Мындай берене Административдик кодекске киргизилип, ал он күндөн кийин күчүнө кирет.
Депутаттардын пикири
Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске киргизилген өзгөртүүлөрдү парламент өткөн айда кабыл алса, 23-январда президент Алмазбек Атамбаев ага кол коюп, күчүнө кирди. Депутаттар бул өзгөрүүлөр коомдук жайларда спирт ичимдигин ичүүнү, акылга сыйбаган терс көрүнүштөрдү, атүгүл сөгүнгөндү да токтотот деген ишенимде.
Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитетинин мүчөсү, Социал-демократтар фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева мыйзам жаштарды тарбиялоого салым кошот деп эсептейт:
- Бул абдан туура кабыл алынган. Жаштарды туура жолго салууда тарбиялык мааниси бар мыйзам. Себеби жаштардын сөгүнгөн сөздөрүн укканда, чоң киши жанына тура албайт. Андыктан тийиштүү чаралар терс жүрүм-турумдардан алыстатат деген ойдобуз. Эми мыйзамдын толук иштеп кетишине жергиликтүү бийликтерден да жакшы аракеттерди күтөбүз.
Анткен менен депутаттардын арасында мыйзам менен сөгүнүүнү тыйып салуу мүмкүн эмес дегендер четтен табылат. “Атамекенчи” Алмамбет Шыкмаматов мыйзамды популисттик деп баалады:
- Коомдук жайда спирт ичимдигин ичүүгө тыюу салуу бул туура, муну колдойм. Бирок, сөгүнүү дегенге так критерий жок да. Кайсы сөздөр сөгүнүүгө кирет, сөгүнүү деген эмне, айтор ушул жана башка суроолорго мыйзамдык жооп жок. Сөгүнбөгөн кишиге сөгүндү деп да жалаа жаап коюушу мүмкүн. Ошондуктан бул катардагы популисттик мыйзамдардын бири.
Мыйзам коррупцияны күчөтөбү?
Өзгөртүүлөр менен толукталган Административдик кодекске ылайык, мекеме-ишканаларда, көчөдө, стадиондо, көп кабаттуу үйлөрдүн короолорунда маңзат чегип, мас кылуучу ичимдик ичкендерге милиция үч миң сомго чейин айып салат же беш сутка камакка алып, болбосо коомдук жумушка тартат.
Бирок, бул нормалар, тескерисинче, милиция кызматкерлери арасындагы коррупцияны күчөтөт дейт укук коргоочу Калича Умуралиева:
- Спирт ичимдигине айып мурда деле салынчу, бирок ал кандай иштечү, кеп ошондо. Мисалы, бир жолу түнкү саат экиде кошунам акча сурап келиптир. Көрсө, милиция баласын биздин аянтчада пиво ичкени үчүн кармап кетип, бошотуш үчүн 500 доллар сурап жаткан экен. Андыктан мыйзамга канча көлөмдөгү жана кандай ичкилик ар бирин жазыш керек. Болбосо милиция ичти деп эле ар биринен акчаны эки эсе опузалаганга өтүп алат.
Карапайым элдин арасында дагы мыйзамды колдогондор да, ага таң бергендер да болууда.
Быйылкы жылды президент "Ыйман, адеп жана маданият жылы" деп жарыялаган. Ал жагынан алганда Административдик кодекске киргизилген өзгөртүүлөрдү жактагандар да бар.
Коомдук жумушка тартуу тажрыйбасы
Аталган мыйзамда эл көп жерде тартипти бузгандар, сөгүнгөндөр айыпты төлөй албаса сегиз сааттык коомдук жумушка тартылары жазылган. Акыйкатчы Кубат Оторбаев азырынча бул жазаны ниети жакшы, бирок аткарууга мүмкүн эмес демилгелердин катарына кошту.
- Бул мыйзамдын ниети жакшы, багыты түз экен. Бирок бизде жүз учурдун 96сында адамды дароо камакка алып жатабыз. Ошонун арты менен жабык мекеме, убактылуу кармоочу жайларда кармалып жаткандардын саны өтө эле көп. Коомдук жумушка тартуу демилгесин мен колдойм, бирок Кыргызстанда бул жаза көп колдонулбайт. Алсак акыркы жолу ким коомдук жумушка тартылганы менин эсимде жок.
Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык бойго жете электер жасаган майда бейбаштыктар үчүн алардын ата-энеси же жооптуу кишилер миң сомдон үч миң сомго чейин айыпка жыгылат.
Негизи коомдук тартипти бузгандарга айыппул салуу тартиби буга чейин эле болуп келген жана анын көлөмү жүз сомдон үч жүз сомго жетчү.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.