"Кумтөрдүн" элге тийбеген жарыгы

Кумтөр

Мурдагы өкмөттүн “Центерра Голд” компаниясы менен түзүлгөн келишими мамлекеттик кызыкчылыкка каршы документ катары парламентте сынга кабылса, жаңы келген өкмөт өз программасында “Кумтөр” маселеси боюнча позициясын билдирген жок. Ал ортодо бир чет элдик компания “Центерранын” акцияларын сатып алууга ниеттенип жатканын билдирди.

Жаңы өкмөт “Кумтөр” чуусун жөнгө салып, мамлекеттин кызыкчылыгындагы келишимге жете алабы?

“Арай көз чарай” талкуусуна Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов менен Тоо-кенчилер жана геологдор бирикмесинин төрагасынын орун басары, техника илимдеринин доктору Үсөн Камчыбеков катышты.

“Азаттык”: Алмамбет мырза, сиз өткөн жумада Сапар Исаков баштаган өкмөттү “Центерра голд” компаниясы менен келишимге өзүм билемдик менен кол коюп, улуттук кызыкчылыкка каршы иш жасады деп катуу сынга алдыңыз? Сиздин сөзүңүздү саясий чайкоочулук катары баалагандар болду. Өкмөт өз алдынча келишим түзө албайт беле? Парламентте кабыл алынганда улуттук кызыкчылык көбүрөөк болмокпу?

Алар убагында Кыргызстанды “жергиликтүү адистерди окутабыз, даярдайбыз, он жылдан кийин өзүңөр башкарасыңар” деп алдап келген. Арадан 20 жыл өттү “Центерра” кара жумушчулардан башка бир дагы инженерди окуткан, даярдаган жок.
Алмамбет Шыкмаматов

Алмамбет Шыкмаматов: Сындын төркүнү – “Кумтөр” маселесине келгенде биздин төрткө-бешке бөлүнүп жатканыбызда.

“Центерра” биздин сырыбызды эбак билип алган. Алар өз кызыкчылыгын коргош үчүн бизди үчкө-төрткө бөлүп жатат. Биз, бийликтегилер баарыбыз чогулуп алып, бир пикирге келип, улуттук кызыкчылык үчүн бирикпесек, тарыхый адилеттүүлүктү калыптандыра албайбыз.

Кыргызстан бир кездеги 67 пайыздык үлүшүн 33 пайызга алмаштырып жиберген. 2003-жылы “Кумтөр” – кылымдын аферасы” деп тарыхта калдык. 2009-жылы алар менен кол коюлган келишимди Жогорку Кеңеш аркылуу бекитип, Конституциялык сот аркылуу бекемдеп бергенбиз, мурдагы доо арыздардан баш тартканбыз. Ошондон бери адилеттүүлүктү орното албай келатабыз.

Жантөрө Сатыбалдиев премьер-министр болуп турганда аларды жарга такаганда жетекчиси бир нече жолу Кыргызстанга келип кеткен. Ошондогу өкмөт мурдагыларга караганда түзүгүрөөк келишим сунуш кылганда парламент кабыл албай койгон, “Центерра” да көнбөй койгон. Алар убагында Кыргызстанды “жергиликтүү адистерди окутабыз, даярдайбыз, он жылдан кийин өзүңөр башкарасыңар” деп алдап келген. Арадан 20 жыл өттү “Центерра” кара жумушчулардан башка бир дагы инженерди окуткан, даярдаган жок. Башкаруучулардын баары Канададан келгендер. Биз болсо үчкө-төрткө бөлүнүп алып, алардын оозун карап отурабыз.

Парламент мөңгүлөрдү "көчүрүүгө" уруксат берди

Парламент мөңгүлөрдү "көчүрүүгө" уруксат берди

Кумтөрдөгү Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн ордунан козгоп, которуштурууга уруксат берчү Cуу кодексине өзгөртүүлөр колдоо тапты.

Ушундай болуп жатса Сапар Исаков жашырынып, эч кимге айтпай кол коюп койбодубу. Кыргызстандыктар аны билбейт. Биз, мурда коюп келген 7 миллиард сомдук экологиялык чыгымдардан ж.б. талаптардан баш тарттык. Мөңгүлөрдү талкалаганга жол бердик. Бул чыккынчылык эмей эмне? Тымызын кылган иштин аркасында мандем бар. Парламенттен келишимди ратификациялоонун кереги жок болчу, ал эл аралык документ эмес.

Өкмөт Жогорку Кеңеште, коомчулуктун өкүлдөрү менен келишимдин долбоорун талкуулап, алардын сунуш-пикирлерин угуп, бекитип алгандан кийин, өкмөт “мен эми жоопкерчиликти өзүмө алам” десе болмок, андай болгон жок да. Өкмөт жазгы талаа жумуштары боюнча парламент менен акылдашат, ал эми “Кумтөр” каралып жатканда унчукпай койгонун кандай түшүнсөк болот? Мен айткан сындын төркүнү мына ушунда.

“Азаттык”: Үсөн агай, мурдагы кыргыз өкмөтү “Кумтөр” боюнча кол коюлган келишимди адистер, эксперттер менен кеңешип, изилдеп, талдап туруп, анан кол койгонбуз деп айтып келе келишкен. Сиз катыштыңыз беле? Дегеле бул документке кол коюуга даярдоо жоопкерчилиги кимдерге жүктөлөт, маселенин чечилиши канчалык жөндүү болгон?

Кыргыз тарап коюп жаткан 22 миллиард сомдук доо менен Сапар Исаков макул болуп жаткан 169 миллион доллардын айырмасын элге кантип түшүндүрүш керек деген чоң суроо коюлган.
Үсөн Камчыбеков

Үсөн Камчыбеков: Сапар Исаков премьер-министр кезинде канадалыктар келер алдында адистерди чакырып, бизге бир таблицасын көрсөткөн. Ал боюнча да оюбузду айтканбыз.

Андан кийин “даярдалып жаткан келишим бар экен, бизге көрсөтсөңүз, адистер өз пикир-сунуштарыбызды айталы” деп өкмөт башчыдан суранганбыз. Ошондо эң орчундуу деп айтылып жаткан кыргыз тарап коюп жаткан 22 миллиард сомдук доо менен Сапар Исаков макул болуп жаткан 169 миллион доллардын айырмасын элге кантип түшүндүрүш керек деген чоң суроо коюлган. Ошондон кийин бизди чакырган, катыштырган да жок. Өздөрүнчө эле чечим кабыл алышты. Ошондуктан күмөн саноолор көп болуп жатат.

“Азаттык”: Алмамбет мырза, мурдагы премьер-министр парламентте отчет берип жатып, “эгер “Кумтөр” маселеси боюнча эл аралык сотко бергенде утулуп калмакпыз, дагы көп зыян тартмакпыз”, деди. Кыргызстандын сотто айта турган аргументи, көзүрү жок беле?

Алмамбет Шыкмаматов: Көзүрү бар. Өкмөттүн мүчөлөрү сот боло электе эле “биз утулабыз” деп “Центерранын” адвокаты болуп алганы мени адам катары ыза кылды.

Мөңгүнү талкалап, экологияга зыян келтиргенин эл аралык уюм айтты го, анан эмнеге утулабыз? Кыргыз өкмөтү элдин башын айланткан жалган маалыматтарды берип келди. Экологиялык доону өндүрүү үчүн Страсбург эл аралык сотуна баруунун кереги жок, Кыргызстандын соту эле чечет.

“Азаттык”: Мындан үч-төрт күн мурда чет элдик "Чаарат" кен казуучу компаниясы “Центерранын” акцияларын, аны менен кошо Кумтөр кенин да сатып алууга дилгир экенин жана алар сунуш кылган шарт Кыргызстан үчүн да жагымдуу экенин билдирип жатат.

Үсөн Камчыбеков: Алардын айтканын маалымат катары уксак, экономикалык жактан пайдалуудай эле көрүнүп жатат. Берилген сунуштарды жай отуруп алып окуп, терең таанышып, талдап чыгыш керек. “Центерранын” директорлор кеңешинде Кыргызстандын үч өкүлү отурат, алар эмне үчүн үн катышпайт?

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кумтөрдүн жарыгы качан тиет?

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.