Журналисттерди тизгиндөө демилгеси кайра козголду

Кыргызстандык журналисттер. Ош шаары, 2013-жыл.

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары такталбаган маалымат тараткан журналисттерди эркинен ажыратуу демилгесин кайрадан көтөрүп чыкты.
Ар башка фракциядагы он төрт депутаттын сунушуна ылайык, Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, жалган маалымат жазган журналист бир жылга чейин камалышы керек. Ушуга окшош мыйзамды төрт ай мурун бийликчил депутат Галина Скрипкина да сунуштап, медиа коомчулук тарабынан катуу сын айтылгандан кийин артка кайтарып алууга мажбур болгон.

Мадина Шералиева жети жылдан бери журналист. Маалымат агенттиктеринин биринде жаңылык жазуу жанрында эмгектенет. Жогорку Кеңештин депутаттары көтөргөн демилгени ал сөз эркиндигин кысымга алуу катары сыпаттады:

- Менимче, бул сөз эркиндигине чек коюунун бир аракети. Карап көрсөк, кыргызстандык журналисттер ар бир жазган кабарын маалымат булагына шилтеме менен жарыялайт. Кесиптештерим тараткан кабарлардан улам канчалаган кылмыштардын бети ачылып, канчалаган туура эмес аракеттерге бөгөт коюлуп келүүдө.

Жалган маалымат тараткан журналистти кылмыш жообуна тартуу өткөн жылдын октябрь айында КСДП фракциясынын депутаты Галина Скрипкина тарабынан сунушталган болчу. Бирок медиа тармагындагы эксперттердин жана жарандык коом өкүлдөрүнүн нааразылыгына кабылып, 7-ноябрь – басма сөз күнүнүн алдында мыйзам долбоорун убактылуу артка кайтарып алган.

Он төрт депутат кайра көтөрүп чыккан сунушту шейшембиде Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитети карады.

Демилгечилердин бири Турат Мадылбеков сунуш тууралуу буларды айтып берди:

- Бардык журналисттерди начар дегенден алысмын. Чыгармачылык менен иштеп, өз ишин мыкты алып барган журналисттерибиз көп. Бирок ушак-айыңдан нары өтө албай жүргөндөрү да көбөйүп кетти. Айрыкча бул адат гезиттерде күч алган. “Дейт го", "деген имиш", "болгон имиш” деген сөздөр менен жазылган макалаларды окуп жүрбөйбүзбү. Такталбаган кабар жазып, канчалаган адамдардын абийирине шек келтирип жатышат.

Кыргыз журналисттеринин арасында имиш сөздөргө таянып макала жазуу азайбай жатканын медиа коомчулук өкүлдөрү өздөрү да белгилеп келет. Сын пикирлерге жооп катары көбүнчө Конституция сөз эркиндигине бут тосууга тыюу салары айтылат. Баш мыйзамда жалган жалаа үчүн кылмыш жообуна тартуу жагы каралган эмес. Ошондуктан маалымат таратуудагы жоопкерчиликти күчөтүү демилгеси карама-каршылыктарга себеп болорун медиа-эксперт Бакыт Ибраимов белгилейт.

- Биздин Конституцияда жалаа жапкан сөздөр үчүн адамды жазалоо жазылган эмес. Ошондуктан депутаттар көтөрүп жаткан маселе Баш мыйзамга каршы келет. Эгер депутаттар көтөрүп жаткан демилге ишке ашса, анда цензура тор жайып, көз карандысыз маалымат каражаттарына каршы аракеттер башталат. Анын айынан карапайым калк туура маалыматтарды ала албай калышы мүмкүн.

Депутат Турсунбай Бакир уулу так эмес маалымат үчүн жазаны күчөтүү зарылдыгын айтат. Социалдык тармактарда журналисттер менен дайым кайым айтышып жүргөн депутат Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү сунушу парламентте колдоо табарына ишенет:

Турсунбай Бакир уулу

- Азыр журналисттер “сөз эркиндиги” деген түшүнүктү “сөз башаламандыгы” катары кабылдап алды. Бирөөнүн абийирине шек келтирдиңби, анда сот жообуна тартылышың керек. Жалган маалымат таратканың үчүн керек болсо камалууга тийишсиң.

Өзгөртүү сунушталып жаткан азыркы Кылмыш-жаза кодексинин 329-беренесине ылайык, жалган кабар тараткандар бир жумадан бир жылга чейин коомдук жумуштарга тартылып, эл алдында кечирим суроого же 100 миң сомго чейин айыппул төлөөгө тийиш. Эгер жасалма документтер аркылуу атайын каралоо болбосо, камакка алынбайт.

Жарым жылга жетпеген аралыкта парламентте экинчи ирет көтөрүлүп жаткан маселе жалпы депутаттардын колдоосуна ээ болобу же жокпу, азырынча белгисиз. Сунуштун бир варианты артка кайтарылып алынганын эске ала турган болсок, бул демилгенин колдоо табаары күмөн болуп турат.