Капсалаңдуу Кызыл-Жар

Кызыл-Жар соңку күндөрү чуулгандуу окуяларга байланыштуу коомчулуктун оозунан түшө элек. 

Өткөн айда Балыкчыда эки милиция кызматкерин аткандардын бири Заур Магомедов 2012-жылдан тарта Кызыл-Жарда ушул оорукананын 2чи, тактап айтканда, мажбурлап дарылоо бөлүмүндө жаткан. Магомедов ооруканда ээн-эркин эле келип-кетип жүргөнү, былтыр жыл этегинде да кылмыш кылганы аныкталды.

17-февралда милициянын атайын багыттагы кызматкерлери мажбурлап дарылоо бөлүмүн тинткен. Атайын операция маалында бейтаптар күч кызматкерлерине кол көтөрүп, жаңжал асманга ок атылгандан кийин токтогон. Маңзат табылганы айтылган.

Күч органдары бул бөлүмдө кылмыштуу топ уюшуп алган, "общак" топтоп, "положенец" дайындап, өз тартибин орноткон деп билдирүүдө. Дарыгерлер деле муну жокко чыгарбайт. 

325 орундуу оорукана 8 бөлүмдөн турат. 

Ооруканада иштегендердин дээрлик 80 пайызы аялдар. Алардын теңинен көбүн пенсия жашындагылар түзөт. Кылмыш кылган, анан калса психикалык дартка чалдыккан дегендерди кайтаруу милдети да ушул аялдарга жүктөлгөн. 

Кызыл-Жардагы психиатриялык ооруканын башкы дарыгери - Гүлнура Миңбаева.

Союздун тушунда ооруканада алдуу-күчтүү эркектер иштегенин айтып беришти. Азыр бейтаптар арасында качып кеткендер болот, аларды медициналык кызматкерлер өздөрү издеп таап келишет экен.

Оорукананын 8-бөлүмү. Бул жерде стационардык шартта соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлөт. 

Оорукананын ушул бөлүмү гана кайтарууда турат.  

Соттук-медициналык экспертиза Кыргызстан боюнча Кызыл-Жарда гана жүргүзүлөт. Бул жерге өлкөнүн ар аймагынан келгендер жатат. 

2004-жылы Магомедов адам өлтүрүү, карактоо кылмыштары боюнча айыпталып эл аралык издөө жарыяланган. Казакстанда 2009-жылы кармалып, Кыргызстанга 2012-жылы алынып келген. 

Ооруканада психикалык дарттан жабыркаган адамдар үчүн төрт бөлүм бар. 

Жергиликтүү эл психиатриялык ооруканада кылмышкерлердин дарыланышына каршы. Башка жакка көчүрүп кетүү демилгеси байма-бай көтөрүлөт. Анткени буга чейин да тополоң чыгып, ооруканадан качкандар жай тургундарга кол көтөрүп, коркутуп-үркүткөн учурлар болгон.

Дарыгерлерге "Шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абад облустук прокуратура мажбурлап дарылоо бөлүмүндө жаткандарды кайра экспертизадан өткөрүүнү сунуштап жатат. 

Ооруканада 10 врач болсо, анын жетөө пенсияга чыккан. Жогорку билимдүү жаш кадрлар 90-жылдардын ортосунан бери келе элек экен.

Оорукананын ичи.

Кызыл-Жардагы кырдаал Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөш комитетинде каралган жана маселелерди чечүү боюнча сунуштарды даярдоого бир ай убакыт берилген.

Кызыл-Жар Жалал-Абаддагы шарты катаал айылдардан, борбордон алыс турат. Жумушсуздук маселеси курч турат.