Партиялар шаар башчысын тандайт

БШКнын чечимине ылайык Кыргызстан боюнча 20 шаар жана 250 айыл өкмөт башчыларын шайлоо жүрүп жатат. Жергиликтүү аткаруу бийлигин шайлоонун алгачкы күнү кандай тыянактарга алып келди?

Кыргызстан демократияга карай дагы бир кадам жасады деп айтууга негиз барбы? Ушул жана башка суроолорго “Азаттык” кезектеги “арай көз чарай” талкуусунда жооп издеди.

Талкууга БШК мүчөсү Рашид Бекбасаров, "Эгемен Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Бектур Асанов жана саясат таануучу Аалыбек Акунов катышты.

“Азаттык”: Жер-жерлердеги кабарчыларыбыздын маалыматтарына караганда, алгачкы күнү - 28-январда өткөн шайлоолордо Талас шаар мэрин шайлоо бүйүр кызытарлык болду окшойт. Ичте – шайлоо, сыртта - шаар кеңештеги азчылыктын тарапкерлеринин митинги. Жыйынтыгында шаардык кеңештеги азчылыктагы “Республика” фракциясынын талапкери шайланды деген кабар келди. Мында карама-каршылыктар жокпу? Маселен, көпчүлүктү түзгөн коалиция оппозицияда калган сыяктуу. Бул мыйзамда кандай чечмеленет?

Рашид Бекбасаров: Эми мунун бардыгы тең эле мыйзам чегинде. Эмне үчүн дегенде ар бир фракция өз талапкерин көрсөтүүгө укугу бар. Мэрди жашыруун добуш менен аймактык комиссия өткөрөт. Кворум болсо жергиликтүү кеңеш аймактык комиссиясынан бюллетендерди алып, добуш беришет. Депутаттарды шайлоо ыкмасынын негизинде эле депутаттардын добуштары саналып, ким көп добуш алса аткаруу органына, мэрби, айыл өкмөтүбү, башчы болуп калат.

Бирок бир айта турган нерсе бар. Шаар кеңештери Жогорку Кеңештегидей эле фракцияларды, коалицияларды түзүү ыкмасы менен иштеп атат. Анткени шайлоо пропорционалдык ыкма менен өткөн. Ал эми азчылыктын талапкери өттү дегенди кандайдыр бир деңгээлде жыйынтыкка келтириш керек. Ал жыйынтык мындай болуп атат: түзүлдү деген коалициянын иш жүзүндө жок экендигин көрсөтүүдө. Себеби жалпы идеяга бириккен көпчүлүктүн коалициясы бар болсо добушу да ошондой аныкталып, көпчүлүктөн көрсөтүлгөн талапкер өтүп келиши керек эле.


Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:




“Азаттык”: Жалал-Абад шаар башчысын шайлоо тескерисинче, экинчи ирет болбой калды. Бул шаардык кеңеште да Таластагыдай эле көпчүлүктү жана азчылыкты түзгөн топтор бири-бирин тааныбай жатышкандыгы себеп болуп жаткан сыяктуу. Бул партиялар ортосунда жүрүп жаткан кадырэсе күрөшпү же жергиликтүү деңгээлде партиялык башкаруу али бышып жете элекпи?

Бектур Асанов: Партиялык тизме менен жергиликтүү шайлоолор биринчи болуп атат. Андайда боло турган иш, бара-бара ордуна келет. Бир жолу эле шайлоо өтпөй калса, бышып жете элек экен деген туура эмес. Менин байкашымча көп эле шаарларда шайлоо жакшы өттү. Жалал-Абад шаарында проблема болуп калды. Бул жерде үч гана партиянын өткөндүгү себеп болуп калды. Эгер төрт же беш партия өткөндө мындай кризис болмок эмес. Мыйзам боюнча үч жолку аракетте шайлоо болбосо, кеңешти таркатып, кайра шайлоо керек болот. Менимче, депутаттар ага барбайт деген ишенич бар. Себеби кайра шайлоо болсо, бул партиялар кайра ушундай добуш топтой аларына кепилдик жок.

Аалыбек Акунов: Эгер шайлоолор чыр-чатагы, талаш-тартышы жок, нанга май сүйкөгөндөй өтүп кетсе кабатырлансак болмок. Биз ошентип эле келгенбиз. Ошонун азабын эмдигиче тартып атпайбызбы. Талаш-тартыш болгону туура. Жалал-Абадда болобу, Таластабы же башка жергиликтүү кеңештерби таркап кетип, кайра шайланса андан бетер жакшы болот. Парламент да ошентсе болмок. Анткенден коркуп эле депутаттар ич ара сүйлөшүп алып, маселени чечип атышпайбы. Дүйнөлүк практикада бул боло берчү көрүнүш. Биз ага жете элекпиз дагы.

Бектур мырза айтып атат, балким, төрт-беш партия өтсө жакшы болот эле деп. Илимий негизден алганда эки эле партия өтсө, андан бетер жакшы болот. Бул дайындоонун эле тандоо түрү. Мурда ким мэр, ким айыл өкмөт башчысы болорун алдын ала билчүбүз. Азыр депутаттарды эл тандап, депутаттар мэрди же башка орган жетекчилерин шайлап атат. Бул - демократиянын пайдубалы.