Айрымдарында талапкерлер жетиштүү добуш ала албай калса, кээ бирлеринде айылдык депутаттар сессияга келбей коюшкан.
Январь айынын соңунда Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөт башчысын шайлоо басым көрсөтүү менен өткөнүн ага катышкан укук коргоочу Анарбай Орозов белгилейт. Анткени шайлоого катышып жаткан айрым депутаттарды имарат сыртында чогулган адамдар алып кетип, себепсиз жоголгонун айтат.
- Шайлоого айылдык кеңештеги 21 депутаттын баары келген. Каттоодон өтүп, добуш берүүгө келгенде сыртка чыккан бир депутатты 3-4 спортчу бала сүйрөгөн бойдон машинага салып кетип калышты. Ал жерде район акиминин орун басары жана райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы да шайлоого көз салып отурушкан. Милиция жетекчиси аралашып, телефон чалган соң гана 1,5 сааттан кийин депутатты алып келишти. Бирок анын өңү бозоруп, жаман абалда турган экен. Спортчу балдардын басымы менен бул айыл өкмөткө "каралардын" бири шайланды.
Жергиликтүү кеңештер "каралардан" качан арылат?
Жергиликтүү кеңештер "каралардан" качан арылат?
БШКга жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышкан сегиз талапкер боюнча "уюшма кылмыш топторго байланышы бар" деген материалдар жөнөтүлгөн.
Орозов айыл өкмөт башчысын шайлоодогу мыйзам бузуу боюнча аймактык шайлоо комиссиясына жана орган кызматкерлерине кайрылуу жолдогон. Бирок азырынча алардан жооп боло элек.
8-февралда Базар-Коргон айыл өкмөт башчысын шайлоо 200дөй адамдын катышуусунда митинг менен коштолду. Буга чейин бул жерде да шайлоого келген төрт депутат дайынсыз жоголуп, айыл башчысын шайлоо кийинкиге калган болчу. Ызы-чууга аралашып жаткан айыл өкмөт башчыларын шайлоону элге берүүнү мындагы митинг катышуучусу Кайрынса Юнусова ырастады:
- Азыр кандай шайлоо болгонун көрүп жатабыз. Мурункусунда оюн кылып өткөрбөй коюшту. Отуз депутат чогулуп айыл өкмөт башчысын ар кандай жолдор менен шайлап жатышат. Бул туура эмес болуп калат экен. Ошондуктан айыл башчысын шайлоону мурункудай эле элге бериш керек. Болбосо депутаттар жана эл арасында бөлүнүү боло берет.
6-февралда Ноокен районунун Арал айылында айылдык кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда кетирүү боюнча жүздөн ашык адамдын катышуусунда митинг өттү. Анткени өткөн жумада Арал айыл өкмөтүн шайлоо өтүп, анда жалгыз талапкер болгон адамды депутаттар колдобой коюшкан.
Саясий оюн менен коштолгон шайлоодон соң айылдыктар аргасыз депутаттарды кетирүү талабы менен чыкканын жергиликтүү тургун Уулкан Шерматова билдирди:
- Бул депутаттар элдин үмүтүн актаган жок. Ошол себептен биз булардын мөөнөтүнөн мурда кетишин талап кылып чыктык. Көпчүлүк депутаттар акча менен алданып кетип, ачык эле добуштарды сатып алышты. Эл үчүн иштейм деген адамды колдобосо, ушинтип оюн кыла берсе, анда бизге эмне кереги мындай депутаттардын?
Айыл өкмөт башчылары 2009-жылга чейин жашоочулар тарабынан шайланып келген. Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин быйыл үчүнчү жолу айылдык депутаттар тарабынан шайланып жатат.
Өлкө аймагында айыл башчыларын шайлоо соодалашуу менен жүрөрүн, көпчүлүк аймактарда "каралар" жергиликтүү бийликке келип жатканын Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Кенжебек Бокоев айтып чыккан.
- Бүгүн кээ бир жерлерде криминалдык топтор же болбосо криминалдык топтордун талапкерлери айыл өкмөт башчылыгына өтүп кеткен фактылар толтура. Анткени жергиликтүү кеңешке бир нече уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү келип, үстөмдүк кылып, өз талапкерлерин айыл өкмөт башчылыкка өткөрүп жатат. Ал эми айыл өкмөттөрдүн бюджетин өзүңөр билесиңер, 3 миллион сомдон 150 млн сомго чейин жетет.
Мындан улам эл өкүлү Бокоев айыл башчыларын шайлоону тикелей өткөрүү демилгеси менен чыкты. "Айыл башчыларын тандоону кайрадан элдин өзүнө бериш керек", - дейт Бокоев.
Жалал-Абад облусунун аймагындагы 60 айыл өкмөттүн башчыларын жана төрт шаардын мэрлерин шайлоо өттү. Жыйынтыгында сегиз айыл өкмөттө жана бир шаарда башчылар шайланбай калды. Бул аймактарда шайлоо кайрадан жүрүп жатканын өкмөттүн облустагы өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов билдирди.
- Облус аймагында 68 айыл өкмөт болсо, алардын алтымышында шайлоо өттү. 52синде башчылары шайланып, калгандарында болбой калды. Төрт айылдык кеңеште депутаттар келбей койсо, дагы төрт аймакта көрсөтүлгөн талапкерлер жетиштүү добуш ала албай калды. Ошондой эле үч шаарда мэр шайланып, Таш-Көмүр шаарында да болбой калды. Жалал-Абад шаарында болсо коалиция түзө албай ызы-чуу болуп, мэр шайлоонун датасы да коюлбай жатат.
Буга чейин айыл башчыларын шайлоодо депутаттарга басым жасоо сыяктуу көрүнүштөр Талас менен Нарын облустарында орун алганы маалым.