Активисттер "Келинге" каршы

"Келин" долбоору, тандоо туру.

КТРК эфиринен берилип жаткан “Келин” долбоору коомчулукта ача пикирди жаратты.

Уюштуруучулар “Келин” долбоору аркылуу үй-бүлөдөгү келин менен кайнене ортосундагы мамиле иликтенип, жоголуп бараткан кыргыздын салттарын жандандыруу аракети жасаларын айтышууда.

Ошол эле учурда гендер жаатындагы эксперттер бул программа, тескерисинче, кыздардын укугун тебелеп, үй-бүлөдөгү тең укукту басмырлап жатканын белгилешип, программаны КТРКдан токтотууну талап кылышты.

Келин келет ак шөкүлө жамынып...

Өткөн жуманын аягында КТРК реалити шоунун биринчи берүүсүн эфирден көрсөтүп, анда ондон ашык бойго жеткен кыз "мыкты келин" деген наам үчүн өз өнөрлөрүн көрсөтөрү белгилүү болду. Алар кайнененин сынынан өтүп, ал эми жакпай калганы же упайды аз топтогон кыздар оюндан четтеп кете беришмекчи.

Долбоордун директору Хадича Харсанова “Азаттыкка билдиргендей, “Келин” программасы турмушка чыга элек кыздар арасында үй-бүлөлүк баалуулук тууралуу түшүнүктү кеңейтип, турмуш курууга багыттайт.

- Элдин басымдуу бөлүгү КТРКны көрөт. Эгерде талаш-тартыштар эки ача болсо, биз анда туура жолдо эле баратабыз деп ойлойбуз. Турмушта бирине жеңил болсо, экинчисине оор болот. Биз бир агымда жашап жатканыбызды моюнга алышыбыз керек. Кандай болбосун келин болуп барганда жолдошунун үйүндө өз салты, ырым-жырымы бар, мамиле-катыш түзүлөт, биз ошолорду гана элге түшүндүрүп берип жатабыз. Кыздар азыр телефондон өзүн сүрөткө тартканды гана жакшы өздөштүрүп, башка иштерди унутуп бараткандай. Биздин программа болочок келиндерге жардам берет деп ойлойбуз.

Муфтий келиндерди коргоп чыкты

Муфтий келиндерди коргоп чыкты

Адистер ажырашуулардын жарымы кайын журт менен келиндин тил табыша албаганынан болорун белгилешүүдө.

“Келин” долбоору эфирден чыкпай жатып эле коомчулукта нааразычылыктар күч алган. Ал эми биринчи берүү эфирден көрсөтүлгөндөн кийин талкуу ого бетер күчөдү.

Бири “Келин” долбоору ансыз деле үйдөгү тиричиликтен алыстап бараткан кыздар үчүн тарбиялык мааниси бар десе, КТРКдан көрсөтүлүп жаткан реалити шоу кыздардын укугун тебелеп жатат дегендер четтен чыгат. Жарандык активист Умай Арыкова:

- Бул программада элеттик көрүүчүлөргө басым жасалыптыр. Ал жакта ансыз деле келиндердин статусу өтө төмөн. Ал кызмат кылат, идиш жууйт, бала төрөйт. Ага кулдай эле мамиле жасашат. Бул долбоорду көргөн келиндер чындап эле жашоодо баш көтөрбөш керек экен деген түшүнүктө кала беришет.

"Кайнене терс каарман эмес"

Келиндерди сынаган программалар коңшу Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрүндө байма-бай эле өтүп турат. Андыктан долбоор кыргызстандык аудитория үчүн деле көп жаңылык болгон жок.

"Бирок коңшу өлкөдөн чоң айырмачылыгы - бул кайнененин образы болуп калды", - дейт гендердик эксперт Гүлбарчын Жумабаева.

Замира Сатыбалдиева (долбоордогу кайнене)

Себеби Кыргызстанда көрсөтүлүп жаткан долбоордо кайнене келинге өз кеңешин берип, тарбиялагандын ордуна, “денемди укалап бер”, “мурда тарбия көрдүң беле?!” деп жумшап, аны урушкан гана терс каармандын ролу ыйгарылып калган.

- Бизде кайнене даанышмандыктын, мээримдүүлүктүн символу болуп эсептелет. Ал эми долбоордо кайнене катуу сөз менен айтканда, "желмогуз" эле болуп калыптыр. Келинине кеңеш бергендин ордуна урушуп жатат. Келинге кымындай да сый жок экен. Муну көргөн аудиторияда эмне деген түшүнүк калыптанарын билбейм.

Мындан улам Кыргызстандагы феминисттер кыймылы теледолбоорду КТРКнын эфиринен алып салуу талабы менен Жогорку Кеңешке чейин кайрылуу жасоого камданууда. Анткен менен Коомдук телерадио азырынча программаны эфирден токтотууга шашылбай турат.

Корпорациянын башкы директору Илим Карыпбеков “Азаттыкка” билдиргендей, коомчулук “Келин” долбоорун эки өңүттө талкуулап жатандыктан, чукул убакытта редакциялык кеңешме өткөрүп, анын чечими менен долбоордун мындан кийинки келечеги аныкталат.

- Программа эфирге чыкпай жатып эле чуу көтөргөндөр пайда болду. Менимче, долбоордун эки-үч берүүсүн көрүп, анализдеп, анан кандайдыр бир кайрылуу жасашса жакшы болмок. Бирок, бул продакшн берүү экенин айта кетейин. Биз бул программаны сатып алабыз. Эгерде коомдук талкуу күч боло турган болсо, анда долбоордон баш тартууга туура келет.

Кыргызстанда жылына 9 миңге чукул аял үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка туш болот. Гендердик эксперттер “Келин” теледолбоору жогорудагы көрсөткүчтүн өсүшүнө гана салым кошушу мүмкүн деп кооптонот. Анткени программа бойго жеткен кыздарга - күйөөсүнүн көңүлүн алуу, кайнененин сөзүн угуу, үй-оокаттарын жасоо өңдүү тарбияны берип, ошол эле учурда келиндердин укугу аз камтылганын айтышат.

Ал эми программанын авторлору келечекте үйлөнүүгө даярданып жаткан эркектер программаны жарык көрүшү мүмкүндүгүн жокко чыгарбайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.