"Центерра" бөлгөн акча талаш жаратты

Кумтөр кени

Кумтөр алтын кенин иштеткен “Центерра Голд” компаниясынын Кыргызстандагы онкологиялык бейтаптар үчүн бөлгөн жети миллион доллары “сол чөнтөккө” кетип калган болушу ыктымал. Мындай күмөн ойлор Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы комитетинде айтылды.

Кумтөрдөгү экологиялык зыян үчүн кыргыз өкмөтү канадалык инвестор “Центерра Голдду” 2013-жылы сотко берип, 100 миллион доллар кенемте талап кылган. Бирок 2017-жылы стратегиялык макулдашуу кабыл алынып, Кыргызстан доосунан кайра баш тарткан. Анын ордуна “Центерра Голд” онкологиялык кызматты жакшыртууга 10 миллион, жаратылышты коргоого 50 миллион доллар бөлүп берүүгө макул болгон. Экөөнү тең коомдук уюмдун эсебине которуу жөнүндө чечим кабыл алынган.

Ошол чечимге ылайык былтыр сентябрда өкмөт “Онкологиялык кызматка колдоо көрсөтүү” коомдук фондун түзүп, инвестор убада кылган 10 миллион доллардын 7 миллионун Кыргызстанга бир ай ичинде которгон. Бул каражат түз эле KICB банкына келип түшкөн.

Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова "коомдук фонд түзүү зарылчылыгы бар беле, эмне үчүн акча жеке банкта сакталып турат жана бюджет аркылуу өтпөгөндүктөн аны уурдоого ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө" деп маселе көтөрдү:

- Эмне үчүн бул акча бюджетте эмес, жеке банкта жатат? Ошол эле акчаны Улуттук онкология жана гематология борборуна берсе, тиешелүү жабдууну өздөрү деле сатып алышмак. Бирок бүгүнкү күндө башкача болуп жатат. Фонд түзүп, ал жерге жеке адамдар топтолду. Мисалы, Нургүл Аднаева. Анын онкологияга эч тиешеси жок. Ал министрдин кеңешчиси болуп иштейт. Алар кандайча тандалды? Эч кандай тандоо болгон эмес.

Фонддун төрайымы Нургүл Аднаева депутаттын кооптонуусун негизсиз деп эсептейт. Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги жемкорлуктун алдын алуучу негизги механизм катары Байкоочу кеңеш түзгөн жана анын курамына өз алдынча адистер кирген.

- Биринчи максатыбыз – ишти "Мамлекеттик сатып алуу жөнүндө" мыйзамдын негизинде ачык-айкын, коррупциясы жок жүргүзүү. Алынган жабдуу бейтаптарга гана иштеши керек. Акча турат, ошол бойдон. Бир тыйын да короткон жокпуз. Эч ким эмгек акы албай иштеп жатат.

Рак оорулуу балдардын убалы кимге?

Рак оорулуу балдардын убалы кимге?

Республикалык онкология борборунун балдар бөлүмү рак илдетинен жабыркаган балдарды дарылабай эле өлтүрүп жатат деген мазмундагы Саламаттык сактоо министрлигине жолдонгон ачык кат массалык маалымат каражаттары аркылуу коомчулукка тарады.

Бирок депутат Мамашова өзү да Байкоочу кеңештин мүчөсү болгондуктан фондго тиешелүү документтер менен таанышуу укугуна ээ. Өз кооптонуусун депутат “сатылып алына турган жабдууга карата тендердик шарттар коррупцияга жол ачкыдай болуп түзүлүп жатат” деген арыздар менен түшүндүрдү.

Өкмөт акчаны бюджет аркылуу эмес, түз эле банкка котортуп алган себебин бейтаптар үчүн зарыл жабдууну эрте сатып алуу аракети менен түшүндүрүүдө. Бирок депутат Акылбек Жапаров бүгүнкү күндө казынада андай проблема жок экенин билдирди:

- Мына, казыналыктын директору отурат бул жерде – акча келип түшсө, каякка "котор" десе, 15 секунд ичинде которот. Бирок акча эсепте калат. Эсеп палатасынын отчетунда калат. Депутаттарга келет, биз көрөбүз. “Канча акча келди, каяктан келди, каякка кетти?” деген суроолорго ошондо жооп алабыз. Анан 10 миллион доллар казынага келбей эле бери жагынан кетип калса, биз аны кайдан билебиз?

Онкологиялык дартка чалдыккандарды дарылоого эң зарыл аппарат болгон линиялык тездеткичти сатып алууга керектүү акча келгенине сүйүнгөн адистер эми минтип кайрадан маселе жаралып жатканына бир чети кейип жатышат.

"Кумтөр" ишканасы.

"Эргене" коомдук фондунун жетекчиси Таалайгүл Сабырбекова “Онкологиялык кызматка колдоо көрсөтүү” коомдук фондунун ишин көзөмөлдөй турган кеңешке жакында эле мүчө болду. Ал юридикалык жагдайлар боюнча комментарий бере албай тургандыгын, бирок жеке өзү каражаттын максаттуу пайдаланылышына көзөмөл жүргүзүүгө шарт бар экенине ынанганын айтууда:

- Мен тизмени көрсөтүүнү сурандым. Анда 17 аппарат жазылыптыр. Ошол тизмени “Европанын онкология мектеби” уюмуна жөнөттүм. Алар да “Кыргызстанга мынча акча бөлүнүптүр, ушуларды алганы жатышыптыр” деп өзүнчө чогулуш өткөрүп, азыр изилдеп, кеңешин даярдап жатышат. Ошондой эле мен Улуттук онкология жана гематология борборуна барып, ошол тизмени түзгөндөр менен жолугуп келүүнү сунуш кылдым. Барганда ар бир бөлүмдүн башчысы эмне керек экенин айтып, Окумуштуулар кеңеши аркылуу өткөрүп, бекитилгенин өздөрүнөн угуп келдик.

Юстиция министрлиги "фондду түзүүдө өкмөт мыйзам бузган эмес" деп бүтүм чыгарган.

Өкмөт онкологиялык заманбап жабдуу сатып алуу тендер аркылуу ачык-айкын жүргүзүлөрүн айтып, "коррупциялык аракеттерге жол берилбейт" деп билдирирүүдө.

Парламенттик комитет бул маселени талкуулагандан кийин кабыл алган чечимине "өкмөт онкологиялык кызматты колдоо фондун түзүү тууралуу токтомун кайра карап чыксын жана анын акчасын бюджет аркылуу өткөрүүнүн жол-жобосун эки жума ичинде иштеп чыгып, сунуш кылсын" деп жазды.

Кыргызстанда онкологиялык дарттар саны боюнча адам өлүмүнө алып келүүчү жүрөк ооруларынан кийин эле экинчи орунда турат. Андан көбүнчө аялдар жабыркайт. Саламаттык сактоо министрлигинин расмий маалыматына караганда, жыл сайын 6 миңдей кыргызстандыктан онкологиялык илдет аныкталып чыгат, алардын 3 миңден ашууну дүйнө менен кош айтышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.