Кор болгон эркектер

Иллюстрация

Адистердин айтымында, Кыргызстандагы эркектер барган сайын калктын аяр катмарына айланууда. Ар түрдүү турмуштук кыйынчылыктан жана кысымдан өз жанын кыйган эркектердин саны аялдарга салыштырмалуу кыйла көп. “Азаттык+” бул жолу эркектердин көйгөйлөрүн талкуулайт.

Кыргызстанда зордук-зомбулук көргөн аялдар үчүн 13 кризистик борбор иштеп келет. Кризистик борборлорго кайрылгандардын басымдуу бөлүгү үй-бүлөдөгү зомбулукка кабылган аялдар. Бирок акыркы жылдары эркектерде да мындай борборлордун жардамына муктаждыгы өскөнү байкалган.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кор болгон эркектер (1)

Дүйнөнүн дээрлик көпчүлүк өлкөсүндө аялдарга салыштырмалуу эркектер өз өмүрүнө кол салып, маңзат, ичкилик колдонуу менен бирге олуттуу илдетке чалдыгып, жашоо менен кош айтышат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кор болгон эркектер (2)

Эркектер өлүмүнүн басымдуулугунун себептери катары алардын моюнуна артылган жүктүн оордугу айтылат. Адатта коомчулук эркектерден материалдык байлыкты жана кесиптик чеберчиликти талап кылат дешет адистер. Ошол эле учурда эркектер турмуштун ар түрдүү кыйынчылыгына туш болгондо аялдар сыяктуу эмоциясын сыртка чыгара албайт. Ал эми кыргыз коомчулугунда деги эле психологго баруу түшүнүгү жокко эсе.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кор болгон эркектер (3)