Мандат чыры депутаттарды сестентти

Жогорку Кеңеш

Сот чечимдеринен улам депутаттар мандат чырынын кезектеги курмандыгы болуп калуудан ар түрдүү ыкма менен сактана баштады.

Жогорку Сот тарабынан мандатынан ажырган Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманова шайлоого чейин эле “өз ыктыярым менен депутаттык мандаттан баш тартам” деген мааниде арыз жазганын танбайт. Бирок бул арыз шайлоодо жетиштүү добуш албаган учурда колдонулушу кажет эле. Ага карабай мөөнөтү көрсөтүлбөгөн арыз өздөрүнө каршы курал болуп берди.

Анткен менен ушундай эле маанидеги арызы барына карабай Жогорку Сот буга чейин “Республика Ата-Журт” фракциясынын бир катар депутаттарынын, анын ичинде Аида Исмаилова жана Жыргалбек Саматовдун мандаттарын кайтарып берген.

Өмүрбек Бабанов

Жогорку Соттун бир эле маселе боюнча эки ача чечими депутаттарды тез арада сотторду кайрадан реформалоого түртө баштады. Бул үчүн "Республика Ата-Журт" партиясындагылар атайын мыйзамдын үстүндө иштеп жатканын фракция лидери Өмүрбек Бабанов айтууда.

- Биздин соттор мыйзам менен эмес, түшүнүк аркылуу чечим кабыл алып жатышат. Саясий чечим күчтүү болсо, укук же мандатына карабай Жогорку Сот каалаганынын мандатын алып, башкаларга берип коюп жатат. Жакында биз “Жогорку Сотту реформалоо жөнүндө” мыйзамды алып келебиз. Беш жылда ким бар, ким жок, бирок сот системасына реформа жасап кетишибиз керек. Реформа болбосо өнүгүү да болбойт.

Фракция лидерине байланган мандаттар

Азыркы мыйзамда Жогорку Кеңеш фракциясы өз депутатын мандатынан ажыратуу үчүн БШКга фракция чечимин киргизет. Бул берене депутаттарды фракция лидеринин көзүнүн кареги менен айланууга түртүүдө. Себеби, лидерге каршы чыгуунун акыбети кандай болорун акыркы мандат чыры так көрсөттү.

Андыктан “депутаттын статусу”, “Жогорку Кеңештин регламенти” жана шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизип, андагы өксүктөрдү жоюу демилгеси күчөдү. Ал эми мыйзамга өзгөрүү киргенче, депутаттар мандат чырынын кезектеги курмандыгы болбошу үчүн түркүн жол менен сактанып жатышат.

Урмат Ишенбеков

Мандатынан аз жерден ажырап кала жаздаган “Кыргызстан” фракциясынан депутат Урмат Ишенбеков Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттыктан кетүү тууралуу арыз жазбаганын айтып, андай арыз БШКга келген учурда өзүнөн тактоону талап кылды. Башка депутаттар да шайлоого чейин жазган арыздарынан баш тартып, БШКга атайын билдирме калтыра баштады.

Бирок мыйзамдын тили менен сүйлөй келгенде, депутаттардын шайлоого чейинки арызы фракция чечими аркылуу жаңы мөөнөт менен Борбордук шайлоо комиссиясына келсе, депутат мандатынан ажырап калышы мүмкүн экенин БШК мүчөсү Рашид Бекбасаров “Азаттыкка” айтууда.

- Азыр кээ бир депутаттар бизге келип, “депутаттык ыйгарым укуктан баш тарттым” деген арыз келсе карабагыла деп бизге билдирме жазып жатышат. Бизге алардын арызы ансыз деле келбейт. Фракциянын чечими келет, демек алардын арызы фракцияда каралат. Депутаттар фракция менен келише албай бизди коколоп жатканы туура эмес.

Карасартова: шайлоо системасын алмаштыралы

Парламентте “мандатгейт” дагы да болсо жаңы өңүттө уланарына эксперттер күмөн санабай турушат. "Коомдук иликтөө институту" уюмунун жетекчиси Рита Карасартова депутаттардын шайлоо системасын преференциалдуу тутумга өзгөртүү зарылдыгын айтууда.

- Преференциалдуу система менен депутаттар өз аймактарына барып добуш чогултпай, жалпы Кыргызстандан алган добушу боюнча парламентке келишет. Ошондо эл биринчиден партия менен чогуу анын ичиндеги адамга жеке добушун беришет. Кайсы талапкер көп добуш чогултса, мандат ошого берилет. Бизде болсо азыр партиянын тизмесине жашынып алышып, тааныбаган адамдар Жогорку Кеңешке кирип жатпайбы. Ал эми добуш аз алгандарды өз ыктыяры менен кетирүүгө лидерлер түртүп жатат. Конфликттин бардыгы ушул жерден чыгууда.

2015-жылдагы парламенттик шайлоонун алдында кээ бир партиялардын тизмегиндеги талапкерлер ант берип жатканы ачыкка чыккан. Тизмедеги талапкерлер эгер жетиштүү добуш албай калса, өз ыктыяры менен мандатын тапшыруу тууралуу жөн гана жигиттик келишим түзсө, экинчи бирөөлөрү кудайды, баласын айтып карганууга чейин барышкан.

Боршайкомдон өздүк булактар билдиргендей, алдыда кээ бир депутаттарды мандатынан ажыратуу боюнча фракциялардын сунушу дагы да болсо каралуу алдында турат.