Райымбек Матраимов суракка чакырылды (видео)

Райымбек Матраимов.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов УКМКга суракка чакырылды.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка 29-ноябрда түштөн кийин чакырылды.

Буга чейин артынан көп сөз ээрчигине карабастан коомчулуктун көзүнөн далдоо жүргөн Матраимов атайын кызматтын имаратына кирип бара жаткан сүрөт тарады.

Муну УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов да ырастап, Райымбек Матраимовдун суракка чакырылышынын себебин айтты:

Рахат Сулайманов.

- 29-ноябрда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов күбө катары УКМКга суракка чакырылды. Матраимов журналисттик иликтөөдө жарыяланган бардык жагдайлар боюнча суралат. Учурда аталган сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Айеркен Саймаитиге карата болгон коркутуу боюнча маалыматтарды толук жана объективдүү жүргүзүү максатында бардык жагдайларды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.

Райымбек Матраимов беш сааттан ашык сурак берген соң, саат 19:40 чамасында УКМКдан чыкты. Ал тышта күтүп турган журналисттерге комментарийди кийин бере турганын гана айтып, калган суроолорго жооп берген жок. Мындан ары ал дагы суракка чакырылабы, сурак учурунда эмне жөнүндө сөз болду деген маалымат азырынча айтылган жок.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Матраимов: Комментарийди кийин берем

Учурда Матраимов жана анын жакындары суракка чакырылганы боюнча эч кандай комментарий бере элек. Ал буга чейин билдирүү таратып, журналисттик иликтөөдө айтылгандарды курулай каралоо катары баалаган.

«Раим миллион» деген ылакап ат менен эки жылдан бери талкуунун бутасына айланган Райымбек Матраимовдун күбө катары суракка чакырылышы дароо коомчулуктун көңүлүн бурду. Анткени буга чейин бажыдагы коррупциялык схемаларга тиешеси болушу мүмкүн деген коомчулуктагы шектенүүгө, журналисттик иликтөөлөргө эч кандай чара көрүлө элек болчу.

Дагы караңыз Коом менен бийликти козгогон коррупция

Коомчулуктун Матраимовду жоопко тартуу тууралуу талап өткөн аптада Бишкекте өткөн акцияда айрыкча байкалган. Миңден ашык киши катышканы айтылган бул акция «Азаттык» радиосу, «Клооп» порталы жана «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) чогуу жарыялаган журналисттик иликтөө чыккандан кийин уюштурулган.

Ошондуктан УКМКнын бул кадамын бийликтин жарандык коомдун талабына реакция катары санагандар бар. Парламентте Стамбулда өлтүрүлгөн уйгур улутундагы ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүн иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын мүчөсү, депутат Мирлан Жээнчороев эми тергөө органдары ишти обьективдүү жүргүзүшү маанилүү деген пикирде.

Мирлан Жээнчороев.

- Бул сөзсүз түрдө кечээги иликтөөгө реакция, - дейт ал. - Буга чейин Саймаитиге кол салуу боюнча кылмыш иши козголду. Аны Башкы прокуратура УКМКга өткөрүп берген. Эми ошол иштин алкагында тиешелүү адамдарды чакырып, суракка алып жатат. Коомдун талабына реакция.

Ошол эле кезде Райымбек Матраимовдун күбө катары суракка чакырылышын коомдогу нааразылыкты басаңдатуу, эл көзүнө «кожо көрсүн» аракет болушу мүмкүн деп шекшигендер да бар.

Буга чейин Матраимовдун ишин иликтөөгө чакырып келген «Үмүт 2020» кыймылынын мүчөсү Нурсултан Акылбек жарандык коом бул ишке көзөмөлдү ого бетер күчөтөрүн билдирди:

Нурсултан Акылбек.

- Булар формалдуу же элди ынандырыш үчүн эле суракка чакырып коёбуз дешсе жаңылышат. Биз өз ишибизди токтотпойбуз. Качан гана ал кишиге иш козголуп, казынадан уурдалган каражатты кайтармайынча көзөмөлдү уланта беребиз.

Акылбек «Үмүт 2020» кыймылы жакын арада Матраимовдун чет өлкөлөрдөгү жаңы мүлкү боюнча иликтөө жарыяларын кошумчалады.

Ошол эле учурда Матраимовго негисиз каралоо жүрүп жатканын айтып, жан тарткан саясатчылар да кездешет. Маселен, «Ата Журт» партиясынын лидерлеринин бири Камчыбек Ташиев:

Камчыбек Ташиев.

- Райымбек Матраимов өтө деле чоң кызматта иштеген эмес, эң көп болсо Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болгон. Ал министр да, депутат да болгон эмес. Кичинекей эле бир жигит. Ал жакшынакай, карапайым, ийкемдүү жигит. Аны жөн эле мамлекеттик деңгээлге алып чыгып, каралай берген болбойт, - деген Ташиев "Азаттыктын" "Эки-бир" берүүсүнө курган маегинде.

Ал ортодо журналисттик иликтөөдө айтылган бажыдагы коррупция жана сыртка акча которуу боюнча өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев алгач жолу эл алдында пикирин билдирди.

28-ноябрда парламентте бюджетти талкуулоо маалында премьер-министр коррупцияга каршы чыгып жаткан жарандардын талаптарын колдой турганын, айтылган маалыматтарды текшерүү боюнча тийиштүү тапшырмалар берилгенин айтты:

Мухаммедкалый Абылгазиев.

- Учурда коомчулукта 700 млн. доллар боюнча сөз болуп жатат. Бул боюнча биз да өз оюбузду айтышыбыз керек. Ачык-айкындыкты, көмүскө экономикага каршы чыгып жаткан жарандардын демилгесин колдойбуз. Бул боюнча иликтөөчү топ түзүлдү. Ал топко кызыкчылыгы бар жарандар да катышса болот. «Азаттык» радиосу, журналисттер берген фактыларды изилдеп чыкканга президент катышкан жыйналыш өтүп, тапшырма берилди.

«Азаттыктын» ушул жылдын май айындагы жарык көргөн иликтөөсүндө 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.

Иликтөөнүн экинчи бөлүгү 21-ноябрда жарыяланып, анда бул маалыматтарды Саймаити өзү журналисттерге бергени маалымдалган. Бул акча чыгарууга Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун байланышы бар экени белгиленген.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) өлкөдөн чыгарылган сумма 932 миллион 736 миң доллар болгону такталганын жарыялаган болчу.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​