Мыйзам боюнча жетекчини шайлоо механизмдери кандай? Талапкерлерди тандоодо байкоочу кеңеш көз каранды боло алабы? Кайсы бир саясий күчтөрдүн каалоосуна жараша болобу?
“Арай көз чарай” талкуусуна КТРКнын байкоочу кеңешинин төрагасы Жыпар Жекшеев жана Журналисттер союзунун төрагасы Абдыкадыр Султанбаев катышты.
“Азаттык”: Жыпар мырза, КТРКнын башкы директорун тандоо, шайлоонун тегерегинде кызуу талкуу жүрүп жатат. Бул иш-чараны өткөрүүнүн мыйзамдык жол-жобосу, механизмдери кандай болот?
Жыпар Жекшеев: КТРКнын баш директорун шайлоо боюнча ачык сынак “Коомдук телерадио корпорация жөнүндө” мыйзамга, ага негизделген жобого жана регламентке ылайык өтөт.
Бардык эрежелери аталган документтерде ачык, даана жазылган. Жобо боюнча ачык сынак бир ай мурда жарыяланышы керек, аны биз 18-январда жарыялаганбыз, 18-февралга чейин документтерди кабыл алабыз.
Жобого ылайык, сынак төрт баскыч менен өтөт. Талапкерлер 7-8 пункттан турган документти тапшырышы керек. Төрагага арыз жазуудан башка, өзүнүн жогорку билими, соттолбогону, кайсы бир саясий жана диний уюмдарга таандык эместиги ж.б. маалыматтарды бизге бериши керек.
“Азаттык”: Ушул убакка чейин канча талапкер документтерин тапшырды?
Жыпар Жекшеев: Акыркы маалыматтар боюнча төрт талапкерден документтер келип түштү. Жалпы канча талапкер сынакка катыша турган болду? Бул байкоочу кеңештин бардык мүчөлөрүнүн катышуусунда 18-февралда саат 17.00дө конверттер ачылып, ачык жарыя болот. Маалымат каражаттарынын өкүлдөрү ачык күбө болушат, алар аркылуу жалпы элибиз билет.
“Азаттык”: Абдыкадыр мырза, саясий чөйрөдө, социалдык тармакта да КТРКнын баш директорлугуна байланыштуу карама-каршылыктуу кептер көп. Бул кызмат ордуна келүүнүн мыйзамдуу жолу турса да коомчулуктун мынчалык көңүл буруп жаткан себебин сиз эмнеден көрүп жатасыз?
Абдыкадыр Султанбаев: Анын негизги себеби КТРК - Кыргызстандагы бирден-бир таасирдүү маалымат каражаты. Экинчиси - анын маалымат таратуу мейкиндиги, аймагы, мүмкүнчүлүгү башка телеканалдарга караганда алда канча жогору. Кыргызстанда акыркы жылдары болгон эки ыңкылаптын башкы талаптарынан бири - КТРди коомдук телеканал кылып кайра куруу болгону бекеринен эмес.
КТРди коомдук кылуу темасы 2006-жылы эле көтөрүлгөн. Мен КТРК жөнүндө мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууга, байкоочу кеңешти түзүү иштерине активдүү катышкам. Бирок, Курманбек Бакиевдин бийлиги аталган мыйзамга вето койгон. 2007-жылы бийликке каршы митингдердеги, акциялардагы талаптардын кысымы менен гана Бакиев мыйзамга кол коюуга аргасыз болгон. Тилекке каршы, ал мыйзам да иштеген жок.
2008-жылы “Коомдук телерадио корпорациясы жөнүндө” мыйзам жокко чыгарылган. 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн учурунда гана бул мыйзам ишке ашып, коомдук болуп өзгөрдү. Бирок КТРКнын андан кийинки баш директорлору, байкоочу кеңештери мыйзамдын маани-мазмунуна, укуктук ченемдерине жараша иштей алышкан жок. КТРК аты коомдук болгону менен заты коомдук болгон жок. Коомчулуктун КТРКдагы сынак, шайлоого өзгөчө көңүл буруп жатканы - коом телеканалдан чоң өзгөрүүнү күтүп жатат.
Дагы караңыз Байкоочу кеңешти "чайкоо"“Азаттык”: Жыпар мырза, баш директорду шайлоого байланыштуу жободо "Байкоочу кеңеш сынакты ачык жана объективдүү өткөрүү үчүн бардык чараларды көрөт" деп жазылган. Коомчулуктун ишенимине ээ болуш үчүн Байкоочу кеңеш кандай ачык, объективдүү аракеттерди көрөт?
Жыпар Жекшеев: Бардык маалымат каражаттары КТРКнын баш директорун шайлоо сынагынын жүрүшүнө ачык катыша алат, ошондой шарт түзүп жатабыз. Шайлоо процессин толугу менен “Ала-Тоо-24” телеканалынан онлайн форматында көрсөтөбүз. Канча адам катышып жатканын, кандай документтер келгенин, конверттерди кантип ачып жатканыбызды да көрүшсө болот.
Бул сынакка көптөрү кызыкдар, бийлик, башка саясий күчтөр өз талапкеринин өтүшүнө кызыкдар болушу мүмкүн. Байкоочу кеңештин беш мүчөсү президенттин, бешөө парламенттен, дагы бешөө жарандык коомдун квотасы менен келишкен. Алар ким аркылуу келбесин көз каранды эмес, эркин добуш бергенге укуктуу. Бирок 15 мүчөнүн ар кимисинин өз кызыкчылыгы болушу мүмкүн, ар биринин колунан кармай албайбыз.
“Азаттык”: Абдыкадыр мырза, КТРК жетекчилигине татыктуу деп эсептеген адамдарга “Сынакка катышпайсызбы?” десем, “ким болору эбак чечилип калган” деп катышуудан баш тартып жатканын айтышты. Мунун канчалык чындыгы бар, жогорудан басым барбы?
Абдыкадыр Султанбаев: Мындай сөздөр жөн жеринен чыкпайт, буга негиз болгону үчүн айтылып жатат. Мен бул убакытка чейин эки жолу КТРКнын ушундай конкурстарына катышып, алардын кандай өткөнүн билем. Конкурстун өтүү формасында, жобосунда эч чатак жок. Азыр байкоочу кеңештин мүчөлөрүнө ачык түрдө эч ким кысым көрсөтө албайт. Баары добуш берер алдында мүчөлөргө жашыруун “шыбырагандар”, кеңеш берген “буйруктар” башталат, кеп ошондо.
(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.