барышарын аягына чейин толук билбей жатышат. Ал эми сырттан караган бизге баа берүү андан бетер оор. Анткени келишимдерин мен көргөн жокмун. Бирок бир нерсени айта алам, Кыргызстанда төртүнчү уюк оператору түзүлсө, бул колдонуучуларга кызык болмок. Бул кошумча тандоо, кошумча атаандаштык, кыскасы абонененттерге жакшы болмок. Интернет таратуу жакшырмак. Эгер чет өлкөлөрдү мисал келтирсек, Германияда бир топ виртуалдык операторлор бар. Орусияда да иштейт. Өлкөнүн бардык бурчтарына коюлган базаны, бекеттерди кайра дагы кайталап куруштун канчалык зарылчылыгы бар? Алар алгоолошуп, ижара төлөө менен колдоно беришет. Бул жерде техникалык маселе жок, кеп юридикалык маселеде. Бизде аны ишке ашыруу чийки бойдон турат», - деди ал.

Бирок соңку жагдайда «Мегакомдун» тагдырына карата кабатырлангандар да болбой койгон жок. ​

Апрелдин аягында «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Гүлшат Асылбаева Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында «"Мегакомдун" акчасы эмне үчүн «КТ Мобайл» деген белгисиз компанияны жандандырууга жумшалып жатат?» деп суроо салган.

«Азаттыкка» берген комментарийинде депутат Дастан Бекешев да ушундай күмөн ойлорун ортого салды.

Дастан Бекешев.

«Билесиз го, мамлекет «Мегакомго» эч кандай салым кошпойт. Андан акчаны алып гана турат. Ошол эле Көчмөндөр оюндарын өткөргөндө компаниядан акча алышты, кайрымдуулукка акча керек болсо да алышат. Эгер мен жаңылышып калбасам, 2018-жылы эле «Мегаком» Кыргызстандын бюджетине 1 млрд. 200-300 миллион сом берген. Салыктан жана башка төлөмдөрдөн да алынган. Эми, «КТ Мобайлдын» лицензиясын беребиз деген шылтоо менен, дагы миллиондогон акчасын алып койдук. Бирок «Мегаком» өнүгүшү үчүн каражатын өзүнө да сарпташы керек да. Антпесе башка компаниялар атаандашууда утуп кетип жатпайбы. «Мамлекеттик компания» деп эле, биз акчасынын бүт баарын алып кое берсек, «Мегаком» банкрот болуп калат. Анын үстүнө «Ак үйдөн», тияк-бияктан адамдарды киргизе берип, аларда өтө көп киши иштеп жатат. Мына ушунун баары компаниянын рентабелдүүлүгүн жоготот. Аягы келип «Кыргызтелекомдун» кейпин кийип, артта калып кетет. Ошондуктан ушул кымбат бааланып жаткан чакта «Мегаком» компаниясын менчикке сатып жибериш керек», - деди эл өкүлү.

«Мегакомдун» баш кеңсеси. Бишкек, Кыргызстан.

«Мегаком» товардык белгисин алып жүргөн «Альфа Телеком» компаниясы мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевге таандык болгону үчүн 2010-жылдан кийин мамлекеттештирилген. Мекеме банкроттукка баратканын билдирген өкмөт компанияны 2016-жылы 19 миллиард сомго, 2017-жылы 13,5 миллиард сомго баалап, сатыкка койгон. Бирок эки жолу тең аны сатуу аракетинен майнап чыккан эмес.

Көмүскө жагдайлар

Эми «КТ Мобайл» компаниясы жөнүндөгү көшөгө артындагы кеп-сөздөргө келели.

Бул мекеме мамлекеттик экени айтылганына карабай коомчулукта, өзгөчө Интернет айдыңында түрдүү түкшүмөлдөр айтылып, жазылып жатат. Алардын бири - «компаниянын артында турат же аны коргоп жатат» деген адамдын ысымы. Журналист Тынчтык Алтымышев да компания тууралуу иликтеп жатып, ушундай суроолорго туш болду.

Тынчтык Алтымышев.

«"Ошол жыштык «Мегакомго» ушунчалык зарылбы? Бул аны өнүктүрүп жибергенге салым кошуп жибереби?" деген суроо менде ачык бойдон калды. Бул иш менимче Жогорку Кеңеште да, өкмөттө да каралган эмес. Ошондуктан менде, бул кимдир-бирөөлөрдүн «Мегакомдун» акчасын адалдап алуу аракетиби же анын акчасы менен аты бар, бирок үзүл-кесил иштеп тура турган компанияны түзүп, өздөрүнө каржы булагын даярдап жатышабы деген күмөн ойлор пайда болуп жатат. «КТ Мобайлдын» башчылары мурдагы министр Иманкадыр Рысалиевдин жакындары, балдары болуп кетерин мага ишенимдүү булактар айтышты. Ал киши өзү болсо президенттин иниси Асылбек Шариповичтин спикер болуп тургандагы кеңешчиси болгон экен, азыркы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы экен. Рысалиев азыркы учурда «көмүскө башкаруучуга» айланып калганы жөнүндө да кептер бар. Бирок эми булардын канчалык чындыгы бар, аны мен даана, толук тастыктай албайм», - деди ал.

Мурдагы социалдык өнүктүрүү министри, бир катар мамлекеттик мекемелердин мурдагы жетекчиси Иманкадыр Рысалиевдин өзү менен байланышканыбызда, ал бизге жогоруда маек курган Эрназар Рысалиев уулу экенин ырастады. Бирок ал «КТ Мобайлдын» ишине киришип, аны коргоого алып жатканы жөнүндө сөздөрдү толук төгүндөдү:

Иманкадыр Рысалиев.

«Эгер «КТ Мобайл» 100% «Кыргызтелекомго», мамлекетке караштуу болуп жатса бул жерде менин кандай кызыкчылыгым болмок эле? Балам ошол жерде иштегени чын. Ал Берлин техникалык университетинин бүтүрүүчүсү, мыкты программист. Ошол кесипкөйлүгү менен гана ошол жакта иштеп жатат. Мен «КТ Мобайлдын» директорун деле тааныбайм, бул компанияга кымындай да тиешем жок. «Кыргызтелекомдо» да иштебейм. Ооба, мурда төрт жолу министр болгом. Бирок азыр эч кандай мамлекеттик кызматта эмесмин. Болгону өкмөттүк эмес «Ачык өкмөт» улуттук форумунун катчылыгын жетектеп жатам. Мени «КТ Мобайлга» жабыштырып, «көмүскө башкаруучу» дешкени карандай калп. Ал эми Асылбек Жээнбековго эч качан кеңешчи болгон эмесмин. Ал Жогорку Кеңешти жетектеп турганда мен Парламент аралык ассамблеянын эл аралык институтун жетектеп тургам. Мени анын башчылыгына Асылбек Жээнбеков эмес, Орусиянын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко Санкт-Петербург шаарында бекиткен. Ошол учурда болгону Жогорку Кеңешке кирип-чыгып туруш үчүн «спикер Жээнбековдун кеңешчиси» деген эле күбөлүк берип турушкан», - деди Иманкадыр Рысалиев.

Юстиция министрлигинин сайтындагы реестрде «КТ Мобайлдын» директору Нурбек Мукамбетов экени жазылып турат. Ошондой эле анда компания «Кыргызтелеком» ачык акционердик коомунун туунду бирикмеси экени көрсөтүлгөн.

Бизге жеткен кабарларга ылайык, ушул тапта «КТ Мобайлда» 30га жакын кызматкер бар. Ал эми «Мегакомдо» 1150 киши иштей турганы кабарланат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.