Нарында кымыз сезону башталды

Бээлер ар бир эки саат сайын саалат.

Бир сааганда бир бээден бир литрден ашык сүт чыгат.
 

Кымыз ышталган сабада ачытылат.

Ууз кымызды сатып алуучулар арбын.

Бир күндө жакшы болгондо 50 литрге чейин, аз болгондо 5-10 литр кымыз сатылат.

Кардарлар бир чыны кымызды бекер иче алышат.

Кээ бир кардарлар куюп берген кымызды ичип, акчасын төлөбөй кеткен учурлар да кездешет.