Кыргызстандагы күрттөр
Жергиликтүү күрт ырчысы Забида Худатаева. Күрттөрдүн жашаган жерине байланыштуу маданияты да айырмаланып турат. Худатаева ирактык күрттөрдүн көйнөгүндө.
Забида Худатаева күртчөдөн тышкары кыргызча да ырдайт, ал эки айдан бери өздөрүнүн улуттук саз деген музыкалык аспабында ойногонду үйрөнүп атат.
Күрттөрдүн улуттук суусундугу – аудау. Айран менен суу аралаштырылып, кичине туз кошулуп чалапка окшоп даярдалат. Мындан тышкары бозого окшогон грар деген да суусундугу бар.
Күрттөрдүн колго жасалган сыры – пейнир. Аны даярдаган Забиданын апасы Ханым Худатаеванын айтымында, Кавказдан келген рецепт колдонулуп, ага уйдун эти да кошулат.
Күрттөр да кыргыздарга окшоп боорсок даярдашат. Аларда камыр сүт жана жумуртка менен жуурулуп, шекер кошулуп, таттуу боорсок болот экен.
Расмий статистикага ылайык, Кыргызстандагы күрттөрдүн саны 13 миңден ашык. Дүйнөдө алардын саны 40 миллиондун тегерегинде деп айтылып келатат.
Күрттөр кыргыздарга окшоп урууларга бөлүнүшөт. Кыргызстандык күрт аксакал Наби Мустафаевдин айтымында, күрттөр жети урууга бөлүнүп кеткен. Кыргызстанда бардык уруулардын өкүлдөрү кезигет.
Кыргызстанда турган күрттөр жөнүндө Гажар Аскеровдун 2005-жылы жарык көргөн «Күрт диаспорасы» китебинде биринчи жолу жазылган.
Аскеровдун айтымында, Ала-Тоодо турган күрттөрдүн арасында өзүнүн маданиятына кызыгуу аз, бирок акыркы жылдары активдүү күрт жаштары улуттук маданиятка кызыга баштаганы кубандырат.