КТРКдагы нааразылык: кимисиники туура?

Коомдук телеканалдын имараты.

Коомдук телерадиокомпаниянын бир катар кызматкерлери пикетке чыгып, баш директордун радио боюнча мурдагы орунбасары Кадыр Кошалиевди кызматына кайра коюуну талап кылышты.
Анын алдында Коомдук каналдын байкоочу кенеши башкы директордун жаңы орунбасарларын дайындоосуна уруксат берген эле. Коомдук каналдын башкы жетекчисинин мурдагы орунбасары Кадыр Кошалиев "Азаттыкка" өз жактоочуларынын нааразылыгынын жөн жайы жана коюп жаткан талаптары тууралуу айтып берди.



"
Азаттык": Сиз КТРКнын байкоочулар кеңешинин ишмердүүлүгүнө эмне себептен канааттанбай жатасыз?

Кадыр Кошалиев: Биринчиден, байкоочулар кеңеши революциядан кийин, стабилдүү эмес мезгилде өтө шашылыш түзүл калган. Байкоочулар кеңеши жөнүндө жобо да алешем. Мисалы башкы деректирди шайлоодо жөнөкөй көпчүлүк добуш менен бекитилет дейт дагы анан алардын орун басарын бекитүүдө үчтөн эки добуш менен деп жүрөт. Кыскасы жобо дагы алешем. Андан сырткары ошол байкоочулар кеңешине талапкерлерди тандоо дагы өтө шашылыш жүргүзүлгөн, көбүнчө ушул медиа рынокто иштеген корпоративтик кызыкчылыктары бир адамдар келип калшыты. Анын үстүнө адискөй эмес, телерадио тармагын билбеген адамдар келип калышты. Мына бүгүн коомдук телеканалга айландык дешет дагы эртеден бери ошол коомдук биринчи каналдын алдында пикет болду. Чыгып "Ала-Тоо" программасынан тартып, эфирге беришкен жок. Анан каяктагы коомдук, каяктагы оперативдүүлүк, каякты чындык, адилеттүүлүктү айтабыз дейт, мен түшүнбөйм.

"Азаттык": КТРКда иштеген кызматкерлер жана өздөрүн коомдук демилгечилер атаган адамдар сизди кызматта калтырууну талап кылып пикет өткөрүшүптүр. Ал адамдарга сиздин кандай тиешеңиз бар, анан ошол пикеттин өтүшүнө сиздин салымыңыз канча болду?

Кадыр Кошалиев: Биринчиден, ошол жамааттын реакциясы, экинчиден ошол пикетке чыккан адамдар негизинен мекенчил, улутчул адамдар. Биз жакында Ош шаарында элдик курултайды өткөрүү боюнча элдик жыйын өткөрүп келдик. Ошол жерде мекенчил багыттагы биздин замандаштар айтты: "Бул сенин жеке маселең эмес, андыктан сен өз позицияңда бекем тур, биз бул боюнча өзүбүздүн пикирибизди билдиребиз. Ал жерде сен жалпы элдик, улуттук маселелерди көтөрүп аткансың, кесибиң тажрыйбаң боюнча туура келесиң, демек сен иштөөгө милдеттүүсүң, ошондуктан биз бул маселени көтөрөбүз", дегенде мен алар менен макул болгонум чын.

"Азаттык": Сиз ошол радио жаатындагы орун басарлык кызматка татыктуумун деп эсептейсизби?

Кадыр Кошалиев: Мисалы акыркы жылдарда кээси Ош базарда картошканы сатып алгандай кызматты сатып алган адамдар, анан кызматты саткан адамдар бар экени жашыруун деле болбой калган. А бул кызмат, бул иш - менин кесибим. Беш жыл теориясы, он беш жыл практикасында келатам. Демек мен өз ордумда отурам деп эсептейм. Ошондуктан ал жердеги беш ай иштебегениме карабастан көпчүлүк менин кесиптештеримдин колдоп чыкканынын өзү эле менин өз ордумда экенимди билгизип турат.

Бул окуя боюнча өз ой-пикирин Коомдук телерадиокомпаниянын жетекчиси Кубат Оторбаев да “Азаттыкка” билдирди:

Кубат Оторбаев: Кадыр Кошалиев мырза өзү байкоочу кеңешти таратсак деген пикирин мурда эле айтып жүргөн. Ал башкы деректирликке өзүн сунуш кылганда дагы, андан мурда, андан кийин дагы, менимче ошонусун мындан ары да күчөтүп улантам деп атат. Бул байкоочу кеңеш убактылуу өкмөттүн декрети менен кабыл алынган жобонун негизинде убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү тарабынан кырктан ашык элүүгө жакын кишинин ичинен тандалып алынган болчу. Эми мындан аркы тараш-тарабашын биз чече албайбыз. Муну айта турган атайын органдар бар. Президент бар, Жогорку Кеңеш бар жана коомчулук бар.

"Азаттык": Кадыр Кошалиевди кызматтан алуу чечимин эмненин негизинде кабыл алгансыз?

Кубат Оторбаев: Радио өзү өнүгүүнүн жолунда кетип бара жатат. Кадыр Кошалиев мырза мурдагы орун басар Султан Каназаровду президент Роза Отунбаева маалымат катчы кылып алып кеткенден кийин ошол тараптан сунушталып келген. Биз алты айдай иштештик окшойт. Жаман иштешкен жокпуз, ынтымактуу иштештик. Бирок радио эми башка багытка өнүгүп өсүш керек, ушундан улам жамааттын өзүндө ар кандай пикирлер болуп келгендиктен биз Кадыр Кошалиевди бул орунга ылайык көргөн жокпуз.

"Азаттык": КТРКнын алдында Кадыр Кошалиевди колдогон пикет өткөн экен. Кадыр Кошалиевдин айтымында бул иш-чараны сиздердин корпорациянын кабарчылары тасмага түшүрүп алышыптыр, бирок эфирге кирбептир. Анан мунун эмнеси коомдук телеканал деп Кадыр мырза суроо салып атат?

Кубат Оторбаев: Биринчиден, Кадыр Кошалиев боюнча пикирди сурап бизде иштебеген он бештен ашык киши келишиптир. Мен алардын тогузун кабыл алып сүйлөштүм. Бирок биз тартып алган эмес экенбиз, тартып алса башка компаниялардын тартып алса керек. Биз аларга репортажга сүйлөп берүүнү кийин сурандык. Бирок алар андан баш тартышты. Ошондуктан биз эч кандай маалымат бербей турууну туура таптык. Бирок башка жактарга интервьюларды берип эле атам. Анан экинчиден, мындай да сөз болуп жатпайбы жамаат колдоп жатыптыр деп. Ал жерде колдогон канча адам бар экендиги да белгисиз. Жанагы жаңы дайындалган орун басар Руслан Асанбек уулу биз менен иштебесин деген кайрылууга кырктай адам кол коюп берген, бирок анын бардыгы эле Кадыр Кошалиевдин калышын каалашпайт. Арасында бир-эки киши болушу мүмкүн, бирок Кадыр Кошалиевди баары колдоп атыптыр деген жаңылыштык болуп калат. Ошону да эске алсак.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

КТРКдагы нааразылык