Тейлөө жакшырмайын туризм өнүкпөйт

Соң-Көл жайлоосу

Кыргызстанда туризм тармагын өнүктүрүү үчүн өзүнчө мекеме түзүү каралууда.

Өкмөт мындай компаниянын түзүлүшү туризм тармагындагы көптөгөн көйгөйлүү маселелердин чечилишине өбөлгө түзөрүн билдирип жатат. Айрымдар өлкөгө туристтерди тартуунун заманбап ыкмаларын иштеп чыгуу керектигин билдирүүдө.

"Арай көз чарай" талкуусуна Маданият министрлигине караштуу Туризм департаментинин башчысы Азамат Жаманкулов, Туристтер ассоциациясынын жетекчиси Талант Токталиев жана Жаш ишкерлер ассоциациясынын туризм комитетинин мүчөсү, туристтик компаниянын жетекчиси Кумар Каримов катышты.

“Азаттык”: Бул күндөрү TurStat эл аралык талдоо агенттиги Бишкекти КМШ өлкөлөрүндө саякатка ылайыктуу мыкты он шаардын катарына кошту. TurStat агенттиги Орусиядагы жана КМШ мамлекеттериндеги туризм рыногун изилдейт. Бишкек туристтер үчүн эмнеси менен кызык?

Тайланддан, Филиппинден коноктор келди, аларга “Супара” абдан жакты. Бирок ал жакка барган 42 км жол абдан начар болуп жатат.

Азамат Жаманкулов: Эми акыркы он жылда Бишкекте чоң өзгөрүүлөр болду. Азыркы учурда Бишкек шаарындагы кафе-ресторандардын деңгээлин карап көрсөңүздөр болот. Төрт жылдыздуу, беш жылдыздуу мейманканалар курула баштады. 2017-18-жылы дагы көбөйөт. Бүгүнкү күндө шаарда 1-2-3 жылдыздуу мейманканалар жетиштүү. Алардын тейлөөсү дагы оңолуп баратат.

Талант Токталиев: Бизге азыр Араб, Иран, Кытай өлкөлөрүнөн туристтер жакшы келе баштады. Алар негизинен Бишкектин отелдерине келет. Мейманканаларга келгенде биринчи эле алардын көңүлүн бурган нерсе - тоолор. Дароо терезеден тоого көз чаптырат. Бишкектин өзү гана эмес, аларга айлана-тегерек кызыктуу.

Биз туристтик компаниялар, Туризм департаменти менен биргелешип, Бишкекте башка мамлекеттердегидей сити-тур, сити-автобустарды борбордук аянтка жайгаштыралы деп ойлоп жатабыз. Анткени Бишкекке келген туристтер шаар кыдырайын десе эле ар кайсы компанияны интернеттен издеп кыйналып жатышат. Эгер ошондой тур болсо, аларга бул маселеде жеңил болмок.

“Азаттык”: Кумар мырза, Европа өлкөлөрүндөгү шаарларда ички экскурсиялар абдан өнүккөн. Четтен келгендер аз убактысы болсо дагы алардын тейлөөсүн пайдаланып, шаарды кыдыра алышат. Кыргызстанда дагы ошондой аракеттер барбы?

Кумар Каримов: Бишкек кооз шаар. Тоо десең тоо, түз десең түз жер бар. Бирок бизде азыр көрсөтө турган көп деле кызык жерлер жок. Туристтер келсе биз аларды "Ата-Бейитке" алып барабыз, анан Ала-Тоо аянтын тегеретип эле "Өчпөс оттун" жанынан токтогонго аргасыз болобуз. Ошондуктан “Манаска” окшогон чакан айылдарды өнүктүрүп, тарыхый маданиятты көрсөтө турган шаарчаларды курсак жакшы болмок.

Бизде бара турган музей да жок. Туристтер келгенде галерея көрөбүз дешет. Бир эле Чүй менен Эркиндик бульварындагы галереяны көрсөтөбүз. Алдыда жасай турган иштер көп негизи.

Талант Токталиев: Туура айтылып жатат, азыр чын эле көрсөтө турган деле нерсе жок. Бирок ушуга карабастан биздин айрым ишкерлерибиз жакшы нерселерди жаратып жатышат. Мисалы, бизге Тайланддан, Филиппинден коноктор келди, аларга “Супара” абдан жакты. Бирок ал жакка барган 42 километр жол абдан начар болуп жатат. Улуттук колориттеги бир шаарчаларды куруп, ушундай комплекстерди жаратсак абдан жакшы болмок.

Туристтерди тартуу жеңил эмес

Туристтерди тартуу жеңил эмес

Быйыл Кыргызстан Борбор Азияда чет өлкөлүк туристтер көп келген өлкө болду. Бирок аларды ар дайым тартып тургандай кызмат көрсөтүү деңгээли менен инфраструктуранын жоктугу бир көргөндөн кийин көңүлдөрүн кайт кылууда.

“Азаттык”: Учурда өкмөт туризм тармагын өнүктүрүү максатында өзүнчө орган түзүү маселесин кароодо. Бул тууралуу өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков билдирди. Мамлекеттик компания түзүлүп калса, анын карамагына Арстанбап, Таш-Рабат сындуу туристтик 60 объект кирип, ал эми компаниянын өзү Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин көзөмөлүндө болот экен. Мындай компаниянын түзүлүшү туризм тармагындагы көптөгөн көйгөйлүү маселелердин чечилишине канчалык шарт түзө алат?

Азамат Жаманкулов: Азыр биз туризмди өнүктүрүүнүн жаңы ыкмаларын колдонуу жагын карап жатабыз. Бул туризм ишканасы дейбизби же холдинг дейбизби, ошол багытта иштесин деп жатабыз.

Азыр Ысык-Көлдүн жээгинде мамлекеттин колунда турган 30дан ашык объект бар. 25 жылдан бери алар бир эле абалда турат. Булардын менежментин өзгөртүп, жаңыча бир система киргизбесек ошол эле абалда калышы мүмкүн да. Ошондуктан күчтүү балдардын тобун чогултуп, бир чоң холдингге айландырып, жаңыча мамлекеттик- жеке өнөктөштүк кызматташтыгы аркылуу системаны алмаштырсакпы деген ойлор болуп жатат.

Биздин азыр тарыхый-маданий жерлерибиз бар, бирок ал жерлерде инфраструктура жок. Аларды алып келүү үчүн мамлекетти карап отурсак да болбой жатат. Бул маселе жеке сектор менен кызматташып, аларды киргизүү менен гана чечилет. Жаңы мекеме ушул максатты көздөйт.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.