Кулматов камакта калды
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Бүгүн Бишкек шаардык соту борбор калаанын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасын жабык түрдө карап, соттун мурдагы чечимин күчүндө калтырды. Буга чейин Кулматовдун адвокаты Сергей Слесарев экс-мэрди камакка алуу боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу боюнча шаардык сотко кассациялык арыз менен кайрылган.