Грузиянын расмий булактары ырасташкандай, Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин катчылыгынын жетекчиси Оксана Малеванаяга анын укуктук макамы аныкталмайынча Тбилисиде калууга уруксат берилди. Анын алдында апрел окуяларына байланыштуу соттолуп, Кыргызстанда издөөдө жүргөн Малеванаяны Украина өз аймагына киргизбей койгону маалым болгон.
Кыргызстан Ички иштер министрлиги азыр бул маалыматтар текшерилип жатканын, Малеванаяны кайтарып алууга аракет көрүлөөрүн "Азаттыка" билдирди.
Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин катчылыгынын жетекчиси Оксана Малеваная Киевден Тбилисиге учуп кеткенин "Азаттыкка" украиналык укук коргоочу Дмитрий Гройсман бышыктаган. Анын айтымында, атасы жана жашы жете элек уулу менен Казакстандан Киевге учуп барган Малеваная Борисполь аэропортунда качкын макамы жөнүндө арыз берүүгө аракеттенген. Бирок ага андай мүмкүнчүлүк берилбей, Украинанын аймагына киргизүүдөн баш тартышкан.
Украинанын мыйзамдарына ылайык, чек арачылар арызды алууга жана аны миграция кызматына өткөрүүгө милдеттүү болчу. Арыз каралгыча ал адамды Украинанын аймагына киргизүү мыйзамда каралган. Бирок Малеванаяга чек арадан өтүүгө уруксат берилбестен, баласы менен кошо транзиттик тилкеге жиберилген. Андан кийин ал качкындар боюнча Жогорку комиссариаттын өкүлчүлүгүнө кайрылган. "Менин билишимче, ал Алматыдан учуп барган", - деди Гройсман.
БУУнун качкындар боюнча Жогорку комиссариаты расмий Киевди Малеванаяны качкын катары кабыл албай койгондугу үчүн сындады.
Окуя болгон жерде бул ишке аралашкан украиналык адвокат Татьяна Монтяндын айтканына караганда, Малеваная Подольская деген ысым жазылган жалган паспорт менен жүргөн жана бул факт аны өлкөгө киргизбей коюуга жүйө болгон:
- Ал Казакстандан Подольская дегендин атына жазылган жасалма документ менен келген. Бирок аны моюнга алып, жалган паспорт колдонууга эмне себептен мажбур экенин түшүндүрдү. Андай болбосо Кыргызстандан жана Казакстандан чыга албайт эле.
Гройсман Грузиянын омбудсмени Георгий Тугушинин кийлигишүүсү менен Малеванаяны Тбилисиде кабыл алышканын, баш паанек суроо боюнча процедураны баштоого мүмкүнчүлүк берилгенин маалымдады.
“Баш паанек сураган кыргызстандык жаран учакта баратканда эле, Тугуши мырза анын эл аралык мыйзамдарда көргөзүлгөн укуктары бузулбашы үчүн көп аракет көрдү. Грузиянын ички иштер министри менен биргелешип Малеванная айымга качкын макамын алуу процедурасын баштоо мүмкнүчлүгүнүн берилишин камсыз кылды”, - деди Гройсман.
Анын айтымында, БУУнун качкындар комиссариаты Малеванаянын өмүрүнө мурдагы саясий ишмердүүлүгүнө байланыштуу кооп туулушу мүмкүн жана ал адилетсиз соттун курмандыгы болушу ыктымал деп шектенет.
Апрел окуясы боюнча кылмыш ишинде Малеваная Бакиевдин "интеллектуалдык көмөкчүсү" деп аталган. Кыргызстан Ички иштер министрлигинин өкүлү Эрнис Осмонбаев "Азаттык" менен маегинде Малеванаяга байланышкан соңку маалыматтар азыр текшерилип жатканын айтып буларга токтолду:
- Оксана Малеваная 2010-жылы күзүндө апрель окуясы боюнча сот процессине келбей коюп, качып кеткен. Кийин анын Кыргызстандан чыгып кеткени белгилүү болгон. Ошондо эле эр аралык издөөгө жарыяланган. Экс-президенттин секретариатынын жетекчиси болуп жүрбөдү беле. Ошондо апрел окуясындагы кылмыштарга тиешеси бар деп сотто суралып жүргөн.
Осмонбаев Малеванаянын Грузияда жүргөнү анык болсо, аны кайтарып алууга аракет көрүлөөрүн кошумчалап, "Албетте, (андай аракеттер) жасалат. Бизден башка прокуратура, биздин ГКНБ иштеп жатат", - деди "Азаттыкка".
2010-жылдын 7-апрелинде Бишкектеги нааразылык акциясында токсонго жакын адамдын өлтүрүлүшү боюнча 28 адам соттолууда. Бирок мурдагы президент Бакиев баштаган башкы айыпкерлер Кыргызстандан качып кетип, издөөдө жүрүшөт.
Малеваная убактылуу түнөк тапкан Грузия (2003), аны кабыл албай койгон Украина (2004) пост-советтик мейкиндиктеги "түстүү ыңкылаптарды" баштан кечирген өлкөлөр. Грузия укуктук жана коррупцияга каршы реформа жасоодо Кыргызстанга өрнөк өлкө катары айтылып жүрөт.