Мариинский театрында жылдызы жанган кыргыз

Раманбек Бейшеналиев.

24 жаштагы кыргызстандык Раманбек Бейшеналиев - Орусиядагы Мариинский театрында балет бийчиси.

2-февралда Мариинский театрында Раманбек Бейшеналиев «Шурале» балетинде башкы партияны бийлеп, чоң сахнадагы жылдызы жарк этти. Сегиз жыл мурун өспүрүм баланы Бишкектен Санкт-Петербургга дал ушул кыялы жетелеп келген эле.

«Азаттык»: - Раманбек, өзүңүз жөнүндө айтыңызчы. Балетке качан кызыга баштагансыз?

Бейшеналиев: - Сегиз жашымда Кыргыз опера жана балет театрында иштеген аталаш агам Эрдалы Раманкулов мага «сен балетке бар, сенде шык бар» деп калды. Бирок мен анда балет эмне экенин түшүнчү эмесмин. Биз үй-бүлөбүз менен Бишкектин четиндеги Жогорку Орок деген айылда жашачубуз. Андан жогору Жал айылындагы мектепте окуп, сабактан тышкары каратэге, футболго барып жүрчүмүн.

Үч жылдан кийин агамдын кызы Бишкектеги хореографиялык окуу жайына өттү. Ошондо мен да анын артынан жөнөдүм. Ата-энем эркек бала болсом да, «балетке барам» дегениме каршы болушкан жок. Алар менин айылда эмес, шаарда билим алышымды каалашты.

Машыгуу учуру.

Балет оңой эмес. Окуу жайында кээ бир балдар ыйлап, кыйналып, оор талаптарга чыдабай, кетип калган учурлар болду. Мен башында жөн гана мугалимдердин айтканын айткандай кылып, күнүнө 4-5 сааттан тапшырмаларды так аткарууга аракет кылып жүрдүм. Балетте бийлөө менин келечегим экенин кийин түшүндүм.

«Азаттык»: - Санкт-Петербургдагы Балет академиясына кантип өттүңүз? ​

Бейшеналиев: - Хореография окуу жайында 9-класста окуп жатканымда бизге жаңы мугалим келди. Ал Досмат Садыркулов болчу. Ал өзү мурун Санкт-Петербургдагы Балет академиясын бүткөн. Бул адам менин жашоомду өзгөрттү десем болот. Анын жардамы менен мен 2011-жылы Питерге келип, ушул академияда үч жыл окудум.

Мен жашоомдогу бул өткөөл мезгилди эч унутпайм. Питердеги балет академиясында орус балетин түптөгөн адамдар окуган. Ошол убакта менин кыялдарым чыныгы жашоомо айланып, ушунчалык бактылуу болуп жүрдүм.

Албетте, башында оңой болгон жок. Мени менен кошо окуган балдардын мага караганда даярдыгы, билими, тажрыйбасы күчтүү болчу. Мен аларды бир жыл дегенде кууп жеттим. Алардан эки эсе көп иштөөгө, машыгууга туура келди.

Мариинский театрындагы бийчилер.

«Азаттык»: - Балеттеги ийгиликтериңизди тубаса жөндөм, шык деп эсептейсизби? Же бул талыкпаган эмгектин үзүрүбү?

Бейшеналиев: - Менин боюмду, ийкемдүүлүгүмдү, кыймылдарымдын жеңилдиги менен шамдагайлыгын мугалимдер башынан белгилешчү. Башка балдарга караганда физикалык жактан өзүмдү ашыкча кыйнаган жокмун. Бир гана техника боюнча талбай машыгуу талап кылынды. Акырындык менен ага көнүп, мүнөзүмдө өжөрлүк пайда болду.

Балетте бийлеш үчүн күндө өзүңдүн денеңди түздөп, машыктырып туруш керек. Мугалим сага кеңеш берип, жол гана көрсөтөт. Калганы сенин колуңда. Кээ бир балдар мындай оор көнүгүүлөргө чыдабай, кийин таштап салышат.

Мен үчүн болсо балет - менин жашоом, ишим.

Машыгуу учурунда.

«Азаттык»: - Дүйнөгө белгилүү театрда кантип иштеп калдыңыз?

Бейшеналиев: - Мариинский театрына ишке оңой менен алышпайт. Жылда балет академиясынын бүтүрүүчүлөрү үчүн сынак өтөт. Атайын комиссия тандап алат. Мен бул чоң сахнада бийлөөнү кыялдангам. Мен бул сахнада артта таяк болуп туруп берүүгө да макул болчумун. Бирок алар мени дароо артисттердин башкы курамына тандап алышты.

«Азаттык»: - Балетте башкы ролдорду качан аткара баштадыңыз?

Бейшеналиев: - Мен төрт жарым жылдын ичинде Мариинский театрында 19 спектаклде бийледим. Бирок биринчи жолу ушул февралда биринчи «Шурале», кийин «Уйкудагы сулуу» балеттеринде башкы ролдорду аткардым.

«Уйкудагы сулуу» балетиндеги Көк чымчыктын ролу - техникалык жактан балетте жогору бааланган роль. Мен ага эки жыл даярдангам. Бул жакта атаандаштык күчтүү да. Таланттуу балет бийчилери толтура. Чоң сахнага чыгыш үчүн электен өтөсүң.

«Шурале» балетиндеги дебют.

Чоң сахнада башкы ролду бийлеп жатканымды бир топ эле элестетчүмүн. Бирок чыныгы жашоодо мен ойлогондон да сонун болду. Көрүүчүлөр кол чаап коштоп, мугалимдер менин бийимди жогору баалашты. Өзүм болсо жан дүйнөм көкөлөп учуп турганын гана сезип турдум.

«Азаттык»: - Эми алдыга кандай максаттарды коюп жатасыз?

Бейшеналиев: - Мен дагы өсүшүм керек. Мен Мариинский театрында солист болууну, кийин премьер болууну каалайм. Мага бул жакта баары жагат. Спектакль-балеттер көп коюлат. Бийчилерди бир гана талантына жараша тандап чыгарышат.

Мен театрда жыйырмадай балетте ойнодум, труппа менен Кытайга, Жапонияга, Кореяга барып келдим. АКШга, Германияга, Италияга да гастролдор болгон. Мен бул театрда дагы тажрыйба топтоп, өскүм келет.

«Азаттык»: - «Бир кыргыз Мариинский театрында балетте башкы ролду аткарды» деген сөздөр азыртадан айтыла баштады. Таң калгандар бар. Сиз өзүңүз буга кандай карайсыз?

Бейшеналиев: - Ооба, мен Мариинский театрында балетте бийлеген биринчи кыргыз болушум керек. Башкаларды уккан жокмун. Албетте, бул сыймык. Бирок театр, балет – бул искусство. Анда адамдын улуту, жарандыгы эмес, дарамети, таланты бааланышы керек.

«Уйкудагы сулуу» балетиндеги башкы ролу.

«Азаттык»: - Кыргызстанга барып турасызбы? Кыргыз балетиндеги кесиптештериңиз менен байланыштасызбы?

Бейшеналиев: - Кыргызстанга кез-кезде гана барам. Бирок барганда театрга кирип кетем. Ал жакта агам, мугалимдерим, бирге окуган балдар иштешет. Ал жактагы өзгөрүүлөр мени кубандырат. Жаштар көбөйүп, жаңы балет койгонго аракеттери күч. Баары жигер, мекенчилдик менен иштеп жүргөндөр. Беш жыл мурда кыргыз театрынын сахнасы эскирип, полу кыйчылдап турганын көрдүм эле. Акыркы жолу барганымда полду алмаштырып койгонун көрүп аябай кубандым. Бул кичинекей эле нерсе. Бирок мен үчүн, кыргыз балети үчүн маанилүү нерсе.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.