Якутиядагы кыргыздар

Якут кыз “Олонхо” деген улуттук эпостон үзүндү айтууда. "Олонхо" саха элинин Манастай элдик баатыры жөнүндө чыгарма

Якутск шаарында өтүп жаткан “Радуга дружбы” деген этностор аралык маданий фестивалда якут балдар дарбыйа деген улуттук аспапта ойноп жатышат

Жер кыртышы тоң болгондугуна байланыштуу Якутияда ар бир имарат түркүктүн (свайлардын) үстүнө курулат

15 миңге жакын кыргыз мигранттар байырлаган Якутск шаары акыркы беш жылда тез өнүгүүдө

Якутск шаарынын "Жеңиш" аянты

Көпчүлүк кыргызстандыктар Якутск шаарында автобус айдап эмгектенишет. Арасында бир нече автобусу бар, жеке менчик унаасын ижарага берип иштеткен мекендештер дагы бар

Якутск шаарындагы кыргыздардын көпчүлүгү “Столичный” базарында соода-сатык кылышат

Шаардын "Столичный" базарында соода кылган мекендештер

"Столичный" базарында Кыргызстанда тигилген кийим-кече арбын сатылат

Якутск шаарындагы "Бао" рестораны. Мекендешибиз Алмаз ресторанды кыргыз үлгүсүндө жасалгалаган. Мындай жасалагалар Кыргызстанда бир дагы кафе-ресторанда жок

Кыргыз үлгүсүндө жасалгаланган "Бао" рестораны шаардыктардын сүйүктүү жайларынын бири

Дагы бир мекендешибиз Семетей шоумен, тамада, телеканалда алып баруучу катары эл сүймөнчүгүнө айланган. "Якут маданиятынын отличниги" наамына татыктуу болгон.

Саха аксакалдары

Сахалыктар үйүнө келген мейманды от жагып, сый көрсөтүп, тосуп алат

Якут элинин улуттук “Ысыах” майрамын өткөрүү үчүн жасалган "Урасалар" комплекси

Якут элинин улуттук “Ысыах” майрамын өткөрүү үчүн жасалган "Урасалар" комплекси

Кымыз менен этке колдонулган якут идиш аяктары

Якутск шаарынан анча алыс эмес жердеги Үөдей айылынын жаштары

Якутск шаарынан анча алыс эмес жердеги Үөдей айылынын жылкылары

Лена дарыясы Якутиянын жашоосунда стратегиялык мааниге ээ. Темир жол жетпеген Якутияны бул дарыя дүйнө менен байланыштырып турат