Сандык - септин көркү

Сандык саткан базарда.

Сандык саткан базарда.

Бишкектин Ош базарында күз келгенден тарта сандык саткандардын соодасы кызыйт.

Сандык кыргыздын улуттук буюмдарынын бири. Сандыкты кыздын себине кошуп берүү эзелтеден келген салт. Ал жаңгак, арча же карагайдан жасалып, көчүп-конууга ыңгайлуу болгон.

Учурда жыгач усталар бул буюмду кардарлардын табитине ылайыктап, өзгөчө стилде, оймо-чийме менен кооздоп жасашат. Заман талабына жараша сандыктын жасалгасы өзгөрүүдө.

Базарда кардарлар өз табитине жараша сандыктын түрүн табышат.

Учурда той-топур күч алып, кызга сеп камдагандар арбын. Ош базарында сандык саткандардын соодасы кызып, ташы өргө кулап турган учур.

Базардагы сандыктардын баасы үч миң сомдон башталат. Мыкты жасалган сандыктын баасы 10-12 миң сомго сатылса, атайын буюртма менен жасалгандар андан да кымбатка бааланат.

​Базардагы кооз жана кымбат сандык. Баасы 12 миң сом. Кызыл карагайдын жыгачынан өзгөчө чеберчилик менен жасалган.

Сандыктын кымбаты жыгачтан, арзаны ламинат менен акрилден жасалат.

Акрил же ламинат сандыктар жука, жеңил жана баасы арзан.

Чынара апа учурда кичүү кызына сеп камдап жатат. Атайын Нарындын Кара-Кужурунан келген. Ал мыкты сандыктарды Бишкектен гана тапса болорун айтты.

Кыргыздарда сандык укумдан-тукумга өтүп келген. Байбичелер сандыкта кездемеден тарта набат-чайына чейин сакташкан. Сандыктын ачкычын чач уштукка байлап алышкан.

Сейитбек Төрөбеков аттуу мекендешибиз кызына 5 миң сомго сандык алды.Бул сандык кызымдын кыздарына, неберелериме чейин кызмат калса экен" , - деди толкунданган ата.

Сандыкты аларда жакшылап кароо керек.

Усталар сандыктын ичине түстүү кагаздарды чаптап коюшат. Бул буюмга көрк берет, экинчиден, анын ичиндеги майда кемтиктерди жаап-жашырып турат.

Базардын бул бөлүгүндө сандыкты машинеге чейин жеткирип бере турган араба айдоочулар да бар.

Сандыкты алуу үчүн көбүнчө аялдар келет. Айрым сандыктар жеңил болгондуктан эки киши кыйналбай эле көтөрүп кетсе болот.

Сандык сатылган жерден кызга бериле турган жууркан-төшөктөрдүн дагы түрүн тапса болот.

Кыргызда сандык энеден кызга, кайненеден келинге мураска калган. Сандыкты, боз үйдүн сөөгүн, бешикти мыкты жасаган жыгач усталар бааланган.

Сандык саткандар бул жерде жайдыр-кыштыр турат. Жыгач жана кездеме бат тутанып кетерин эске алышып, контейнердин ичине жылыткыч сайышпайт.

Кыргызстандын жети дубанынын табити ар башка. Акыркы жылдары кооз, боорунда шкафтыкындай эшиги бар сандыктар көп жасала баштады. Түштүктө аны жабан деп коюшат. Сатуучулар бул буюм ыңгайлуу экенин айтышат. Шыпка чейин тирелген жүктү бузуп, кайра жыйганды кожойкелердин баары эле жактырбаса керек...

Атын айткысы келбеген бул сатуучу он жылдан ашуу убакыттан бери сандык сатып иштейт. Анын айтымында, мындан 15 жыл мурда темир сандыктар сатыкка чыккан. Бирок алардын сапаты начар болгон. Азыркы сандыктар жаңы технология менен жасалгандыктан сапаты мыкты экенин кошумчалай кетти.

Сандыктардын бети да ар кандай кооздолот. Улуттук оюм-чийимдерди түшүрүп, ар кандай сүрөттөрдү да тартып, үстүнөн лак менен сырдашат.

Сандык жаш үй-бүлөдө чемодандын милдетин аткарат. Ашыкча кийим, идиш-аякка чейин салынган бул буюмга күз келгенде талап күчөйт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.