Өрүк бизнеси жолун таба элек
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Баткендик багбандар кийинки жылдары өрүктү сапаттуу өстүрүү жана кургатуунун жолдорун өздөштүрө баштады. Баткен өрүгүн ири базарларга алып чыгып, дүйнөгө жайылтуу үчүн жеке ишкерлер менен айыл чарба кооперативдери аракеттенген менен жыйынтык көңүл жылытарлык эмес. Жергиликтүү элдин алтын күкүрт менен ыштап, кургаткан кагы кошуна Тажикстандан башка жактарга дээрлик сатылбайт.