Матраимовдун иш-чарасы коомду козгоду

Матраимовдордун иш-чарасына катышкандар.

Кара-Суу районунда бир тууган Матраимовдор өткөргөн иш-чарага жоон топ бийлик өкүлдөрүнүн барганы талкууга түштү.

Кыргызстан Эмгекчилердин тилектештик күнүн белгилеп жатканда Кара-Суудагы спорттук мелдеш майрамдагы көп иш-чаранын бири болуп калмак. Бирок мелдешти артынан көп сөз ээрчиткен бир тууган Матраимовдор уюштурганы жана ага жоон топ саясатчынын барышы күндүн негизги окуясы болду.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Раим миллион" элитаны жыйнады

«​Уранга кайдыгер, тойго даяр...»

Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтүндө өткөн спорттук мелдеш 9-май - Жеңиш күнүнө жана Матраимовдордун атасы Исмаилдин элесине арналган.

Ал иш-чарага вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков баш болгон Алтынбек Сулайманов, Алмамбет Шыкмаматов, Жанарбек Акаев, Мирлан Бакиров, Руслан Казакбаев, Канатбек Исаев, Алмазбек Баатырбеков, Абдывахап Нурбаев, Улан Примов сыяктуу жыйырма чакты депутат, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов, өкмөттүн Ош жана Жалал-Абад облустарындагы өкүлдөрү Узарбек Жылкыбаев менен Кыянбек Сатыбалдиев сыяктуу жогорку бийлик өкүлдөрү катышкан.

Бул иш-чарадан тартылган сүрөттөр социалдык тармактарга чыгары менен көптөгөн колдонуучулар ага катышкан саясатчыларды сындап чыгышты. Алардын көпчүлүгү жооп топ депутаттарды карапайым калкты тынчсыздандырган уранды иштетүү же башка маселе боюнча эл менен жолукпай, эл арасында «Раим миллион» деген каймана ат менен белгилүү Матраимов уюштурган иш-чарага барганына нааразы болушууда.

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров:

«Карапайым эл толкуп, "уран казылбасын, урпактарыбыз уукпасын, эл уулдары бошотулсун" деп аянтта, сотто жүгүрүп жүрүшсө Ак үй, Көк үйдөгүлөр мейманчылап жүргөнү эмнеден кабар берет?» деп суроо салды.

Дал ушундай эле пикирлерди социалдык тармактарда көптөгөн колдонуучулар жазып, бийлик өкүлдөрүн моралдык жоопкерчиликке чакырышууда.

Убагында Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибековду "кылмышкер менен чай ичтиң" деп кызматтан алдырган.
Орозбек Молдалиев

«Кызматтан мыйзамсыз алынганын айтып, өкмөт менен соттошуп жаткан Райымбек Матраимов өткөргөн иш-чарага өкмөттүн жетекчилеринин бири - биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов кантип барды?» дегендер да чыкты.

Жарым жылдан бери өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Матраимовдун мүлкү боюнча кеп-сөздөрдүн чын-бышыгын такташ үчүн текшерүү жүргүзүп келатат. Мындай тапшырманы президент Сооронбай Жээнбеков берген эле. Бирок Раимбек Матраимовдун иниси Ислам Матраимов анын мүлкүн текшере турган Финполициянын ички иликтөөлөр жана коопсуздук башкармалыгын жетектейт.

Раимбек Матраимовдун Бажы кызматынын жумуштан алынышы жаңжалга айланган. 2017-жылы ал кездеги премьер-министр Сапар Исаков Матраимовду атайын берене боюнча кызматтан алган. Былтыр апрелде Матраимов иштен негизсиз кеткенин айтып, өкмөттү сотко берген. Бул арыздын негизинде Бишкектин Биринчи май райондук соту аны иштен мыйзамсыз алынган деп тапкан болчу.

«Трагедия жасабайлы...»

Иш-чараны уюштурган бир туугандардын бири, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов мелдешке келген саясатчылардын көпчүлүгүн өзү чакырганын «Азаттыкка» айтып берди:

Искендер Матраимов.

​«Бул иш-чара 8-9 жылдан бери өтүп келет. Жыл сайын 9-майга жакын өткөрчү элек. Бул жолу 6-майда Орозо башталат, ошондуктан 1-майга туштап эртерээк өткөрүп жатабыз. Эл ошол күнү келип, катышат. Майрамдык маанайда өтөт. Айыл өкмөттөрдүн арасында кичи футбол жана волейбол боюнча мелдеш өткөрөбүз. Мен 3,5 жылдан бери Жогорку Кеңеште депутат болуп отурам. Жылда эле депутаттар келет. Жыл өткөн сайын депутаттардын арасында бири-бирине болгон мамилеси жакын боло берет экен. Ушундай иш-чарага өзүм депутаттарды чакырдым. Алар менин чакыруумду кабыл алып, катышып кетишти. Мен түшүнүп жатам... Менин иниме болгон сөздөрдүн буга кандай тиешеси бар? Бул жерде трагедия болбосо керек. Муну баары туура түшүнүшү керек. 15 миңдей эл катышты. Кыргыздар бир ууч элбиз, бири-бирибиз менен катташабыз да, ушинтип».

Мындай талкуу жаралган соң иш-чарага катышкан депутаттардын бири Жанарбек Акаев ошол замат түшүндүрмө берди.

Жанарбек Акаев абактагы Өмүрбек Текебаевди колдогон акцияда сөз сүйлөөдө, 23-апрель, 2019-жыл.

«Шайлоочулар менен жолугуп, 3-4 күндөн бери Ошто жүргөм. Бүгүн депутат Искендер Матраимов чалып, "Бишкектен 30дай депутат келатат, Кара-Сууда ири спорттук иш-чара өтөт, ошол жерде согуштун ардагерлерине куттуктоолор айтылат" деп чакырган. Мен депутаттар менен кошо бардым. Райымбек Матраимов менен жеке тааныш эмесмин. Мен анын тоюна же туулган күнүнө барган жокмун. Миңдеген адамдар менен жолугушуу үчүн баргам. Кымындай да жаман ой болгон эмес. Бирок албетте, коомчулуктун сыны аябай күчтүү болду. Муну биз сабак катары кабыл алабыз. Алардын тепкисине чыдоодон башка аргабыз жок», - деген депутат иш-чарага катышканына өкүнүп жатканын айтты.

Иш-чарага катышкан депутаттардын бири, «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов окуяны коомчулук туура эмес кабыл алды деген пикирде.

Алмамбет Шыкмаматов абактагы Өмүрбек Текебаевди колдогон акцияда сөз сүйлөөдө, 23-апрель, 2019-жыл.

«Кара-Суу районунда 400 миң адам жашайт, - деди ал. - Дал ушул райондо 18 команда катышкан волейбол боюнча турнир өтүп жатат, 70ке чукул согуштун ардагерин куттуктайбыз деген расмий чакыруу келген. Мен дал ушул чакыруу боюнча бул иш-чарага келдим. 5 миңге жакын киши катышты. Мен "Раимге келдиңер, силер да ошондойсуңар" дегенге кошулбайм. Анткени эгерде кайсы бир райондо артында сөз ээрчиген адам чыкса, ал районго барбай коюшубуз керекпи? Ал туура эмес».

Саясий талдоочу Орозбек Молдалиев бул иш-чаранын айланасындагы талкуу болгонун туура көрөт. Эксперт мындай жол менен коомчулук саясатчыларды тартипке чакырып турушу керек экенин айтты:

«Бул коомдо уят-сыйыт, моралдык жоопкерчилик азайып калганын билдирет. Кыргызда "ал кишиге кол бербейм" деген сөз бар. Ошол сыяктуу депутаттар да эгер кайсы бир адамдын күнөөлүү экенин билип турса барбай коюшу керек болчу. Убагында Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибековду "кылмышкер менен чай ичтиң" деп кызматтан алдырган. Ошол сыяктуу Батышта саясий элита кимдир бирөөнүн тоюна бармак тургай, андай адамдар менен мамиле түзбөйт. Кыргызстан да мындан сабак алышы керек».

1-май, 2019-жыл.

Коомчулуктун мындай кызуу талкуусуна буга чейин «Раим миллион» деген каймана ат менен таанылган, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов тууралуу сөздөр себеп болду көрүнөт. Анткени акыркы убакта Матраимовдун үй-бүлөсүнүн айланасында абдан кызуу талкуулар жүрүп келатат.

49 жаштагы Райымбек Матраимов өлкөдөгү эң бардар адамдардын бири катары сыпатталып келет. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өзү бийликте турганда бажыдагы жооптуу кызматта иштеп кеткен Матраимовду «бажы тармагындагы коррупциялык схемаларды түзгөн» деп айыптап, азыркы бийликти «анын мыйзамсыз иштерине көз жуумп келет» деп сындап чыккан. Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков болсо Матраимовдун мүлкү боюнча кеп-сөздөрдүн чын-бышыгын такташ үчүн текшерүү жүргүзүүнү тапшырган.

Матраимовдордун үй-бүлөсү бардар экенин жашырбайт. Алар атасынын атынан фонд ачып, Кара-Суу районунда кайрымдуулук иштерин жүргүзүп келгенин байма-бай айткан эле.

Дагы караңыз Матраимовдун «маалкаткан» мүлкү

Райымбек Матраимовдун бир туугандары акыркы кезде бир катар жогорку кызматка дайындалганы бул кептерди күчөткөн. Маселен, мурдагы бажычынын агасы Искендер Матраимов Жогорку Кеңешке КСДП фракциясынан депутат болсо, дагы бир агасы Тилек Матраимов - өлкөдөгү эң ири Кара-Суу районунун акими.

Иниси Ислам Матраимов анын мүлкүн текшере турган Финполициянын ички иликтөөлөр жана коопсуздук башкармалыгын жетектейт. Бирок Матраимовдор мындай даражага ак эмгектин арты менен жеткенин айтып жүрүшөт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.