Элдин пикири менен эсептешүүнү суранган активисттер шаардык кеңештеги бир катар фракциялардын аталышы жазылган сөлөкөттөрдү да көтөрүп алышкан.
Жарандык активист Айбек Мырза.
Равшан Жээнбеков.
Журналист Канышай Мамыркулова "Шаар деген сөздү жаза албаган адам кантип мэр болот" деген суроону койду. Ал Суракматовду сынактан өткөргөн Мамлекеттик тил комиссиясын сотко берерин билдирди.
Талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо максатында түзүлгөн комиссия Азиз Суракматовду бир добуштан "кыргыз тилин билет” деген чечим чыгарган. Бирок анын дилбаянында кетирген каталары социалдык тармакка тарап, шакабага айланды.
Нааразычылык акциясынын катышуучулары мэриянын имаратына кирүүгө аракет кылышты.
Бишкек шаарынын мэринин кызматына Азиз Суракматов жалгыз талапкер болуп катталган. Анын талапкерлигин Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция көрсөткөн. Шаардык кеңештеги коалицияга кирбеген “Республика – Ата Журт” талапкер чыгарбай турганын билдирген. Атаандашсыз мэр шайлоо жараяны коомчулукта нааразы пикирлерди жаратууда.
Акция соңунда жарандык активисттер шаардык кеңештеги фракциялардын аталышы жазылган сөлөкөттөрдү таштандыга ыргытышты. Алар мэрликке Азиз Суракматовдун шайланышына нааразылык иретинде ушундай кадамга барышты.
Жарандык активисттер 8-августта чогулуп, Бишкек мэрин шайлоо жараянына каршы нааразылык билдиришти.