Облустарды жоюу демилгеси кайра козголууда

"Ата Мекен" фракциясынын башчысы Өмүрбек Текебаев

Жогорку Кеңеште башкаруу системасына реформа жүргүзүүнү караган мыйзам долбоору каралууда.
Реформанын күңгөй-тескейи тууралуу мыйзам долбоордун демилгечиси, “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” айтып берди.

“Азаттык”:
Мына парламентте башкаруу системаларын реформалоону көздөгөн мыйзам долбоору талкууга алынып жатат. Мындай демилге эмне үчүн азыр көтөрүлүп жатат?

Өмүрбек Текебаев: Былтыр кабыл алынган жаңы Конституцияда өлкөдөгү саясий системаны өзгөртүү багыты кабыл алынган. Жаңы саясий системанын негизги принциптери көргөзүлгөн. Ошого ылайык сот системасын реформалоо, шайлоо системасын реформалоо, мына бүгүн башкаруу системасын реформалоо жүрүп жатат. Туура бир жылга кечигип, бул реформаларды жүргүзүп жатабыз.

“Азаттык”: Бул мыйзам долбоорлор жактырылса, кандай кыскартуулар болот? Башкаруу системасы кандай өзгөрүүлөргө дуушар болот?

Өмүрбек Текебаев: Сунушталып жаткан мыйзамда биринчи кезекте жергиликтүү калк жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдарын калыптандырууда, түзүүдө, тагыраак айтканда акимди дайындоодо катыша алат деген норма кирип жатат. Ага ылайык райондук кеңештин депутаттарынын сунушу менен аким өлкөнүн премьер-министри тарабынан бекитилет. Буга каршы ой-пикирлер да бар. Премьер-министр акимдерди мен өзүм жылдырып, эски тартиптегидей эле бекитсем деген оюн жашырган жок.

Баарыбызга белгилүү, өкмөт айыл өкмөттүн башчыларын дагы акимдер жылдырсын деген сунуш менен чыгып, ал сунуш парламентте колдоого ээ болгон эмес. Мына ошентип эски менен жаңынын тирешүүсүнүн алдында бул реформа башталып олтурат. Кайсы варианты кабыл алынат? Бүгүн, эртең депутаттардын талкуусунда бул маселе чечилет.

“Азаттык”: Мына бул мыйзам долбоорлордун алкагында облустар да жоюлат деген маалымат бар. Ушун тактап кетсеңиз?

Өмүрбек Текебаев: Сунушталып жаткан мыйзамдар Кыргызстанда эки баскычтуу административдик-аймактык бөлүмдөрдү түзүүнү сунуштайт. Бул айыл менен шаар биринчи баскыч, экинчи баскыч район. Райондун деңгээлинде мамлекеттик администрация болот. Ал эми облустук деңгээлде мамлекеттик администрация, жаңы Конституцияга ылайык болбойт.

Акырындап, акырындап облустагы бийлик жокко чыгып, ал жерде региондогу өкмөттүн саясатын жүргүзүүчү жана координациялоочу өкүл, азырынча аны “бий” деп атап турабыз, премьер-министрдин өкүлү, ушул “бий” деген гана координациялык кызматка алат. Көп сандаган мамлекеттик ишканалар, бийлик органдары жоюлуп, өлкөгө үнөмдөө алып келет деп ойлобуз. Биз сунуштаган мыйзам түздөн-түз кыскартууларды бүгүн карабайт. Ал болгону укуктук-нормалык негиз түзүп, реформаларга жол ачып, өкмөткө мүмкүнчүлүк берет.

Көптөгөн таасирдүү чиновниктердин кызыкчылыгы, түздөн түз тиешеси бар. Ошондуктан алар мүмкүн болушунча реформага тоскоолдук кылууга аракет жасайт ...
“Азаттык”: Азыркы шартты эске алганда бир топ мамлекеттик кызматкерлердин иштен айрылып калышы терс жагдайларды пайда кылбайбы? Маселен, кызматтан бошогондор өз тараптарларын көтөрүп чыкпайбы?

Өмүрбек Текебаев: Албетте, жумуштан бошогондор нааразы болушат. Биз эми мамлекетте бир нече адамдын кызыкчылыгы үчүн, аларды жумуш орду үчүн камсыз кылып туруу үчүн кармабайбыз. Ал жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн жооп бериш керек. Ошондуктан административдик-аймактык реформа сөзсүз болушу керек.

“Азаттык”: Башкаруу системаларын реформалоо иштери гранттардын жардамы менен 90-жылдары да көтөрүлгөн. Бул аракеттер эмне себептен буга чейин ишке ашпай келген?

Өмүрбек Текебаев: Буга көптөгөн таасирдүү чиновниктердин кызыкчылыгы түздөн түз тиешеси бар. Ошондуктан алар мүмкүн болушунча реформага тоскоолдук кылууга аракет жасайт. Бүгүн да коё туралы, күтө турбайлыкпы деген сөздөр кайра-кайра туш тараптан чыгып жатат. Бүгүн эртең боло турган талкууда да мына ушул аргументтер, күтө туралык, даяр эмеспиз дегендер айтылат.

“Азаттык”: Маегиңиз үчүн рахмат.