«Манастын» короосу китеп базарга айланат

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

«Манас» кинотеатрынын алдында мындан ары ар ишемби, жекшемби күндөрү китеп жармаңкеси өтүп турат. Уюштуруучулар жармаңкеге китеп дүкөндөрү, басма үйлөрү жана букинисттер (эски китеп саткандар) катышарын айтышты. Ошондой эле акын-жазуучулардын өздөрү да келип окурмандар менен баарлашып, китебин кол тамгасы менен сатса болот. Бул саамалыкты «РухЭш» сайты менен «Айтыш» коомдук фонду уюштурган.