Айтматов: Бийлик менен сүрөткердин алакасы

Заманыбыздын даркан жазуучусу жана ойчулу Чыңгыз Айтматовдун өмүрүнөн элестер.

Айтылуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бийлик менен сүрөткердин өз ара мамилеси тууралуу макаласы. Бул макала англис тилинде Американын Оклахома штатындагы университеттин World literature today журналынын 1993-жылдагы кышкы (же биринчи) санында жарык көргөн.

(«Интеллектуалдык кризис, тоталитаризмдин кыйрашы жана адабият тагдыры» макаласынан үзүндү)

Эзелтен чечилбеген улуу талаш

... “Сүрөткер жана бийлик” – интеллектуалдык маданияттагы эң эле түпкү, эзелки маселелерден. …

Сүрөткер өз чыгармачылыгында курчап турган дүйнөдөн, эң оболу, бийликтегилерден толугу менен эркин боло алган мезгилдер өткөн деп болжолдоо, албетте, кыйын. Андай бейпил заман эч качан болгон эмес го. Мындай байланыштуулук табигый түрдө сүрөткер менен бийликтин ѳз ара мамилесине терең изин калтырып, кандайдыр тартипти орноткон окшойт. Өз тажрыйбама кайрылсам, мен дагы ушул катарга киреримди айтсам болот. Мен сүрөткер – мейли ал ырчы болобу, акынбы, сүрөтчүбү, акынбы, сүрөтчүбү – бийлик менен катышканда ордо кызматчысына айланып калган учурду айткым келет. Биздин доордо – партиянын кызматчысы. Ар түрдүү даражада дүйнөлүк маданияттын көптөгөн алп өкүлдөрү ар кайсы өлкөлөрдө окшош тагдырды баштан өткөрүшкөн. Ордо акыны, ордо сүрөтчүсү, ордо ырчысы, ордо бийчиси жана башкалар түрдүү замандарда сүрөткердин бирдей окшош абалында болушкан.

Ата-Бейит мемориалы. 5-март, 2013-жыл.

Сүрөткер бийликке ар качан күнкор боло келген, бирок биздин заманда, айрыкча Октябрь революциясынан кийин бул нерсе өзгөчө мүнөзгө ээ болду: диктатор эми жөн эле диктатор болбостон, элдин атынан сүйлөп, элдин кызыкчылыгын коргорун айтып чыга келди.

Менимче, көпчүлүк ошол доордун шаңына азгырылган эле – бул айрыкча мурдагы социалисттик блоктун өлкөлөрүнө тиешелүү. Албетте, адамдар муну илгери да ойлонушкан, бул жөнүндө уламыштар да бар. Мен көкүрөгүмдө сактап жүргөн талаа уламыштарынын бирин кыскача айтып бергим келет. Анда сүрөткер бийликке канчалык күнкор болушу мүмкүн экендиги жөнүндө баяндалат. Ошол талаада, ошол чөлкөмдө атагы чыккан ырчы хан сарайда кызмат өтөп жүрүп, өзү сүйгөн кызга хандын атынан жуучу болуп барууга, ханды даңазалап, сүйгөнүн башына конгон зор бактысы менен куттуктап ырдоого аргасыз болгон…

Мындай мисалдар өткөндө да, азыркы күндө да көп, себеби бийликке кызмат кылуу деген сүрөткердин өмүрүндөгү эң эле драмалуу жана трагедиялуу кырдаалдардан болуп саналат. Бирок бул эрежеден тыш мисалдар да жок эмес. Айталы, Солженицын менен Максимов, Горький менен Маяковскийдей зор да, карама-каршылыктуу да инсандардын ысымдары – бир жагынан, ал эми Платонов, Булгаков жана Пастернактын ысымдары – экинчи жагынан, алардын бийлик менен кандай татаал мамиледе болгондугу эске түшөт. Алар жашаган мезгилде Батыштагы Ромен Роллан, Анри Барбюс, Лион Фейхтвангер, Андре Жид сыяктуу социализм идеясын жактырган адабият менен искусствонун ири өкүлдөрү сталиндик пропагандага азгырылып, Советтер Союзунда конформизмдин өнүгүшүнө бир топ эле ыңгай түзүшкөн.​

"Ар бирибиз жекече жана чыгармачыл жолубузда конформист болуп келдик да, муну эч эрѳөн-төрөөн көрбөй калдык".

Мен көңүлдү бир жагдайга, тактап айтканда, өзүнчө рухий жана табигый өзгөчөлүктөрү бар адабиятка саясий нускама, кѳрсөтмө болуп келген социалисттик реализм “сүрөткер жана бийлик” маселесинин бир көрүнүшү катары каралышы мүмкүн экенине бургум келет. Ушул адабият менен тагдырлаш өскөн ар бирибиз жекече жана чыгармачыл жолубузда конформист болуп келдик да, муну эч эрөөн-терөөн көрбөй калдык: биз өзүбүздү улуу идеяга, анын саясий күчүнө баш ийдирген элек. Бул да биздин коом үчүн бүгүнкү опурталдуу, татаал мезгилде сүрөткер менен бийликтин карым-катнашынын эзелки табышмагы жѳнүндө баш катырууга мажбурлайт.

Эркиндиктин Алтын Казыгы

Мага баарыбызды дайыма чакырып турган Алтын Казык жылдыз бардай сезилет. Мен эркиндик идеясын айтып жатам – ага адам руху өзүн аңдап биле баштагандан тартып эле умтулуп келет. Бул идея түбөлүктүү, анткени эркиндикке өзүбүз каалаган даражада эч качан жетише албайт эмеспизби. Эркиндикке жетүү жолунда эки башталыш – бийлик жана сүрөткер кагылышпай койбойт. Сөз ынандыруу күчүнө, эркти баш ийдирүү күчүнө ээ болгондон тартып, сөз жана ага байланышкан бардык нерсе – дүйнөнү жана адамдын ички дүйнөсүн таанып билүү чеберчилиги – адамзат коомундагы бийликке дайыма каршылаш болуп келатат.

Бул бекеринен эмес: бийлик дайыма сүрөткерди (таланттуу-талантсызын ылгай албаса да) өз тарабына тартууга кызыгат. Ал өнөрдү, искусствону жеке, саясий же өкмөттүк максаттарда каалагандай жол, ыкма менен пайдаланууга аракеттенет. Сүрѳткерди болсо, тескерисинче, өзү бийлик менен кандай мамиледе болору дайыма тынчсыздандырат.

Сөз жекече байланыштар жөнүндѳ эмес – жекече катыштар да ар түрдүү, айталы, достук мамилеси болот эмеспи. Канткен менен да, эгер сүрөткер башкаруу ишине аралашууга умтулса, ошол эле учурда чыгармачыл мүдөөсүнөн да баш тартпаса, анын абалы ого бетер татаалдашат. Эреже катары бул рухий драмага алып келет. Мен дал ушул эзелтен, тарыхый аныкталган карама-каршылыкка көңүл бургум келет: эркиндикке жана атак-даңкка умтулган сүрөткер өзүн көп жагынан чектеп коёт, ошондуктан аны абийири жана доорду аңдай билүү жөндөмү дайыма азапка сала берет.

Сүрөтчү Сальвадор Далинин "Антропоморфиялык кабинети". 2-ноябрь, 2007-жыл.

Италиялык режиссер Бертолуччинин “Конформист” фильмин эстейличи. Аны көпкө чейин унута албай, башында түшүнө да албай жүрдүм. Деги эмне болгон бул фильмде, эмнеси мени мынчалык өзүнө тартууда, андагы каармандын трагедиясы, драмасы эмнеде? Жакынкы жылдарда гана, кайра куруу менен маалымдуулук бизге жаңы деңгээлде ой жүгүртүүгө мумкүнчүлүк бергенден кийин, өз тарыхыбызды жаңыча көз караш менен түшүнүүгө аракеттене баштаганыбызда гана мен бул күчтүү таасирдин себебин түшүндүм: бул фильм биздин, сүрөткерлердин тагдыры жөнүндө экен. Мен үчүн “Конформист” фильми – “сүрөткер жана бийлик” маселесин ачык, даана чагылдырган чыгарма. Сүрөткер бийлик менен компромисске барат, анткени аны бул трагедияга объективдүү кырдаал түртүп жатат: ал – курмандык, анын артынан сая түшкѳн жырткыч каршылашы – бийлик.

Бир жагынан алганда, биз бул же тигил формадагы бийликти жок кыла албайбыз, экинчи жагынан – биз бийликтегилерге алар каалагандай толугу менен баш ийип бере да албайбыз. Бул чечилбеген талаш XX кылымда ого бетер курчуп, сүрөткерди жан ачыткан сыноолорго жана улуу драмага дуушар кылды. Себеби фашизм менен сталинизмдин кесепеттери таң каларлыктай окшош болду. Бийликке жакпай калган ойчул, сүрөтчү, акын же философ жѳн эле айыпталбастан, элге, коомго жат душман деп жарыяланып турду. Канонсуз идеяларды жактоочулар сөзсүз куугунтукка алынып, атүгүл жок кылынып да келди.

Фашисттик Германиянын "Эрктин салтанаты" аттуу үгүт фильминен үзүндү. Иллюстрация.

Фашизм менен сталинизмдин кооз сөздөрү менен кур чечендиги бири-бирине укмуштай жакын: алар ар качан искусствонун элдүүлүгү, тарбиялык, дидактикалык ролу, анын коомдук кайсы бир идеяларга кызмат өтөөгѳ милдеттүүлүгү сыяктуу түшүнүктөр менен чайкоочулук кылышчу. Ошол эле учурда адабият менен искусствонун адамды рухий изденүүгө тарткан, расмий идеологияга туура келбеген сапаттары “унутулуп” жатты. Өткөнгө көз чаптырсак, биз сүрөткер кандай зор азгырыктын алдында турганын көрөбүз. Тоталитардык режимдер өзүлөрүнүн идеологиялык чөйрөсүнө сүрөткерди биротоло тартып, “менчиктештирип” алыш үчүн аны түрдүү мактоо-колдоо, сыйлыктар менен азгырчу.

Анын үстүнө, эгер мурда падышага, ханга жок дегенде маскарапоз же апенди катары каяша айтуу мүмкүн болсо, фашизм менен сталинизмдин тушунда атүгүл ушундай алсыз каршылык да таптакыр тыйылган эле. …

Акыйкат таануу азабы

Менин оюмча, өз шорубузга тандап алган идеологиябыздын башкы каталыгы – биз чындык жана адилеттүүлүк сыяктуу категорияларды бир кезде өздөштүрүп алгандан кийин "эми биротоло аныктап койдук" деп өзүбүздү да, башкаларды да ишендирип келдик. Бирок чындык менен акыйкаттын биз бүгүн жетишкен чеги эртең өтүлгөн этап болуп калат эмеспи. Кайсы бир абсолюттук чындыкка кызмат өтөп жатабыз деп ѳзүбүздү ынандырууга аракеттенип жүрдүк – биздин шорубуз мына ушунда эле. Ошого карабай сүрөткер бойдон калууга аракеттенгендер да болду, бирок, сүрөткер да адам болгондуктан, бул күчтөр теңчилиги жок күрөштө чабалдык кылышы мүмкүн эмеспи. Ошентсе да, сүрөткер чыгармаларында адам рухунун эркиндик менен сулуулукка болгон эзелки умтулуусун чагылдырып келет. Бул болсо азыр соцреалисттик иллюзияны тануудан, демократия үчүн, инсан укугу менен ой жүгүртүү эркиндиги үчүн жүрүп жаткан күрөштѳн көрүнүп жатат. Бул жагынан сүрөткер азыр деле бийликтин тигил же бул аракеттерине каршы турат, ал эми бийлик кайсы бир жеке адам же ысым эмес. Бийлик – бул азыркы ѳкмөттүк башкаруу түзүмү, азыркы саясий уюмдар тутуму.

Албетте, бийлик түзгөн ар кандай тышкы жагдайлардан толук бойдон эркин жашоо сүрѳткер үчүн эң бир идеалдуу абал болор эле. Бирок бул ишке ашпай турган куру кыял, анткени сүрөткер баары бир реалдуу турмушта жашайт эмеспи. Биз ар бирибиз сүрөткер катары абийирибизди канчалык таза сактай алдык, бүгүн өз мезгилибиз менен шайкешпизби, деги ушундай шайкештик мүмкүнбү деп өзүбүздөн сурап, жооп берүүгө аракеттенсек – ошол эң башкысы. Кээ бир ойчулдар сүрөткерди "сөзсүз азапка, шорго жаралган пенде, бөтөн дүйнөнүн адамы, куугунтукта жашоого, бери болгондо асан кайгычылыкка туулган, жан дүйнөсү назик, жаралуу жан" дешет. Мени бул ынандырбайт. Канаты кайрылган жарадар куш кайкып бийик уча алабы? Искусство адамы да ушундай. Тагдыр анын башына эмнени гана салбасын, көп нерсе талант эрдигине да байланыштуу.

Биз эми постсоветтик доордобуз. Жаңы тарыхтын кызгылт таңы Евразия асманында алоолонуп жаткан кези. Окуялардын жанар тоолору биринен сала бири атылып чыгып жатат.

"Америкада эч ким бизди адам деп эсептебейт, эмне кааласаң жаза бер: жок дегенде бирѳѳ сенин чыгармаңа көңүл буруп, бир нерсе деп сени айыптасачы, сенин куугунтукталышыңды же эч болбосо камалышыңды талап кылып койсочу..."

Али да эсимде, көп жыл мурда ушундай таң калычтуу окуя болгон. Кошмо Штаттарда бир жазуучу менен сүйлөшкөндө, ал мага мындай деген эле: «Мен силерге, советтик жазуучуларга, аябай суктанам – силерди түрмөгө отургузушат, сүргүнгө айдашат, гезиттерде, партиялык чогулуштарда сындашат, “совет коомуна жалаа жабасың” ж.б.у.с. деп айыпташат. Силерди эл абдан кадырлайт. Эл жазуучуну ѳзүнүн коргоочусу, таламын талашуучу деп билет. Бул жерде болсо, Америкада, эч ким бизди адам деп эсептебейт, эмне кааласаң жаза бер: жок дегенде бирөө сенин чыгармаңа көңүл буруп, бир нерсе деп сени айыптасачы, сенин куугунтукталышыңды же эч болбосо камалышыңды талап кылып койсочу... Мен азыр эле өз ыктыярым менен түрмөгө бараар элем. Бирок жок, эч кандай реакция жасалбайт. Булар, америкалыктар, бизге кайдыгер бойдон. Америкада, ушул жагынан алганда, биз эч ким же эч нерсе эмеспиз. Ал эми силер өзүңөрдүн өлкөдө ѳзгѳчѳ бийик урмат-сыйга ээсиңер, силердин атыңар тарыхта калат». Ал кезде мен мындай "дөөдүрөгөн" сөздөргө таң калган элем. Азыр көрсөк, аныкы да өзүнчө жөндүү экен.

… зор адабият элдерди бириктирүүчү, жакындатуучу кандай алп күчкө ээ экенин айтып отуруштун кажети жок – муну ар бирибиз өз тажрыйбабыздан билебиз. Себеби рух эркиндигине умтулуу дайыма чоң адабияттын өзөк идеясы болуп келген жана боло бермекчи.

"Ошол эле учурда европалык автор ѳзү коркунуч сезип турса да эч каршылык кѳрсѳтѳ албаган башка бир каатчылыкка – америкалык массалык маданияттын стандарттарынын зомбулугуна туш келди".

…. Бирок ошол эле учурда европалык автор өзү коркунуч сезип турса да эч каршылык көрсөтө албаган башка бир каатчылыкка – америкалык массалык маданияттын стандарттарынын зомбулугуна туш келди. Эми ал өз улутунун маданиятын сактап, коргоп калам деп, акыр-аягында интеграциялык процесстерге кедерги боло турган улутчулдук жолуна түшүп кетпейби? Расистик тенденциялар калк жыш жайгашкан Үчүнчү Дүйнө өлкөлөрүндө же бардык балээнин себеби экономикалык атаандаштык жана жашоо үчүн күрөш менен опоңой эле түшүндүрүлүп жүргөн жерлерде эмес, калкы бай жана ашкере тоюп алган Европада күчөп жатат. Улуттук жана жалпы адамзаттык байланыштардын ортосундагы диалектикалык карама-каршылыктарды ар тараптан терең жана олуттуу түшүнүп билүү жазуучумун деген ар бир адамдан талап кылынат. …

Бул макала англис тилинде Американын Оклахома штатындагы университеттин World literature today журналынын 1993-жылдагы кышкы (же биринчи) санында жарык көргөн. Англис тилине Хэйди Карика которгон. Жазуучунун макулдугу менен англисчеден кыргызчага Улуттук илимдер академиясынын Адабият жана искусство таануу институтунун аспиранты Жолдош Турдубаев которуп, 1994-жылы “Кыргыз Руху” гезитинин 6-, 16- жана 30-сентябрдагы сандарына жарыялаган. Чыңгыз Айтматовдун буга чейин жарык көргөн 5 томдугуна бул көлөмдүү макала гезиттен сканирленип, техникалык каталары оңдолбогон бойдон, гезиттеги өзгөртүлгөн аталышы менен чыгып кеткен эле.

Текстти жазуучунун 90 жылдык юбилейине карата чыгарыла турган жыйнак үчүн Жолдош ТУРДУБАЕВ стилдик жактан да кайра редакциялап, «Азаттык» үчүн келкилерин тандап, ички темачаларын койду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.